Шашылыш кабар:

ФИФА футбол боюнча Дүйнөлүк мелдештен 6 миллиард доллар киреше табат

Июнь 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
ФИФА футбол боюнча Дүйнөлүк мелдештен 6 миллиард доллар киреше табат
Дүйнө кабарлары
0

ФИФА Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктан 6 миллиард доллар киреше табат. Бул тууралуу New York Times басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Орусияда эртең баштала турчу Дүйнөлүк чемпиондукта ФИФА рекорддук даражада 6 миллиард доллардан ашык киреше табат. Бул каражат эл аралык футбол федерациясы пландагандан 10 пайызга жогору.

Белгилүү болгондой, 2014-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө биринчилигинде федерация 4 миллиард доллардан ашык каражат тапкан. ФИФА оюндарды чагылдырып берүү укугун саткандан эле 3 миллиарддан ашык киреше тапкан. Мындан сырткары федерация 1 миллиарддан ашык каражатты демөөрчүлүк келишимдерден табат.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Дүйнө биринчилиги Орусияда 14-июнда башталып 15-июлга чейин өтөт. Анда 32 курама команда катышат. Оюндар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо өтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache