Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Азыр парламентте Текебаевдин жоктугу билинүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Ноя 2018 | 683 | 0

Жогорку Кеңеш шайлоочулардын оюн пикирин айтууга тийиш. Бирок азыр Өмүрбек Текебаевдин жоктугун көрүп калдык. Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Леонид Маевскийдин кармалышы Текебаевдин ишине таасир этет.

«Саясий куугунтук менен камалгандардын ишин дагы кайра карап, туура жыйынтык чыгарыш керек», — дейт Бешимов.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Өмүрбек Текебаев менен мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинде негизги күбө катары эсептелген орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын мурунку депутаты Леонид Маевский камакка алынган.

Маевский 2010-жылы «Мегаком» ишканасын сатып алуу  үчүн Текебаевге 1 млн доллар бергенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул даттануу Текебаевге айып тагууга негиз болгон. Жыйынтыгында, Текебаев менен Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке чегерилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM