Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Атамбаев катасын мойнуна албаганына, жыйынтык чыгарбаганына өкүндүм

Пикирлер | 20 Ноя 2018 | 1003 | 0

Кыргызстанда өз катасын мойнуна алып, кечирим сураган саясатчы жок. Мындай оюн укук коргоочу Рита Карасартова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Ал Атамбаевдин учурунда дайындалган соттор учурда айып тагылып, камалып жатканын, Ички иштер министрлигинде, Башкы прокуратурада эч кандай реформа жүрбөгөнүн айтты.

-Электрондук өкмөт болобуз деп биометрикалык каттоону киргизип, “бардык мамлекеттик кызматтар ушуга байланат” дедик. Иш жүзүндө азыр баягы эле ыкма уланып жатат. Биз биометриканы бир гана шайлоого эле колдонуп калдык.

Ага Атамбаевдин өзүнүн күнөөлөрүн мойнуна албаганы, андан жыйынтык чыгарбаганы өкүнүчтүү болгонун да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM