Шашылыш кабар:

Орусияда өтө турган футбол чемпионаты тууралуу кызыктуу фактылар

Июнь 13th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Орусияда өтө турган футбол чемпионаты тууралуу кызыктуу фактылар
Футбол-2018
0
Дүйнөлүк футбол чемпионаты тууралуу кызыктуу фактылар жана цифралар тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды. Анда быйылкы ДЧ-2018дин эң жашы улуу жана кенже футболчулар ж.б тууралуу кызыктуу маалыматтар камтылган.
ФИФА быйылкы Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышуучу команда жана оюнчулардын эң акыркы тизмесин бекитти. Анда 32 катышып, ар бир командада үчтөн дарбазачы жана 20 оюнчу болот.

Эң көп катышкан өлкө

Бразилиянын улуттук футбол курамасы быйыл 21-жолу дүйнөлүк чемпионатка катышууда. Тагыраак айтканда, бир да чемпионатты калтырышкан эмес. Экинчи тизмеде Германия турат. Алардын улуттук курамасы быйыл 19-ирет дүйнөлүк чемпионатта ойношот. Ал эми ушундай эле көрсөткүчкө Италиянын курамасы да жетмек. Бирок, тилекке каршы күтүлбөгөн жерден Италиянын курамасы тандоо турунан өтпөй калып, быйылкы мундиалга келбей калышты. Аргентинанын курамасы болсо быйыл 17-ирет мындай ири футболдук иш-чаранын катышуучусу болууда. Ал эми Орусиянын курама командасы 11-ирет Дүйнөлүк футбол чемпионатына катышуу алдында турат.

Эң көп гол киргизген футболчулар

Быйылкы чемпионатка катыша турган футболчулардын арасынан дүйнөлүк биринчиликте эң көп гол киргизгендерден германиялык Томас Мюллер (10) турат. Андан кийин колумбиялык Хамес Родригес (6), аргентиналык Лионель Месси жана Гонсало Игуаин, австралиялык Тим Кэхилл жана уругвайлык Луис Суарес ( 5). Жалпы дүйнөлүк рекорд азырынча германиялык футболчу Мирослав Клозеге таандык. Ал дүйнөлүк футбол чемпионаттарында  эң көп (16) гол киргизген.

Эң улуу футболчулар

Жашы боюнча эң улуу командалардын катарында Панама (орточо 29,6 жаш), Коста-Рика (29,6)  жана Мексик (29,4) турат.

Египеттик  Эссам эль-Хадари бул турнирдин, дегеле футбол тарыхындагы эң жашы улуу дарбазачы болуусу мүмкүн. Анткени ал турнирдин башталышы менен 45 жашка толот. Азыркы тапта бул рекорд колумбиялык Фарид Мондрагонго таандык. Ал 2014-жылы Бразилияда өткөн оюндарда 43 жашында катышкан.

Ал эми оюн тааласындагы оюнчулардын арасынан мексикалык Рафаэль Маркес (39 жаш) эң жашы улуу футболист болмокчу. Маркестин карьерасында бул чемпионат бешинчи болуп саналат. Ал эми италиялык Жанлуиджи Буффон (1998–2014) бул ирет катышканда дүйнөлүк рекордду жаңыламак. Анткени ал алтынчы ирет дүйнөлүк биринчиликте ойногон футболчу болору айтылган. Тилекке каршы, жогоруда айтылгандай, Италиянын курамасы быйылкы мундиалга келбей калды.

Эң жаш футболчулар

Орусияда өтүп жаткан чемпионатка катышып жаткандардын баарынын жашы 18ге толгон. Эң жашы 19 жаштагы австралиялык оюнчу Даниэль Арзани. Ошондой эле 20 жашка чыга электердин катарын франциялык Килиан Мбаппе, англиялык Трент Александер-Арнольд, марокколук Ашраф Хакими, нигериялык Фрэнсис Узохо, панамалык Хосе Луис Родригес жана сенегалдык Мусса Ваге толуктайт.

Эң бою узун жана кыска футболчулар

Бул турнирде бою эки метрден ашкан эки гана оюнчу бар. Алар хорватиялык дарбазачы Ловр Калинич (201 см) жана даниялык коргоочу Янник Вестергорд (200 см). Ал эми бою эң кичине оюнчулар швейцариялык Жердан Шакири (165 см), саудиялык Аль-Шери Яхья жана панамалык Альберто Кинтеро.

Ошондой эле турнирдеги эң оор салмактуу футболчу Панама курамасынын оюнчусу 99 кг салмактагы  Роман Торрес. Эң жеңил салмактагы оюнчулар болсо мексикалык Хавьер Акино, япониялык Такаси Инуи жана марокколук Мбарк Буссуфа (баары 59 кг).

Белгилүү клубдардын оюнчулары цифра менен:

Англиянын «Манчестер Сити» футбол клубунун— 16 оюнчусу бул мундиалда катышууда. Испаниялык «Реалдын» 15 футболчусу, «Барселонанын» 14, франциялык  «Пари Сен-Жермен», англиялык «Тоттенхэм» жана «Челси» клубдарынын ар биринин 12ден оюнчусу Орусиядагы дүйнөлүк биринчиликке катышуу үчүн келишкен.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache