Шашылыш кабар:

“Коопсуз шаар” долбоору күздө ишке кирет

Июнь 13th, 2018 | by Анара Бакытбекова
“Коопсуз шаар” долбоору күздө ишке кирет
Коом
0

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору күздө ишке кирет. Бул тууралуу парламентте жол коопсуздугу боюнча өкмөттүк саат өтүп жатканда айтылды. Эми долбоорду ишке ашыруу боюнча бир ай ичинде сынак жарыяланат. Күз айларында Бишкек шаарында камералар коюла баштайт.


Өлкөдө «Коопсуз шаар» долбоору алты жылдан бери көтөрүлүп, ишке ашпай келет. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу алкагында көчөлөргө 4 тесттик видеокамера орнотулган. Орнотулган видеокамераларга жолдо жүрүү эрежелеринин 6 түрү боюнча 113 миӊден ашуун тартип бузуу катталган. Бул тууралуу парламентте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүк сааттын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоору күзүндө ишке кирет. Долбоорду ишке ашыруу боюнча бир ай ичинде сынак жарыяланат жана күз айларында  камералар коюла баштайт.

Акылдуу шаар» долбоору 2 этапта ишке ашырылат. Биринчи этабында негизги басымды жол эрежелерин бузуу жана кырсыктарды төмөндөтүүгө басым жасап жатабыз. Биринчи этапта коюлган камералар алты түрдүү жол эрежелерин аныктайт. Линиядан ашып кеткенди, ылдамдык режимин ачуу, кызыл түстө өтүп кетүү, каршы тилкеге чыгуу, жол чиймесиндеги линияларын бузуу, токтоо жана токтотуп туруу эрежелерин бузуу. Муну 14кө чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Долбоор  2018-2019-жылдары Бишкек шаары, Бишкек – Чалдыбар, Бишкек – Кемин сындуу жолдордо ишке кирет. Ал эми 2018-2020-жылдары Ош, Жалал-Абад, Каракол өӊдүү бир катар шаарлар менен жолдор камтылат.

Боронов кошумчалагандай, өкмөт башка өлкөлөрдө киргизилип жаткан долбоорлорду карап чыккан. Алардын ичинен Москва шаарындагы долбоор Кыргызстанга туура келет деп ойлошкон. “Коопсуз шаар” долбооруна мамлекеттен акча жумшалбайт.

-Тышкы инфраструктура, камераларды орнотуу, белгилерди коюу деген жумуштардын баарын сынактан уткан өнөктөш компанияга беребиз. Алар фото, видеофикациядан түшкөн материалдарды бизге сатуу аркылуу пайда табышат. Мамлекет башкаруу системасын өзүбүз даярдап жатабыз. Аны Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” кызматынын алкагында жасайбыз.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Бишкек – Ош автожолунда айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда. Акыркы жылдарда жол кырсыгы он эсеге көбөйүп, 10 жылда 10 миӊден ашык адам каза болгон. Мындай маалыматты уккан эл өкүлү Айнуру Алтыбаева өкүнүчтүү цифралар экенин белгилеп, «Коопсуз шаар» долбоорун өкмөт өзү эртерээк ишке киргизүүсүн талап кылды.

-Он миңден ашык адам жол кырсыгынан каза тааптыр. Бул жүрөктү оорутту. Менин сунушум бар. Сооронбай Шарипович премьер-министр болуп турганда долбоорду мамлекет өзү ишке ашырат деген. Ошондуктан өзүңөр эле аракет кылгыла башка компанияларга бербестен. Дагы туура эмес жумуштар болуп кетпесин, аны кайталабагыла.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өлкөдө жол кырсыгынын көбөйүүсүнө негизги төрт себепти атап берди.

Авариянын болуусуна биринчи себеп бул-жол. Анткени өлкөдөгү көпчүлүк жолдордун абалы талапка жооп бербейт. Экинчиси жарыктык, себеби көп жерлер жарыктандырылган эмес. Үчүнчү себеби айдоочулар күбөлүктү сатып алуусунда болуп жатат. Катталган жол кырсыктардын басымдуу бөлүгүн бир жылдык айдоочу стажы жоктор түзөт. Ал эми төртүнчүсү ички иштер министрлигинин жол тартибин көзөмөлдөө. Мисалы, жаңы салынган Бишкек-Чолпон-Ата жолунда шлагбаумдар орнотулгандан кийин кырсык азайды. Талас облусунда бир көчөгө жарыктык орноткон экен, авария бир топ азайыптыр. Ошондуктан жогоруда аталган жагдайлар негизиги себептер болууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар тарабынан «Коопсуз шаар» долбоорунан «Акылдуу шаар» эмнеси менен айырмаланат деген суроо коюлду. Белгилүү болгондой, «Коопсуз шаар» «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат жана ал анын 10 пайызын түзөөрү айтылды.

Депутат Бакирдин Субанбеков алты жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан долбоор коопсуз мамлекетти түзүп коюуга болоорун белгилеп, баштаган жумушту аягына чыгарууну талап кылды.

Мен ушул улуу трибунада туруп адамдын өлүмү чымындын өлүмүнө айланып баратканын айтып кетемин. Ошондуктан башталган ишти аягына чыгаруубуз керек.

Кошумчалай кетсек, «Коопсуз шаар» боюнча соңку алты жылдын ичинде эки жолу тендер өттү, бирок анын баары чыр-чатак, соттошуу менен коштолуп, бүгүнкү күнгө чейин чекит коюлбай келет. Акыркы жолу кытайлык «Хуавей» компаниясына берилип, бирок келишим жокко чыгарылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache