Шашылыш кабар:

Трамп: Ким Чен Ын эр жүрөк инсан экен

Июнь 13th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Трамп: Ким Чен Ын эр жүрөк инсан экен
Дүйнө кабарлары
0

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери менен болгон жолугушуусунун таасирлери тууралуу Твиттер баракчасына жазды.

Анда Трамп, «Түндүк Кореяны ядролук куралсыздандыруу боюнча өтө чоң өзгөрүүлөргө жетишилди»-деп билдирген. Ошондой эле жолугушуунун натыйжасында Түндүк Кореяда камакта жаткан америкалык жарандар өз үйүнө кайтарылмай болгон.

Мындан сырткары Трамп Ким Чен Ын тууралуу да жазып, аны өз өлкөсүн өнүктүрүүгө тарыхый кадам таштаган «эр жүрөк инсан»-деп атады. Ошондой эле тарыхта Ким сыяктуу эр жүрөк инсандар гана согушту токтото ала тургандыгын кошумчалаган.

Маалым болгондой, кечээ 12-июнда АКШ менен Түндүк Корея лидерлери Сингапурда жолугуп, ядролук куралсыздануу боюнча документке кол койгон. Бул жолугушуу тарыхый окуя деп бааланды. Анткени өткөн кылымдагы Корей жарым аралындагы согуштан бери эки өлкө лидерлери жолугуша элек болчу.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache