Шашылыш кабар:

Ташкенттин имам-хатиби Анвар кары Турсунов каза болду

Июнь 13th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Ташкенттин имам-хатиби Анвар кары Турсунов каза болду
Дүйнө кабарлары
0

Өзбекстандын Ташкен шаарынын башкы имам-хатиби Анвар кары Турсунов каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматта, Анвар кары Турсунов бүгүн 13-июнда таң эрте каза болгону айтылат. Буга чейин Турсунов апрель айында микроинсультка кабылып, абалы оор экени айтылган болчу. Ал эки айдай комада жаткан.

Белгилей кетсек, Анвар кары Турсунов 60 жашта болчу. Ал бир гана Өзбекстанда эмес, Борбор Азияга таанымал дин аалымдарынын бири болгон. Турсунов Куран китебинин алгачкы өзбек тилине которулуусуна жетекчилик кылган.

Кошумчалай кетсек, Анвар кары Турсуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн аср намазынан кийин Ташкенттеги «Минор» мечитинде өтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache