Шашылыш кабар:

Дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына кайсы өлкөнүн лидерлери катышат?

Июнь 13th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына кайсы өлкөнүн лидерлери катышат?
Футбол-2018
0

Эртең, 14-июнда баштала турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын Москва шаарындагы расмий ачылышына 17 өлкөнүн башчылары келет. Бул тууралуу Кремлдиин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Песковдун айтымында, чемпионаттын ачылышы Москвадагы «Лужники» стадионунда өтөт. Анда 17 өлкөнүн президент, өкмөт башчы жана парламент төрагалары катышат.

Маалым болгондой, Орусия президентинин чакыруусу менен келген чет өлкөлүк жогорку даражалуу коноктор негизинен КМШ жана Латын Америка чөлкөмүнөн чакырылган. Ошондой эле көпчүлүк өлкөлөр тарабынан эгемендиги таанылбаган Абхазия жана Түштүк Осетиянын башчылары да катышат. Ал эми Түндүк Кореядан болсо парламенттин төрагасы Ким Ён Нам келээри белгилүү болгон. Европа жана Түндүк Америка континентинен бир да өлкө лидери бул иш-чарага келген жок.

Кошумчалай кетсек, Москвадагы футбол боюнча чемпионаттын ачылышына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache