Шашылыш кабар:

ШКУ: Күн деминдеги көйгөйлөр, Кыргызстанга өткөн төрагалык

ШКУ: Күн деминдеги көйгөйлөр, Кыргызстанга өткөн төрагалык
Саясат
0

Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити болду. 10-июндагы жыйынга Индия жана Пакистан өлкөлөрү уюмдун толук кандуу мүчөлөрү катары алгачкы жолу катышты. Ушуну менен уюмдун мүчөлөрүнүн саны сегизге жетти.

«ШКУнун жоопкерчилиги артууда»

Шанхай кызматташтык уюмунун бул жолку саммитине Кытайдын төрагасы, Казакстандын, Кыргызстандын, Пакистандын, Орусиянын, Тажикстандын Өзбекстандын президенттери жана Индиянын премьер-министри катышты.

Индия менен Пакистандын аталган уюмга кошулушу менен ШКУ 3 миллиарддан ашык калкы бар Евразия территориясынын 60 пайызын камтыган дүйнөдөгү эң чоң регионалдык уюм болуп калды. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин саммитте жасаган билдирүүсүндө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн көбөйүшү менен анын жоопкерчилиги дагы артып баратканын белгиледи.

-Индиянын премьер-министри Нарендра Модини, Пакистандын президенти Мамнун Хусейнди саммитке биринчи жолу толук кандуу мүчө катары катышып жатканын згөчө белгилеп, кош келипсиздер демекчимин. Ошондой эле өлкө башчыларынын кеңешинин жаңы мүчөсү болгон Сооронбай Жээнбековду да куттуктайм. Бул саммит тарыхый мааниге ээ. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн көбөйүшү менен биз дагы да бекем жана күчтүү болдук. Региондогу мамлекеттер менен эл аралык уюмдар бизге көбүрөөк көңүл буруп, үмүт арта башташты. Албетте биз аймактагы туруктуулукка, коопсуздукка жооптуубуз.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 10-июнь, 2018-жыл 

Коопсуздук маселеси күн демине чыкты

Кытайдын Циндао шаарында өткөн саммитте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков коопсуздук маселесине кайрылды. Ал өз сөзүндө «ШКУ региондо гана эмес, дүйнө жүзүндө туруктуулуктун жана коопсуздуктун фактору катары азыркыдан да бекемделиши керектигин» айтты. Ошондой эле Ооганстандагы окуяларга кенен токтолуп, диний-экстремисттик уюмдарга азгырылып жаткандардын маселесин көтөрдү.

-Жакынкы Чыгыштагы окуялардын учурунда региондо тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо маселеси өзгөчө мааниге ээ. Акыркы бир нече жылдын ичинде, Сириядагы, Ирактагы жана Ооганстандагы окуяларга байланыштуу региондогу өлкөлөрдүн жарандарынын ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга катышуу тенденциясы өсүүдө. Мекендештерибизди жалданма террорчулардын катарына азгырып, үгүттөө иштеринин активдешкени бизди тынчсыздандырат. Диверсиялык-террористтик тажрыйба топтоп келген террористтердин башка региондорго келип, кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышы бизди өзгөчө кооптондурат. Борбор Азияда буга эч убакта жол бербешибиз керек.

Саммитте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу боюнча 2019-2021-жылдарга карата программасы кабыл алынды. Орусиянын президенти Владимир Путин ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечиминин негизинде аткарыла турчу иш аракеттер тууралуу буларга токтолду.

-Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында терроризм менен күрөшүү эң негизги артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. Бүгүн ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу кызматташтыгы боюнча жакынкы үч жылдыкка программасын кабыл алып жатабыз. Анын алкагында биргелешкен контртеррористтик машыгууларды, операцияларды өткөрүү жана ошондой эле тажрыйба алмашуу менен ыкчам маалыматтарды алмашуу каралган. 

ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери документтерге кол коюп жатат

Кытай бөлчү каражат…

Жыйында экономикалык маселелер дагы козголду. Саммиттин жүрүшүндө Кытай Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында инвестициялык долбоорлор үчүн 30 млрд юань бөлөөрү белгилүү болду. Аны Америка валютасына айлантканда 5 млрд долларга жакындайт. Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назабаев ШКУга мүчө мамлекеттерге өз ара эсепти улуттук валюта менен жүргүзүүнү сунуштады. Анын себебин мындайча түшүндүрдү.

-Дүйнөдө валюталарга карата диверсификация болуп жатканы көптөн бери айтылып жатат. Валютага болгон талаптын төмөндөшү, криптовалютанын пайда болушу менен валютанын көз карандысыздыгына кооптуулук жаралды. Андыктан биз өз ара эсептешүүнү ШКУ мамлекеттеринин улуттук валютасы менен жүргүзүшүбүз керек. Бул биздин экономиканы кармап турат. Биздин мамлекеттердин улуттук банктары Циндао саммитинен кийин чогулуп, тиешелүү жол картасын иштеп чыгууну баштаса дагы болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июнь, 2018-жыл

ШКУнун банкын Кыргызстанда түзүү сунушу

Албетте президент Сооронбай Жээбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курулушун көтөрдү. Жээнбеков аталган темир жол «ШКУ өлкөлөрүнүн транзиттик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатмак», — деп, анын курулушун тезирээк баштоону сунуштады. Андан сырткары кыргыз тарап буга чейин көтөрүп келген Шанхай кызматташтык уюмунун өнүктүрүү фондун жана банкын түзүүнү демилгелеп, аны Кыргызстанда ачууну сунуш кылды.

— ШКУ аймагында экономикалык долбоорлорду илгерилетүү үчүн кыргыз тарап Уюмдун финансылык механизмин — Өнүктүрүү банкын жана ШКУ өнүктүрүү фондун тезирээк түзүүнү жактайт. Кыргызстандын аймагында Шанхай кызматташтык уюмунун банкын ачуу маселесин талкуулоо жана макулдашуу процессин улантууну да сунуш кылат. Биз «Бир алкак — бир жолду» Евразия экономикалык биримдиги менен иш жүзүндө байланыштыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшүбүз керек.

Жыйынтыгында Циндао декларациясы, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу, азык-түлүк коопсуздугу, айлана чөйрөнү коргоо тармагында кызматташуу жана билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча 21 документке кол коюлду.

Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун кийинки саммиттине төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү. Сооронбай Жээнбеков кезектеги саммити 2019-жылдын 14-15-июнунда Бишкекте өткөрүүнү сунуштап, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилерин быйыл 2-8-сентябрда Кыргызстанда болчу Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк үчүнчү оюндарына чакырды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache