Шашылыш кабар:

Тармактык комитет өкмөттүн отчётун эске алды

Июнь 12th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Тармактык комитет өкмөттүн отчётун эске алды
Саясат
0

Бүгүн Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши тууралуу отчётун укту. Отурумда депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасап,  аткарылган жана ишке ашпай калган иштер тууралуу айтты. Ага ылайык, экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында камсыздалып, өнөр жай тармагында да чыныгы өсүү байкалган. Аталган комитет өкмөттүн өткөн жылдагы ишинин отчётун эске алды.


Буга чейин өкмөттү Сапар Исаков жетектеп турганда 2017-жылы аткарылган иштер тууралуу отчётту Жогорку Кеңештеги 6 фракция жана сегиз комитетте уккан. Анда «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары өкмөттүн бир жылдык ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан. Мындан улам Исаков жетектеген өкмөттүн курамы отставкага кеткен. Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде отчёт каралган эмес. Мындан улам азыркы иштеп жаткан өкмөт өткөн жылы аткарылган иштер боюнча аталган комитетте отчёт берди.

Комитет отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жылы аткарылган иштер боюнча учкай маалымат берип, аймактарды өнүктүрүү чаралары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, «Капиталдык салымдар» 2017-жылы 8,6 млрд сомго каржыланган. Ага 76 билим берүү мекемелери салынды, анын ичинен 18 мектеп жаңы курулду. Бир жылдын ичинде 6 жаңы медициналык мекеме курулуп, 4 оорукана ремонттон өткөрүлдү.  Автожолдорду курууга жана оңдоого 4,4 млрд сом бөлүнүп, ага 345 чакырым жол асфальттанды.

Ирригацияны өнүктүрүүгө былтыр 550 млн сом каражат каралып, 1 085 га жер суу менен камсыз болгон. 500 га  жаңы сугат жер жаралып, 100 га тамчылатып суугарууга кошулду. Ал эми  «Айыл чарбаны каржылоо багытында – 5» (ФСХ-5) долбоору ишке ашырылды, анын алкагында 15 миң товар өндүрүүчүгө 6,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыялар берилген. Ошондой эле Экспортко багытталган ишканаларды колдоонун 1-фазасы ишке ашырылып, 1,2 млрд сомго 93 долбоор каржыланды. 2017-жылы экономикалык өсүү 4,6%ды түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1 %га ашты. Мында ИДП 521 млрд сомду түздү. Экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында камсыздалды, ал эми өнөр жайдагы чыныгы өсүү 11,5%ды түздү.

Мындан тышкары, мамлекеттик лизинг долбоору боюнча 530 млн сомдун тегерегиндеги каражатка 363 даана ар кандай айыл чарба техникасы лизингге берилгенин өкмөт башчы Абылгазиев кошумчалады.

-Бул 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча Программаны ишке ашыруунун алкагында 24 машина-трактордук станция ачууну шарттады. Мындан тышкары  2017-жылы кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 311 млн АКШ долларына 823 долбоор жактырылды.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Мыктыбек Абдылдаев буга чейин өкмөттүн өткөн жылы аткарылган иштер боюнча мурунку премьер-министр отчет бергенин эске салып, кайра маалымат берүүнү максаты эмнеде деп тактады.

Азыркы өкмөттүн отчет берүүсүнүн максаты эмне? Буга чейинки премьер-министрдин отчетун жактырбай отставкага кетирдик. Ошондо сиздин максатыңыз эмне?

Өкмөттүн маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстан сырттан  337 миллион доллар карыз алган. Мындан улам Депутат Исхак Масалиев сырттан алынган насыялардын максаттуу багытталышына басым жасап, карыз алуу – бул жетишкендик эмес деди. Ал алынган карыздар эмнеге сарпталганына кызыкты.

Былтыр өкмөткө 2 ирет «начар» деген баа койгонбуз. Биз кемчиликтерди белгилеп кетишибиз керек. Болбосо «эмнеге мурунку премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөттүңөр?» деп айтышат да. Мен премьер-министрдин отчётун кабыл алууда ушул маселени да эске алууну сунуштайм.

Өз кезегинде каржы министри Адылбек Касымалиев алынган насыялар кайсы тармакка жумшалганын төмөндөгүчө түшүндүрдү:

Туура, 2017-жылы 337 миллион доллар карыз алганбыз. Негизинен алынган каражаттар ирригация, жол жана энергетика тармагына сарпталды.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева Абылгазиевге өкмөттү оптималдаштыруу маселесин аныктап, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында парламенттин кароосуна алып келүүсүн талап кылды.

-Буга чейин өкмөткө оптимизациялоо боюнча тапшырма берилген. Ошол маселени силер 1-сентябрда Жогорку Кеңешке алып келгиле.

Талкуу соңунда бир катар эл өкүлдөрү премьер-министр Абылгазиев өкмөттүн мурдагы башчыларынын отчетун берип жаткандыгын билдиришип, сынга алды. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган отчётту Жогорку Кеңештин кароосуна жолдоо чечимин кабыл алышты.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache