Шашылыш кабар:

Жээнбековдун Кытайга болгон сапарынын жыйынтыгы

Жээнбековдун Кытайга болгон сапарынын жыйынтыгы
Экономика
0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары менен Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жыйынтыктары боюнча маалымат берилди.

Сооронбай Жээнбеков 6-8-июнь күндөрү Кытайга болгон мамлекеттик сапарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин баш болгон аталган өлкөнүн бир катар жетекчилери менен жолукту. Визиттин алкагында экономикалык, социалдык, маданий тармактагы 10 документке кол коюлду. Президент менен Кытайга барган делегациянын мүчөсү, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Жээнбековдун Кытай сапарын «ийгиликтүү болду», — деп баалады.

— КРнын президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун алгачкы Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгын ийгиликтүү деп бааласак болот. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн жетекчилери достук жана шериктештик мамиле дагы бир кыйла жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп кетти. Эки өлкөнүн президенттери кол коюлган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация өзгөчө мааниге ээ деп айтсак болот.

Сооронбай Жээнбеков сапар алкагында Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз гранттык негизде 600 миллион юань берүү боюнча макулдашууга жетишти. Маалымат боюнча бул каражат кыргыз тарапка 2020-жылдан баштап бериле баштайт. Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кытай бөлүп жаткан акчалар кайсы иштерге жумшаларын айтып, аларды тизмектеп өттү.

— Акча төрт багытка кетет. Ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана жабдылоо, илимий инновациялык айыл чарба технопаркын куруу, Бишкектин жолдорун жакшыртуу боюнча 3-фазаны ишке ашыруу жана Археологиялык эстеликтерди реставрациялоо.     

Андан сырктары Кытай жардам иретинде Кыргызстанга эки «Мобилдүү оорукана» берет. Ошондой эле таза суу менен аймактарды камсыздоого кайтарымсыз 100 млн доллар бөлөөрү белгилүү болду. Ал эми кыргыз тарап Кытайга мал чарба продукцияларын экспорттоонуу көздөп жатканын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов кабарлады.

— Койдун, уйдун этин жана алардын ички эттерин (субпродукты), кургатылган сүттү, балды экспорттоо боюнча протоколдор даярдалып жатат. Азыр долбоорлорду иштеп чыгып жатабыз жана аны Кытай тарапка жиберебиз. Эгер ага кол коюлуп калса аталган продукцияларды экспорттоого жол ачылат.

Эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган документтердин ичинде «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн куруу жана пайдалануу боюнча дагы келишим бар.  Эки мамлекеттин өкмөттөрү бул долбоорго 2013-жылы кол коюп, бул жолу ага өзгөртүүлөр киргизилди. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Уланбек Рыскулов аталган проекттин мөөнөтү жана андан түшчү каражат боюнча буларга токтолду.

— Кытай тарап 2019-жылы газ куурунун курулушун баштайт. Ал 2021-жылы аяктап, 2022-жылы ишке кирет. Ал газ кууру Кыргызстан аркылуу өткөндүктөн салык төлөнөт. Эки тараптуу келишимге ылайык ал газ кууру толук кубаттуулук менен иштегенден кийин Кыргызстанга жалпы 2,5 млрд доллардан ашык каражат бюджетке түшөт. 

Президент Жээнбеков кытай тарапка Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен заводду ачууну дагы сунуштаган. Кытай бийлиги бул сунушту карап чыгаарын билдирген эле. Сооронбай Жээнбеков Кытай сапарынан кийин ШКУнун кезектеги саммитине катышты. Жыйынтыгында Кыргызстан аталган уюмдун кийинки жыйынына төрагалык кылууну Кытайдан өткөрүп алды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache