Шашылыш кабар:

Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча концепция даяр болду

Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча концепция даяр болду
Экономика
0

Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору даяр болду. Ал өлкөнүн эко тутумун сактоого жана жаратылыш ресурстарын үнөмдүү керектөөгө багытталган документ болууда. 

Табият ресурстарын үнөмдөп калуу  үчүн жер шаарындагы мамлекеттер саясаттарын өзгөртүп жатат.  Буга чейин табият ресурстарын чеги жок колдонуп келген мамлекеттер , бүгүн аны үнөмдөөнүн жолдору иштелип чыгууда. Алдынкы мамлекеттер жашыл  экономика принциптерине өтүүдө. Ал үчүн мыйзамдар иштелип чыгып күнүмдүк турмушта ишке ашууда.

Бул багытта Кыргызстанда дагы жашыл экономика саясатын жүргүзүү боюнча концепция даяр болуп парламенттик угууга чыкты. Анда  Кыргызстандагы атмосферанын булганышынын 87 пайызы транспорттук каражаттарга таандык экени айтылып,  абага жылына 400 миӊ тоннадан ашуун уулу заттарды чыгаары белгилүү болду. Ошондон улам, акыркы жылдары калк арасында оору-сыркоо көбөйүүдө. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев Кыргыз Республикасынын «жашыл экономика» концепциясынын долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.

«Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдар  жаратылыш байлыктарын айоосуз жана сарамжалсыз пайдаланууга таянган экономикалык модели заман талабына жооп бербей калгандыгы жөнүндө коӊгуроо кагууда. Өткөн мезгил аралыгында көптөгөн өлкөлөр кыйла капитал топтой алды, бирок алардын баары жаратылыш капиталынын эсебинен болду. Анын ичинде Кыргызстан да андай ааламдашуу доорунан  четте калган жок, азыр анын кээрин даана сезе баштадык.»

Концепция  «Кыргызстан – «жашыл экономика»  деп аталды. Ал буга чейин Жогорку Кеӊештин веб-порталына коомдук талкууга коюлган. Анда жашыл экономиканын өнүгүшүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталган. Негизгилери бул айыл-чарбасын өнүктүрүү, энергетика, туризм кирген.

Бул багыттагы иштер айыл чарба тармагында  колдонула баштады. Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн тамчылатып сугаруу тартиби кирген болсо, жер кыртышын бузуп албоо үчүн  жерди которуштуруп айдоо иштери жүргүзүлүп жатканын Айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодиев айтып берди.

Бүгүнкү күндө органикалык айыл чарба өндүрүшүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке киргизгенбиз. Ал маселени дагы парламент карап чыгат.Негизинен бүгүнкү күндө бир топ иштер жүрүп жатат. Тамчылатып сугаруу жана минималдык түрдө сууну жоготуу менен башка ыкмаларды колдонуу. Күнөсканаларда өсүмдүктөрдү өстүрүү Энергияны кайра калыбына келтирүүдө булактарды пайдалануу.  

Коомдук угууда жеке сектор тараптан кемчиликтер дагы белгиленди. «Био» экологиялык кыймылынын өкүлү Данна Кирелинка концепция беш жылдан бери даярдалып келе жатканы менен ишке ашпай кагазда гана калып жатат. Ошондуктан анын ишке толук ашуусу мамлекет тараптан тыкыр көзөмөлгө алынышы керек деди.

«Жашыл экономиканын» өнүгүүсүндөгү  айрым пунктар,анын ичинде  маанилүү  маселелер жана идеялар ишке кирбей эле кагаз жүзүндө калып  жатат. Бул маселени жөнгө салуу үчүн тажрыйба топтоп аны анализдей билишибиз керек.Ошондой эле  ар бир ишке так  жана конкреттүү жыйынтык керек.  Өлкөбүздүн жаратылышын коргоо үчүн бул маселени мен дагы колдойм.

Концепциясынын долбоору парламенттик угууда талкууланган соӊ, Резолюция кабыл алынып, Өкмөткө бир катар сунуштамалар менен берилди. Андан кийин, парламенттик угуу жүрүшүндө берилген сунуштамалар менен ой-пикирлерди эсе алуу менен, долбоор парламенттин кароосуна киргизилмекчи.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache