Шашылыш кабар:

Жогорку сот Жапаровду камакта калтыруу чечимин чыгарды

Июнь 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жогорку сот Жапаровду камакта калтыруу чечимин чыгарды
Кыска кабар
0

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровду шаардык соттун 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды.

Соттук отурумда Жапаровдун жактоочулары жана жабырлануучу Эмилбек Каптагаев аны актоону суранган.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга айыпталып, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен «барымтага алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache