Шашылыш кабар:

Үмөталиев: Кытай ШКУга бөлгөн акчаны өзүнө жумшайт

Үмөталиев: Кытай ШКУга бөлгөн акчаны өзүнө жумшайт
Күн Чабыт
0

10-июнда Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити болду. Бул жолку жыйын биринчи ирет «шанхай сегизилтигинин» форматында өттү. Башкача айтканда Индия жана Пакистан өлкөлөрү саммитке уюмдун толук кандуу мүчөлөрү катары алгачкы ирет катышты. Саммитте терроризм, экстремизмге каршы аракеттенүү жана андан башка дагы 20га чукул документке кол коюлду. Жыйында экономикалык долбоорлор дагы талкууланды.

Биз ушул тема боюнча мурдагы экономика министри, «Кыргызконцепт» ишканасынын директору Эмил Үмөталиевди кепке тарттык.

Марал: Дүйнөлүк басылмалар «бул жыйын Кытайдын Борбор Азиядагы таасири күчөп, Орусиянын таасири басаңдагынын көрсөттү» деп жазышууда сиздин баамыңыз кандай?

Эмил Үмөталиев: Бул процесс башталганына абдан көп жыл болду. Анын активдүү фазасы кеминде 10 жылдан өтүп, 20 жылга жакындап калды. Кытай Жибек жолун узартарын илгери эле жарыялаган. Жибек жолу Кытайдын жаңы амбициясынын соода мүмкүнчүлүктөрүнүн экспортко болгон умтулуусу. Алардын дүйнөнү өз товарлары менен камсыз кылуу саясаты. Европанын эң акыркы четине чейин, эң акыркы портуна чейин деңиздер аркылуу, континентти аралаткан темир жолу, кара жолдор аркылуу унаалар менен жана акыры аба жолу менен товарларын жеткирип, баарын байланыштырышат. Ошол стратегиясынан баш тартпай четинен аткарып келе жатышат.

Марал: ШКУ саммиттинде Кытай уюмдун алкагында ишке ашырылчу инвестициялык долбоорлорго 30 млрд юань бөлөөрү белгилүү болду. Бул каражаттын уюм үчүн канчалык мааниси бар?

Эмил Үмөталиев: Кытайдын узак мөөнөттүү стратегиясына жетишине бул каражаттын абдан чоң мааниси бар. Ошондой эле Борбор Азиянын жаңы инфраструктуралык өнүгүүсү жана байланыштардын жакшырышы үчүн дагы маанилүү. Мурдагы Орусияга таандык аймактардын баардык жолу Москвага карай багытталып, ошого байланган болчу. Азыр Кытай жолдорду түз Европа-Кытай, Кытай-Европа кылып байланыштырып жатат. Ал өз кезегинде Борбор Азия өлкөлөрү дагы аталган аймактар менен байланышып калышына түрткү болот. Аны менен бирге Батыш-Чыгыш эле эмес, Түндүк-Түштүк тараптардагы жолдордун да радиалдуу өнүгүп кетишине өбөлгө болот. Ошондуктан геосаясаттык, регионалдык өзгөрүштөр күтүлүп жатат. Ал эле эмес акыркы жылдары ал ишке дагы ашууда.

Марал: Циндаодо болгон саммитте президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмунун өнүктүрүү фондун жана банкын түзүүнү демилгелеп, аны Кыргызстанда ачууну сунуш кылды. Кыргыз тарап бул демилгени буга чейин эле көтөрүп келген эле бирок ушуга чейин кандайдыр бир иш аракеттер боло элек. Себебин эмнеден көрүп жатасыз?

Эмил Үмөталиев: Сиз айткан гана иш эмес темир жол долбоору сыяктуу проекттер Орусиянын «Кытайдын Борбор Азиядагы мамлекеттерге болгон таасири күчөп кетпесин» жана «Орусиясыз экономикалык жана башка өнүгүүлөрдү орнотуп жибербесин» деген кооптонуусунун натыйжасы болушу мүмкүн деп айтып жаткандарга кошулсак болот. Баарыбыз билгендей 2010-жылы интенсивдүү түрдө Бажы биримдиги курулуп, анын натыйжасында ЕАЭБ түзүлүп, мурдагы Советтер союзуна кирген Борбор Азиядагы 4-5 өлкөсүн бүт дүйнөдөн четтетип койбодубу.

Марал: ШКУнун кийинки саммиттине төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү. Кыргыз тарапта кандай мүмкүнчүлүктөр бар жана аны кантип пайдаланып калыш керек?

Эмил Үмөталиев: Бул андай деле уникалдуу окуя эмес. Буга чейин деле болуп келген. Саммитке төрагалык кылуу кезек менен мамлекеттерге өтүп турат. Тилекке каршы биздеги интеллектуалдык потенциал, мамлекеттүүлүктү түшүнгөн күчтөрүбүз анчалык деле бийик эмес. Биз ашып кетсе саммитти өткөрүүгө бөлүнгөн акчадан коттеджди куруп алабыз. Инфраструктураны бир аз жакшыртып, саммитке тиешелүү нерселер бизде калат. Бирок мындай жыйындар андан дагы көп пайда алууга мүмкүнчүлүк берет. Дипломатиялык жагынан саммиттин ээсине калем түшөт дагы көп документтерге кийлигишет жана чечим кабыл ала алат. Бирок ошого Кыргызстандын дипломатиялык, саясий күчү жетеби ал дагы чоң суроо.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache