Шашылыш кабар:

Финансы кызматтарын алууда жарандын кандай укуктары бар?

Июнь 10th, 2018 | by Бахар Хакимова
Финансы кызматтарын алууда жарандын кандай укуктары бар?
Эколикбез
0

Улуттук банк менен биргеликтеги “Эколикбез” программасынын бул жолку чыгарылышында керектөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат беребиз. Суроолорубузга Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Майтпасов жооп берди.

Марал: Керектөөчү деген ким? Анын финансы кызматтарын пайдаланууда кандай укуктары бар?

Мирлан Майтпасов: Керектөөчү – финансылык кызматтардын колдонуучусу. Финансылык кызматтар ар түрдүү болот. Мисалы, насыя алуу, акча которуу, депозит маселеси жана башка. Бул кызматтарды алууда керектөөчүнүн эң негизги укугу – пайдаланып жаткан кызмат тууралуу толук маалымат алуу. Мисалы, насыя алаардан мурун ар бир кардар банкка кайрылганда ошол мекеме насыя алуунун жол-жобосу тууралуу толук маалымат берип, баракчаларды толтурууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Баракчада болсо насыянын суммасы, пайыздары, төлөө боюнча маалыматтар камтылат.

Марал: Жарандар өз укуктарын канчалык билишет? 

Мирлан Майтпасов: Жарандардын өз укугун билүүгө маани берүүсү, ал үчүн күрөшүүсү да өзүнчө бир маселе. Бул боюнча Улуттук банк атайын финансылык сабаттуулук программасын иштеп чыккан. Программа бардык өлкөнү камтыган чоң көлөмдө иштеп жатат. Быйыл экинчи этабы иштелип жатат. Анда да кардарлардын өз укугун билүүсү тууралуу айтылган.

Марал: Укугу бузулган керектөөчүнүн арыздары кандай негизде каралат?

Мирлан Майтпасов: Жарандардын арыздарын анализдөө боюнча мыйзамдын алкагында атайын тартип иштелип чыккан. Мисалы, укугу бузулган жаран биринчиден кайсы мекеменин финансылык кызматын колдонгон болсо, ошол мекемеге кайрылат. Оозеки эмес, кат жүзүндө кайрылышы керек. Финансылык-кредиттик мекемелерге атайын жобо иштелип чыгып, жарандардын арыздарын кароо боюнча бирдиктүү тартип киргизилген.

Ага ылайык, ар бир мекеме жарандан түшкөн арызды 30 күн ичинде карап чыгууга милдеттүү. Эгер жаран ал мекеменин жообуна канааттанбаса, Улуттук банкка кайрылса болот. Андан ары сот органдарына кайрыла алат. Улуттук банк арызды 14 күн ичинде карап чыгышы керек.

Марал: Керектөөчүнүн укугу кайсы маселе боюнча бузулат?

Мирлан Майтпасов: Жарандардын арыз-даттанууларын талдап келгенде көбүнчөсү насыя алганда пайыздык чендери туура эмес болуп калган учурда кайрылышат, же болбосо акча которууда да маселе чыгып калат, же банктык карталар боюнча да көйгөй жаралып калып жатат. Мисалы банкоматтан акча алууда эмне себептен комиссия кармап калып жатат деп түшүнбөй калышат. Эң негизгиси насыя алууда кыйынчылыкка учурап, жеңилдик берүү арызы менен кайрылуулар көп болот. Насыя чөйрөсүндөгү келишим бул – жарандык келишим болуп эсептелет. Ошондуктан Улуттук банк эки тараптын келишимине кирише албайт. Эгерде Улуттук банктын укуктук-ченемдик актылары бузулуп жатканда гана биз ортого түшө алабыз.

Марал: Жарандардын арызын кароо тартиби кандай? Телефон аркылуу кеңеш алса болобу?

Мирлан Майтпасов: Албетте, телефон чалып дагы кеңеш алса болот. Улуттук банктын интернет сайты, кат аркылуу кайрылса болот. Мындан тышкары, күн сайын телефон аркылуу консультация берилет, номуру 0312 614572.

Марал: Керектөөчүнүн укугу кайсы аймактардан көбүрөөк бузулат?

Мирлан Майтпасов: Арыз даттанууларды талдоо жарым жылда бир жүргүзүлүп турат. Арыздардын дээрлик көбүнчөсү Бишкек шаары, Чүй облусу боюнча түшөт. Демек, бул аймактардагы калк өз укугун билип, кайрылган учурлар болушу мүмкүн. Себеби көпчүлүк жарандар кайрылыш керек экенине маани беришпейт.

Марал: Бир банктан насыя алып карыз болуп калган жаран «кара тизмеге» түшүп калбайбы?

Мирлан Майтпасов: Негизи кара тизме деген түшүнүк жок. Болгону банктар аралык кредиттик-маалыматтык бюро түзүлгөн. Ал жарандардын ашыкча карызга батып кетпеши үчүн түзүлгөн. Тагыраагы, бир банктан насыя алып, аны төлөй албай кайра башка банктан алып карызга батпашы үчүн насыя алуучунун финансылык тарыхы түзүлөт. Ал бир банкта 7 жыл сакталат. Бирок бул маалымат катары гана колдонулат. Банктын жана кардардын коопсуздугу үчүн гана.

Марал: Башка мамлекеттин банктары менен тажрыйба алмашуу болуп турабы?

Мирлан Майтпасов: Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маанилүү болгондуктан, өзүбүздүн ичибизде кайнай бербей, эл аралык тажрыйбаларды карап турабыз. Мисалы, ЕАЭБ мамлекеттеринин борбордук банктарынын ортолугунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча кеңешмебиз бар. Анын атайын жобосу бекитилген, жыл сайын жолугушуулар уюштурулат. Негизги максаты ЕАЭБ мамлекеттеринин укуктук-ченемдик актыларын бирдиктүү деңгээлге алып келүү болуп саналат.

Марал: Укуктарын билгендер көбөйдүбү?

Мирлан Майтпасов: 2017-жылдын эсеби менен карасак, бизге түшкөн даттануулардын жарымы эле насыя алуу боюнча. Алардын ичинде насыянын мөөнөтүн узартып берүү, пайыздык чендерин азайтуу, же болбосо ашыкча туумдарын алып салуу боюнча кайрылышат.

Жарандардын финансылык сабаттуулугун аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында программа түзүлгөн. Быйыл жылдын башында дагы изилдөө жүргүзүлдү, бирок азыр жыйынтыгы толук чыгарыла элек. Ошентсе да арыз даттануулардын маңызы боюнча талдап келсек, мурунку жылдары арыздардын 80 пайызы насыя алуу боюнча болсо, азыркы кезде башка маселелер боюнча да кайрылуулар көбөйдү. Бул кардарлардын укуктарын билип, укугу бузулуп жатканына маани берип жатканын билдирет.

Марал: Насыя алууда жаран эмнеге көңүл бурушу керек?

Мирлан Майтпасов: Финансылык мекеме кардарга кандай маалыматты бериши керектиги жөнүндө так милдеттер жазылган. Мисалы, жаран насыя алууда түзүлгөн келишимдин долбоорун 3 күнгө чейин банктан башка жакта, юристи менен болобу же тааныштары менен болобу акылдашканга укугу бар. Ага чейин кредит алууга келгенде атайын баракчаны толтурушу керек. Бул баракчаны дагы келишим түзүлгөнгө чейин алып кетсе болот. Жада калса ошол келишимге кол коюп туруп, бирок акча колуна тие элек болсо, келишимди бузууга укуктуу.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache