Шашылыш кабар:

Турсунбеков: Балыкчы-Корумду жолунун курулушу каржысы жок башталган

Июнь 8th, 2018 | by Бахар Хакимова
Турсунбеков: Балыкчы-Корумду жолунун курулушу каржысы жок башталган
Күн Чабыт
0

III Көчмөндөр оюндарынын башталышына аз гана убакыт калды. Бирок 2016-жылы башталган «Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду» унаа жолун куруу иши аяктай элек. Буга эмне себеп болуп жатат жана бул туристтик мезгилге терс таасирин тийгизеби? Марал радиосунун “Күн чекит” программасында суроолорубузга Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жооп берди.

Марал: Балыкчы-Корумду жолунун курулушу эки жыл мурун башталган, бирок аягына чыкпай келет. Буга эмне себеп болууда? Жолдун курулушунун бүтпөй жатышы III Көчмөндөр оюнунун өтүшүнө таасирин тийгизбейби?

Чыныбай Турсунбеков: Балыкчы-Корумду жолунун асфальт түшө элек жерлери өтө чаң. Эс алууга келген туристтердин маанайын түшүрөт. Азыр туристтик сезон башталып калды, жол бүтпөсө терс таасирин тийгизет. Былтыр да ушундай эле абал болгон. Мисалы, Көчмөндөр оюнуна келген коноктор алгач эле жолдун акыбалын көрүшөт. «Жолун куруп бүтө албаган кыргыздар эмнени кыйратат»… деген ойлору калат. Шарт кандай болгон учурда да баштаганга жараша туристтик сезонго чейин жолду куруп бүтүрүш керек эле.

Марал: Эл өкүлдөрү жолдун курулушу менен жеринен таанышып, көрүп келдиңиздерби?

Чыныбай Турсунбеков: Мен бир ай мурун ошол жолдон өттүм. Түндүк тарабы менен Корумдуга чейинки бөлүгүнө баргам, көп жери бүтпөй турган. Кээ бир жерлеринде көпүрөлөр, айланма жолдор салынып жаткан. Анын үстүнө пансионаттарга барган айланма жолдор да жасалбай турат. Анан жок дегенде негизги трассаны жасаш керек да.

Жол – өлкөгө келген адамдын дароо көңүлүн бурган нерсе. Жолу жакшы болсо ал өлкөнү да ырахаттанып кыдырат. Албетте жолдон тышкары, инфраструктура, арыктагы суу, ажаткана – мунун баары сервис. Ошондуктан буга маани бериш керек. Бирок эң биринчи кезекте жолду оңдоп бүтүрүү керек.

Марал: Бул жолго акча бюджеттен бөлүнгөнбү же башка каражаттын эсебинен жасалып жатабы?

Чыныбай Турсунбеков: Балыкчы – Корумду жолун курууга бюджеттен акча бөлүнгөн. Учурунда бул жолду каржылоону бюджетке киргизип жатканда, “Мегаком” компаниясын сатып, андан түшкөн каражатка жасоо пландалган эле. Бирок “Мегакомду” азыркыга чейин сата албай жатабыз. Биз ойлогон баага сатуу колубуздан келбей жатат. Ошонун натыйжасында пландалган акчалар түшпөй жатат. Түшө элек акчага пландап койгон үчүн жолдун курулушу бүтпөй турат. Ошол эле учурда, биз бюджетти керектүү иштерге жумшабай, кошумча дагы көп социалдык нерселерди моюнга алып алабыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache