Шашылыш кабар:

Мегаком: Компаниянын башчысы 800 эмес, 300 миң сом айлык алат

Июнь 12th, 2018 | by Канай Анаркулов
Мегаком: Компаниянын башчысы 800 эмес, 300 миң сом айлык алат
коом
0

«Мегаком» уюлдук байланыш компаниясынын жетекчиси Азат Базаркуловдун 700-800 миң сом айлык алаарын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов айтып чыккан. Эл өкүлү мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин айлык маяналары боюнча маселелерди карап чыгууга комитеттин ичинде атайын убактылуу комиссия түзүүнү сунуштап, сунуш колдоо тапкан.  Бирок аталган компания бул айыптоолорду четке кагууда. Мына ушул тууралуу мекеменин коомчулук менен байланышуу жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жумгал Өмүрканов суроолорубузга жооп берди.

Жетекчи Азат Базаркуловдун 700-800 миң сом айлык алаары тууралуу маалыматтын канчалык чындыгы бар?

Биздин компаниянын башкы директору азыркы учурда Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып жаткан сандан 2-3 эсе аз айлык алат. Депутаттардын айтып жатканы бир аз туура эмес.

Сыр болбосо канча? Так эле айтып койбойсузбу?

Айтылып жаткан 700-800 миң сомду алсак, аны болжолдуу 2-3 эсеге аз деп айтпадымбы. Ошондо биздин болжолдуу эсептөөлөр боюнча 285-300 миң сомдун тегерегинде маяна алат.

Анда мындай маалыматтар кайдан келип жатат?

Ооба, парламент депутаттары дагы бул маалыматты оюнан чыгарып айтып койгон жок. Буга чейин компаниянын жарымы мамлекеттик эмес кезде ошондой айлык болгон. Кийин 2014-жылы бул ишкана толугу менен мамлекетке өткөн. Ошондо мамлекет тарабынан жетекчинин айлыгы каралып чыгып, жогоруда аталган сан коюлган.

Бул маселе боюнча Депутаттык комиссия түзүлбөдүбү. Депутаттардан, укук коргоо органдарынан Текшерүүлөр же кайрылуулар болуп жатабы?

Биз мамлекеттик мекеме болгондуктан, мыйзамда уруксат берилген жолдор менен каалагандай текшерүүгө мүмкүнчүлүк бар. Сураган маалыматты да берүүгө даярбыз. Мендеги маалыматтар боюнча, биздин каржы тармагыбызга кайрылуу түшкөн. Азырынча башка маалымат жок.

Мындан тышкары жетекчиге телефондук чыгымдары үчүн эле бюджеттен ай сайын 50 миң сом бөлүнөөрү айтылып, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан эле. Буга кандай түшүндүрмө бересиз?

Бул туура эмес малымат.  Ал каражат ошол Мамлекеттик мүлктүн короткон акчасы, документке жетекчиликтин аты менен жазылган.

Ошондо коомчулукка туура эмес маалыматтар кетип жатат экен да. Буга кандайдыр бир чара көрөсүздөрбү?

Жок, биз өзүбүзгө өзүбүз чара деле көрбөйбүз. Болгону Жалпыга маалымдоо каражаттары ошол эле маалымат таратып жаткан башка жарандар алгач маалыматтын аныктыгын тактап алып, анан коомчулукка кайрылса деген гана кайрылуум бар.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache