Шашылыш кабар:

Рамзан Кадыров: Салах — мыкты футболчу жана идеалдуу адам

Рамзан Кадыров: Салах — мыкты футболчу жана идеалдуу адам
Спорт
0

Чеченстандын Президенти Рамзан Кадыров египетик чабуулчу Мохаммед Салахты дүйнөнүн мыкты оюнчусу деп атады. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» жазып чыкты.

Анда Кадыров: “Мохаммед Салах — дүйнөнүн мыкты оюнчусу жана идеал адам”, — дейт.

Белгилей кетсек, Мохаммед Салах 19 жашында Египеттин улуттук курама командасына чакыртылган. Анда 2012-жылы Африка кубогунун алкагында жолдоштук оюндарга ойногон. Кийинчерээк “Базель” клубу Салахты өз курамына кошуп алышкан.

“Ливерпулдун” негизги жылдызына айланган Салах “Базелден” кийин “Челси”, “Флорентина”, “Рома” клубдарында ойногон.

Буга кошумча, футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусиянын 11 шаарында 15-июндан тарта 14-июлга чейин өткөрүлөт. Египеттин курама командасы  Орусия, Уругвай жана Сауд Аравиясы менен беттешет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache