Шашылыш кабар:

Балдардын оор жумушка тартылуусуна жакындары себепкер

Балдардын оор жумушка тартылуусуна жакындары себепкер
Коом
0

Бүгүн 12-июнь балдардын эмгегин колдонууга каршы эл аралык күн. Бул күн дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде  белгиленип келет. Кыргызстандагы абалга келсек, оор жумушка тартылган  балдардын саны дагы деле арбын.

Бул тапкан акчама кийим-кече алам. Анан бир айлык батирдин акысы үчүн берем;

-Мен бул жерде 12:00 чейин гана соода кылам. Күнү бою иштебейм!

Бул Бишкектеги базарларда иштеген окуучулар. Азыр жайкы эс алуу мезгили башталгандыктан оор жумуштарга тартылган балдардын саны дароо көбөйгөнү байкала түштү. Күнүмдүк оокат үчүн, балдардын эмгеги колдонуулууда. Ушул жылдын биринчи кварталында эле 37 жашы жете элек бала иштеп жүргөнү аныкталган. Анын үчөөсү оор жумуштарга тартылганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова айтып берди. Бирок бул реалдуу көрсөткүч эмес.

Быйылкы жылдын I кварталында жумушка тартылган 37 бала аныкталды. Анын үчөө эмгектин оор формасы менен тартылды деп белгиледик. Бирок бул реалдуу абалды белгилебейт. Ошондуктан дагы көп иш чараларды алып барышыбыз керек. Тилекке каршы бүгүнкү күнү бул багытта канчалаган иш чаралар жасалганы менен  күндө дагы деле балдар эмгекке тартылып жатат. Эң өкүнүчтүүсү эмгектин эң оор формасына тартылган учурлар дагы деле кездешип жатат.    

Ушундан улам, бир канча эл аралык уюмдардын конвенциялары кабыл алынып жатат. Кыргызстанда жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча балдардын көпчүлүгү айыл чарбасында иштешет. Андан соң соода, курулуш тармактарында жаштыгына карабай эмгектенишкен балдар бар. Айрым учурда газды толтуруп берүү, кыш куюу сындуу иштерге тартылып жатат.

Буга көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн социалдык турмушунун начар акыбалы түртүп, ата-энелер балдарын оор жумуштарга өздөрү алып барууда. Ошондуктан көп учурда жүргүзүлгөн рейддерден натыйжа чыкпай калып жатканын Мамэкотехинспекциянын эмгекти коргоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиев белгилейт.

Эмгек кодекси эң жогору турат. Ошондо дүйнөдө  эмгек инспекторлору күнү-түнү текшерүүлөрдү жүргүзсө болот деп жазылып турат. Себеби биз ошол жерде иштеген адамдардын ден соолугун, аман-эсендигин карайбыз. Ошондуктан 10 күн мурда эскертүү берип текшерсин деген тартипти бизден алып ташташ керек.

Экинчиден техникалык инспекторлор оор жумуштарды жүргөн балдарды аныктап чыкканга тартылган эмес. Бирок бала кандай жумушта иштеп жаткандыгына социалдык кызматкерлер эмес, инспекторлор туура жана так маалымат бере турганына Эл аралык эмгек уюмунун улуттук координатору  Амина Курбанова  токтолду.

Эмгек боюнча техникалык инспектор — бул балдардын кандай жумушта жүргөнүн так анализ кыла алган адам. Чындыгында баланын оор же жеңил жумушта жүргөнүн сиздер билесиздер. Сиздерчелик социалдык кызматкер жумушун алып бара албайт. 14 жаштагы бала соодада жүргөн болсо, ал  төрт гана саат иштейт деп маани бербей коюшу мүмкүн. Болбосо бала кесүүчү инструменттерди сатып жатат. Бул жагынан баланын коопсуздугу каралбай калып жатат.

Бүгүнкү күнү жашы жете элек канча бала жумушка тартылганы боюнча так маалымат жок. Себеби көпчүлүгү ата-энеси тараптан демилгеленип жаткандыктан ачыкталбайт жана айып дагы салынбайт.    

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache