Шашылыш кабар:

Башаламан тамак-аш саткандарды ким тыят?

Июнь 12th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Башаламан тамак-аш саткандарды ким тыят?
Ден соолук
0

Бишкекте бир үй-бүлөнүн ичинде 4 киши тамак-ашка ууланып, ооруканага жаткырылган. Маалыматка ылайык, уулангандар базардан сертификаты жок жерден лагмандын камырын алып, тамак жасап жешкен. Санитардык дарыгерлердин айтымында мындай көрүнүштөр жайдын келишими менен көбөйөт.

Негизи базарларда уруксаты жок, санитардык талапка жооп бербей, башаламан тамак-аш саткандарды ким тыя алат?


Сыртта аба ырайы 30 градуска чейин ысып жатса да, ачык абада, эч кандай санитардык нормалар сакталбай тамак-аш сатып оокат кылгандар көп эле. Буга чейин тамактан уулануу катталса да, аларга тыюу салып, таптакыр жоготууга мыйзам жол бербей келет дешет санитардык дарыгерлер. Ал эми шаар тургундары төмөндөгүдөй пикирде:

-Тиричилик кылып жатышат да, шарт түзүп берип коюшса болмок

-Билбейм кантип жешет. Ошону жеп жаткандарга рахмат

-Көчөлөрдө коюп алып сатышат, чаң, кир. Оорунун баары ушундан пайда болот да.

Республикалык инфекциялык оорукананын маалыматы боюнча жаз-жай мезгилинде уулануу, ичеги-карын оорулары кескин көбөйөт. Оорукананын директору Гүлжигит Алиевдин маалыматы боюнча 1 күндүн ичинде 200дөй бейтап кайрылган. Алардын көпчүлүгү санитардык абалды сактабай тамактануудан келип чыгат.

-Бүгүнкү күндө биздин ооруканадагы 4 бөлүмдө, 115 киши ичеги-карын оорулары менен дарыланып жатышат. Бир сутканын ичинде 286 киши кайрылган. Алардын ичинен 85 киши ооруканага жаткырылган. 85 кишинин ичинен 23 киши ичеги-карын оорулары менен жатышты.

Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борбору ооруларды алдын алуу үчүн көчөдө жайып саткан тамак-аштарды сатууга тыюу сала албайт. Ага мыйзам жол бербейт. Планга жараша акимияттар менен гана рейдге чыкпаса, көчөдө тамак-саткандарга өз алдынча текшерип, тыюу салганга укугу жок. Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Мухамад Мурзашовдун айтымында, эгерде өз алдынча текшерилип, алып салууга аракет жасалса, мыйзамдын алдында сатуучунун укугун тебелегендикке барабар. Ошондуктан бул багытта мыйзамга өзгөртүүлөр керек.

-Мыйзам алдында биздин укугубуз жок. Эгерде ашкана же ресторан болсо, маалым болгондой текшерүү үчүн алдын ала кабар берилет. Анын үстүнө булар көчүп, коляскага салып алып сатышкандыктан, кандайча тыюу салуу керек ал башка маселе. Биз акимияттар менен рейдге чыкканда гана убактылуу кууп салабыз. Бирок алар кайра эле сата беришет. Буларды таптакыр жоюу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек же аларга шарт түзүү зарыл.

Санитардык талапка ылайык, бышырылган тамактарды 4-5 саат сактоого болот. Салаттар 3 саатка чейин, даяр тамак-аштар муздаткычта туруусу абзел.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache