Шашылыш кабар:

Депутат Нурлан Кадыкеев (Макеев) көз жумду

Июнь 13th, 2018 | by Бахар Хакимова
Депутат Нурлан Кадыкеев (Макеев) көз жумду
Кыска кабар
0

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Нурлан Кадыкеев көз жумду. Бул тууралуу депутаттын жакындары “Марал” радиосуна билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эл өкүлү Түркиянын Стамбул шаарындагы ооруканалардын бирине жүрөгүн дарылатуу боюнча кайрылган, бирок жасалган аракеттерге карабай 12-июнда каза болду.

48 жаштагы Нурлан Кадыкеев Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча, 2007-жылы Өкмөткө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны “финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1988-жылы Кочкор районундагы “Кочкорка” ЭОГПЗында автослесарь болуп иштөө менен баштаган.

1997-2000-жылдары Бажы иштери боюнча “Туркуаз” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

2000-2001-жылдары “Дамла-Транс ЛТД” ЖЧКсында башкы директор;

2001-жылдан 2002-жылга чейин Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмүндө оперуполномоченный болуп иштеген.

2004-жылдан Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Бишкек бажы ЖТКнын начальнигинин орун басары болуп дайындалган. Ошол жылдын сентябрынан 2005-жылга чейин Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Кара-Балта бажы ЖТКнын начальнигинин орун басары болуп дайындалган.

2005-жылдан 2010-жылга дейре “Манас” бажыканасынын начальниги.

2015-жылдын 4-октябрында  “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган. Ал Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү болгон.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Белгилей кетсек, бир ай мурун эл өкүлү Нурлан Макеев фамилиясын Кадыкеев деп өзгөрткөн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache