Шашылыш кабар:

Лейлекте өзгөчө кырдаал жарыяланды

Июнь 11th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Лейлекте өзгөчө кырдаал жарыяланды
Коом
0

Лейлек районунда катталган селге байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилди. 9-июнда катуу жааган жамгырдан улам пайда болгон сел, 15тей турак-үйдү, 60тан ашык короону зыянга учураткан. Жергиликтүүлөрдүн айтымында суу агызып кеткен эгиндин болжолдуу чыгымы 4-5 миллион сомду чапчыйт.


Лейлек районунда сел 60тан ашык короону агызып, 15ке жакын турак-үйгө зыян тийгизди. Учурда аталган райондо өзгөчө кырдаал киргизилген. Маалыматка ылайык, сел Лейлек, Катраң айыл өкмөттөрүндө жүргөн. Лейлек айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Асан Исаковдун айтымында 100дөн ашык үй-бүлөнүн эгинин сел агызып кеткен.

Кара-Суу айылында 14 чакырым арык бар. Анын баарын агызып кетти. Ошондой эле, 12 чакырым ички жолдор бар. Алардын баары да жараксыз абалга келди. Азыркы учурда бул жолдон жөө басууга гана болот. Ал эми авто унаалар жүрө албайт. Ошону менен бирге 2 көпүрөнү жана 100гө жакын адамдын эгин талааларын да агызып кеткен. Ошондо ар бир үй-бүлөнүн 10 сотыхтан жерин сел алып кеткен болсо, бул 10 гектар жер аянтын түзөт. Эсептей турган болсок ар бир үй-бүлө 20 тоннадан түшүм алышса, чыгым 200 тонна картошка. Ошондо биз орточо эсеп менен 4 млн сом чыгаша тартып жатабыз.

Алдын ала маалыматтар боюнча зыянга учураган үйлөр жайгашкан аймактардын айрым жерлери буга чейин кооптуу аймак деп айтылган. Айрымдарына жер да бөлүнүп берилген. Айыл сайдын ортосунда жайгашкандыктан сел бул сапар агызып кеткен. Буга чейин мындай суу каптаган эмес деген айыл тургундары тобокелге салып, көчпөй келишкен. Мисалы, Кара-Суу айылынын тургуну Идрис Бөрүбаевге жер бөлүнүп берилген. Бирок үйү бүтө электигине байланыштуу жашап жүргөн.

Мурда эч качан мындай чоң сел жүргөн эмес. Азыр болсо кичинекей сайлардан да сел агып, короо жайларды басып, үйлөрдү да каптап калган. Бизге үй салууга башка жактан жер тилкелери берилген, болгону азыр ал үйлөрүбүз толугу менен бүтө элек, буюрса жакын аранын ичинде конушубузду которуп кетебиз. Учурда мурда жашаган жерлерин таштап кете албай жаткан тургундарыбыз да жок эмес.

Сел жүргөн аймак кооптуу делип, көчүрүү тапшырмасы берилсе да көчпөй жургөн үй-бүлөлөр бул айылда аз эмес. Бирок арасында жер трансформация боло элек деп, айыл өкмөткө кайрылса  да жер берилбейт деп үмүтүн үзгөндөр бар. Маселен, Мухтар Рахмановдор 3 баласынын үй-бүлөсү менен бир үйдө жашашат. Азыр алардын короосуна да суу кирген. Бирок жер берет дегенден үмүтүн үзгөн. Өзү да барган эмес.

Чынын айтканда көчүп кеткибиз келбейт. Анын үстүнө жер десең эле, жер трансформация боло элек дешет. Баргым деле келбейт.

ӨКМ 2018-жылдагы мониторингине ылайык, сел катталган аймак ушул жылдын божомолдуу кооптуу аймагына кирген. Мониториг жана божомол жүргүзүү департаментинини директору Анаркул Айталиевдин айтымында жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгү тобокелге салып жашай беришет.

Өздөрүнүн божомолуна салып көчпөй жашай беришет. Булар да сайдагы суу көбөйбөйт деп ойлошкон. Ушундай эле абал жер көчкүсү катталат деп айтылган аймакта жашаган калкка да тиешелүү. Тобокелге салып, балким быйыл болбойт деп жашай беришет. Көпчүлүгү көнүп калган жерден кеткиси келбейт.

Өлкө аймагы боюнча 11 миң 32 участок кооптуу аймакка кирет. Алардын 4 миң 602си калктуу конуштарга туура келет. ӨКМ маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 5 миң 300дөй үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache