Шашылыш кабар:

Нышанов: Ашыкча текшерүүлөр айыл өкмөттөрүн сыздатты

Июнь 11th, 2018 | by Бахар Хакимова
Нышанов: Ашыкча текшерүүлөр айыл өкмөттөрүн сыздатты
Күн чекит
0

2016-жылы Эсептөө палатасы 310 айыл өкмөтүнө аудит жүргүзүп, 84 млн сом финансылык мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинде мекеменин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттөрүндөгү каржылык мыйзам бузуулардын алкагында кылмыш иштери да ачылды. Бирок бул кандай багытта ачылган иштер? Айыл өкмөттөрүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитинин мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов Күн чекит” программасына маек курду.

Марал: Эсептөө палатасы 300дөй айыл өкмөтүнө текшерүү жүргүзгөн экен. Кылмыш иштери да ачылган деп жатат. Сиздер сурадыңыздарбы, бул кайсы багыттагы текшерүүлөр?

Ар бир текшерүү айыл өкмөттөрүнүн ишин 30-40 пайыз артка тартат

Сайдулла Нышанов: Айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгүнүн эсептөөчүлөрүнүн билим деңгээли начарлап кетти, себеби жакшы бухгалтерлердин көбү айлыктын аздыгынан иштебей коюшту. Экинчиден, айыл өкмөттөрүн текшерүүчү органдарга райондук борборлорго сурак берүүгө каттап жүрүп жадап бүтүштү. Ошондуктан алардын 90 пайызынын маңызы жок болууда. Эгерде уурулук болуп, бюджеттеги акчаны туура эмес колдонуп, же ашыкча сарптап коюшса бул башка иш. Бирок булар кээде майда иштер үчүн деле мыйзам бузуу деп текшерүүгө алына берет. Бул себептен улам айыл өкмөттөрүнүн ишине текшерүүчү органдар тоскоолдук жаратпай, тескерисинче көмөктөшүүчү орган болушу керек деп айтып жатабыз. Мисалы, ар бир текшерүү айыл өкмөттөрүнүн ишин 30-40 пайыз артка тартат.

Марал: Мыйзам бузууларга барган айыл өкмөттөрүнө кандай чара каралган?

Текшерүүчү органдар дотацияда отурган айыл өкмөттөрүнөн акча өндүрүп жатышат

Сайдулла Нышанов: Текшерүүдө айыл өкмөттөрүнөн акча алынат экен. Акчаны өздөрү сунуштап беришпесе, сөзсүз бир нерселерди таап чыгып, жазып баары бир алышат экен. Мисалы, Базар-Коргон районунун дотацияда отурган бир айыл өкмөтүнөн 100 миң сом өндүрүшүптүр, башка чоң айылдардан андан да чоң суммаларды алышат экен. Бул маселени бүгүн тармактык комитетте мен козгодум. Муну Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аягына чыгарат деп ойлойм.

Жаңы дайындалган Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов быйыл айыл өкмөттөрүн баарын текшергенди токтотобуз деген эле, бирок бүгүн эле Жалал-Абад облусунан кайрылышты, токойчуларды да пландык түрдө деп текшерүүгө ала башташыптыр. Мен бул боюнча Баш прокурорго кайрылайын деп жатам.

Марал: Негизи аларды текшерүү кандай негизде жүргүзүлүшү керек?

Айыл өкмөттөрүнүн өнүгүшүнө жардам берүү керек

Сайдулла Нышанов: Эсептөө палатасы да Башкы прокуратура да пландык түрдө деп эле текшерүүгө барышат. Азыр айыл өкмөттөрү эмне үчүн дотациядан чыга албай жатышат? Анткени алар туш тараптан укуктары чектелген. Мисалы, бюджетинен кызматтык унаа үчүн 20 миң сомду алса, аны текшерүүчү органдар 200 миң сом деп көбөйтүшөт, иш козгойбуз деп коркутушат. Андан тышкары, эски машинелерге деп жылына 70 миң сом бөлүнөт, бирок базар экономикасында жашап жатканда булардын колдорун байлабай тескерисинче жардам беришибиз керек.

Марал: Ашыкча текшерүүлөрдү кандай жол менен токтотсо болот?

Текшерүүчү органдарды ачыкка чыгарып жаза бериш керек

Сайдулла Нышанов: Эл өкүлдөрү айтып эле жатабыз, бирок бири-бирин жаап-жашырып чара көрүлбөй жатат. Эгерде эки инспекторду, же бир аудиторду, же ошол прокуратуранын 5 кызматкерин жалпы өлкөгө жарыялап, олуттуу жаза берсе калганы ордуна келип калат. Мына азыр Бишкек жылуулук борборундагы коррупциялык иштер ачыкка чыккандан кийин министрлер документтерде бир тамга ката болуп калса да кол койбой абайлап калышты. Бул биздин коомдун жаңы деңгээлге жеткенинин белгиси. Азыр парламенттик башкарууга өтүп, эч кимди эч ким коргой албай калгандыктан уурулуктун бети ачылып жатат. Бишкек ЖЭБи, Тарых музейинен тышкары мурунтан эле бюджетти четтен жеп жүрүшкөн экен, анын баары эми ачылып жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache