Шашылыш кабар:

Ошто энелер Атамбаевдин июнь окуясына жооп берүүсүн талап кылды

Июнь 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Ошто энелер Атамбаевдин июнь окуясына жооп берүүсүн талап кылды
Коом
0

Ошто 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуяларын эскерүү аземи өттү. Ага өкмөттүн өкүлдөрү жана жакындарын жоготкондор катышты. Курман болгондорду эскерүү аземинде уулунан ажырап, дайынын таппай жүргөн энелердин бири мурунку президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу керектигин айтты. Ошондой эле маркумдардын энелери эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин бир да депутаты келбегенине нааразылык билдиришти.

2010-жылы Ош шаарындагы кандуу окуяны эскерүү энелердин көз жашы монументалдык комплексинде башталды. Биринчи вице прмеьер министр Кубатбек Боронов ал күндөрү мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетип, оор учур болгонун. арадан 8 жыл өтсө да жүздөгөн адам өмүрүн алган күндөр эч качан унутулбай турганын айтты.

«Ынтымак өзүбүздөн башталарын ар кимибиз өз учурунда сезе билдик. Айрыкча ошол күндөрү эки элдин акылман аксакалдары улуттар аралык ынтымактын, достуктун данакери болуп беришти. Сиздердин чоң аракетиңиздер менен эки элди ынтымакка чакыра алдык. Кылымдар бою мазары, базары бир кыргыз-өзбек элдеринин ынтымагы адам өмүрүн алган бул сыноого туруштук бере алды».

Каргашалуу 10- июнь күнү Шаанбү Топчубаеванын 27 жаштагы уулу Мирбек Арзыбаев каза болгон. Бирок анын денеси ушул күнгө чейин табыла элек. Көз жашы тыйыла элек эне, уулун ушул күнгө чейин унутпайт.

«Жок дегенде 5 фракциядан 5 депутат келип койбогонуна наарызыбыз. Биздин балдар бырчаланып дайынсыз жоголгонуна сабырдуулугубузду билип, депутаттар келип коюшса болмок эле. Жээнбековду унутпаса керек деп күттүк эле. Бирок келбеди. Иши менен жүргөндүр. Бирок ал киши бизди эч качан унуткан эмес. Ошто эч качан ушундай уруш болбосун. 8 жыл эмес 80 жыл өтсө да унутулбаган окуя болду».

Эскерүү митингинде июнь окуясында бейкүнөө курман болгондорго жана ушул күнгө чейин дайынсыз жоголгондорго арналып куран окутулду. Расмийлер салтанаттуу эскерүүдөн соң курман болгондордун жакындарына курулган үйгө куран окутууга барышты.

Куран окутулган соң маркумдардын жакындары менен өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери июнь окуясынан кийинки турмушу тууралуу баарлашты. Энелердин бири мурунку президент Атамбаев июнь окуясына күнөлүү экенин, ал жоопкерчиликке тартылуусун талап кылды.

«Биздин балдар деле эли жерим деп өлсө керек. Уруш жөндөн жөн чыккан эмес. Буга Атамбаев жооп бере турган мезгил келди. Бирок Атамбаев изин жашырып жооп бергенден кача турган болсо, биз анда чыгабыз. Июнь коогалаңында шейит кеткендердин жакындарына жылына бир жолу болсо да ЖК депутаттары келип кабар алып, жылуу сөзүн айтып койсо муңубуз азайып калмак».

Биринчи вице-премьер министр Боронов энелердин суранычын өкмөт башчыга, президентке жана ЖК депутаттарына жеткирип барууга убада берди.

Эске салсак, 2010-жылы 10-июнда Ош шаарында кыргыз-өзбек улутунун ортосунда уруш чыгып, андан 400дөн ашууну адам каза болгон жана 23 адам дайынсыз жоголгон. Расмий эмес маалыматта көз жумгандар мындан көп экени айтылат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache