Биз менен байланышыңыз

Венесуэладагы кризистен качкандардын саны 4 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 686 | 0

Венесуэланын учурдагы президенти Николас Мадуронун режими учурунда өлкө болуп көрбөгөндөй социалдык-экономикалык кризиске кептелди. Мунун айынан акыркы үч жылда өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 4 миллиондон ашты. Алардын көпчүлүгү Латын Америка жана Кариб бассейниндеги өлкөлөргө барып баш калкалашууда.

Consultores 21  изилдөө компаниясынын маалыматында бул көрсөткүч жылдын аягына чейин 4,6 миллионго жетиши ыктымал. Венесуэланын калынын жалпы саны 31 миллионго барабар.

Мурдагы президент Уго Чавестин учурунда 15 жылда өлкөдөн чыккандардын саны 800 минге жеткен эмес. «Мындай агымдын негизги себеби өлкөдө 2016-жылы башталган гуманитардык кризис болуп саналат. Адамдар тамак-аштын жетишсиздигинен жабыркашууда»,-дейт изилдөөнүн координатору Марк Эрнандес.

Кошумчалай кетсек, Венесуэла узак жылдардан бери экономикалык кризистен чыга албай келет. Эл аралык валюта фондунун билдиришинче 2018-жылга карата өлкөдө инфляциянын денгээли 1 миллион пайызга жетүүсү күтүлөт. Бул 1923-жылы Германиядагы, 2000-жылдардын аягындагы Зимбабведе болгон кризистик абалга окшош.

Серепчилер буга бийликтин абалды көзөмөлгө алууга жетишинче аракет кылбай жатканы жана бардык тармакты каптаган коррупцияны ооздуктай албай жатканын кунөөлөшөт. Мадуронун өзү чет жерлерде үй-бүлөсү менен эс алып, кымбат баалуу мейманканаларда, ресторандарда жүргөн сүрөт, видеолору интернетке байма-бай жарыяланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM