Шашылыш кабар:

Босого: Эл аралык укук Исламдын негизинде калыптанган…

Босого: Эл аралык укук Исламдын негизинде калыптанган…
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку чыгарылышында көз карандысыз журналист, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын борбордук текшерүү комиссиясынын мурунку мүчөсү Улан Ажы Исаков жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын адиси теолог Эсенгелди ажы Жумакунов менен Исламга жана демократияга салыштырма көз караштар меселеси тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Исаков:

Деморкатиянын принциптерин төрт нерсе ишке ашырат…

Ислам принциби менен башкаруу – Аллахтын өкүмдөрүнүн негизинде башкаруу. Ал эми демократия болсо – элдин бийлиги, талабы. Анда эл шайлаган жетекчи башкарат. Экөөнүн айырмасы мына ушунда. Кыргызстанды алып карасак, демократиялык нукка келди. Демократиянын принциптери иштеши үчүн төрт нерсе жакшы иштеши керек. Мыйзам чыгаруу органдарынын эффективдүү мыйзам чыгырганы, аны аткаруу бийлиги кандай аткарып жатканы маанилүү. Мындан сырткары, сот органдарынын адилеттүүлүгү, президенттин ички жана тышкы саясатты активдүү жүргүзүп бергени зор роль ойнойт. Ал эми дин менен салыштырганда, бир тараптан Ислам динине жалаа жаап, каралоо болуп жаткса, экеничиден ааламдашуу процессининин негизинде аталган динди тутунгандарда чоң прогресс болуп жатат. Айтсак, Европада мусулмандардын саны көбөйүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө негизги маселе – социалдык өнүгүүгө бөгөт койгон көйгөйлөр. Мындайда бир нерсеге ишенүү зарылчылыгы туулат. Анын арты менен көпчүлүк Ислам динин кабыл алып жатат.

Эл Ислам социалдык жашоонун негизги бөлүгү экенин түшүнүп калыптыр…

Ислам менен демократиянын айкалышып, тажрыйбалык негизде айтканда бардык нерсе динден сырт мамлекет деген принципке такалып, анын тегерегинде мүдүрүлүп, чалынып калат. Эгемендүүлүктү алгандан кийин Ислам динин жашап баштаган бир топ мамлекеттик кызматкерлер сакал, дааватка баруу маселеси менен жумуштан чыгып калды. Бизде дин эркиндиги бар, бирок диний көз карашты саясий аренада жайганга болбойт. Айкалышпастыктардын айынан туура эмес жолго кирип кеткендер да болду. Быйыл Рамазанда байкаганым, Кыргызстанда эл Ислам дини социалдык жашоонун негизги, маанилүү бөлүгү экенин түшүнүптүр. Мурда орозо кармагандарга башкача карашчу. Азыр ар бир үйдө орозо кармаган, узун көйнөк кийгендер бар. Эл Ислам салтыбыздын бир бөлүгү экенин түшүнүп калды. Бирок Исламда сөзсүз халифат куруп мажбурлоо деген түшүнүк жок. Дүйнөлүк тажрыйбада шарыят менен демократиянын принциптеринде айкалышуулар бар, бирок карама-каршы келген маселелер да болуп жатат. Жаңы моделди жашоодо колдонгон кимдер бар экени негизги маселе. “Араб жазын” карасак, элдин дүрбөшү Исламдагы аялдардын акысы корголбой калды деп жатат. Мисалы, Сауд Аравияда кинотеатр 2018-жылы ачылды. Аялдардын көчөдө жүрүп, унаа колонуусу… Экинчиден, Ислам деп такап туруп, “Ислам мамлекетинин” канатына киргендер кыңк этсе башты кесип салуу башкача айтканда, терронизм менен адам акысынын ортосунда карама-каршылык маселе жаралууда. Парламентте көп аял алуу маселеси талкууланды. Дин кээде мыйзамдарга таасир этет. Шайлоодо молдокелерге көңүл бурулуп калат. Депутат элди кафеге акча берип жатып чакырса, молдоке бир жума намазында эле айтарын айтып коёт. Бул жерде эл өкүлөрүнүн көз карашын угуп жатам. Эл мечитке үгүт иштери үчүн эмес, ибадат кылганы барат.

Чыр-чатактар Ислам тарыхында да болгон…

Динге жамынып аны курал катары колонуп кеткен учурлар болгон. Өзүн колдогон, сын айтпаган молдолорду жанына алып, адилеттүү көз караштагы молдолорду, аалымдарды өлтүрүп, камакка алган окуялар көп. Кыргыздын каада салты менен теңирчиликти аралаштырбашыбыз керек. Көпчүлүк ушул жерден жаңылат. Тилекке каршы ажыга барганда мусулмандар илим-билимге маани бербегени үчүн жакыр болуп кеткенин көрдүм. Эл канчалык сапаттуу болсо, өз акысын билсе мамлекет ошончолук жакшы өнүгөт. Демократияда да адам акысына маани берилсе мамлекеттин мүлкү көздүн карегиндей сакталмак. Оңолуу адамдын өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн башталат. Ошондуктан айлана-чөйрөнү оңдоого умтулсак, коом өнүгөт.

 Жумакунов:

Ислам дини дүйнөлүк масштабдагы талкууга тема болуп турган учур…

Себеби саясат, маданият жагынан бул дин активдүүлүк көрсөтүп жатканы талашсыз. Жакынкы Чыгыш, Египет, Тунис, Марокко, Сирия өлкөлөрүндө болуп жаткан “Араб жазы” деп башталган окуялар Исламга ишенген инсандардын согушка, демократияга болгон көз карашын талкууга салды. Алсак, Тунисте башталган толкундоолор тынчтык жолу менен аяктады. Бул өлкө демократиялык нукка түшүп, жалгыз ийгиликтүү мисал болуп жатат. Убагында үлгү болуп келе жаткан айрым өлкөлөр акыркы учурда демократиядан тайып бара жатканы көрүүгө болот. Малазия ийгиликтүү шайлоо өткөрүп, авторитардык өлкөгө айлынап бара жаткан жеринен демоктария жол менен жеңип чыкты. Бул жакшы саамалык. Корупциялык көрүнүштөрдүн жыйынтыгы болгон акча мамлекетке кайтарылууда. Негитивдүү жагынан карасак, Сирияда болгон окуялар, жарандардын качып чыгуусу, миңдеген өлүмдөр менен коштолгон кагылышуулар терс таасирин калтырды. Башында Ислам өлкөлөрү дагы демократияга жетеби деген үмүт пайда болгон. Бул бираз майтарылып калды, себеби куралдуу террористтик уюмдар ишке аралашып кетти. Булардын баары Исламдын азыркы учурдагы абалы, маданияттарга болгон салымы кандай болот деген маселелрди жаратып койгону талашсыз. 1990-жылдардын башында америкалык белгилү саясат таануучу Сэмюэл Филлипс Хантингтондун цицвилизациялардын кагылышуусу боюнча теориясы чындыкка жакындаганын көрдүк. Бирок ушулардын сабак алуу менен мусулмандар кайрадан ынтымакка, тынчтыкка келип, динге байланыштуу жек көрүү сезимдеринен алыстап, демократиялык жолго кайтат деген ойдомун.

Кандай ишенимде, кайсыл этносто болбосун тынчтык жолу менен бир мамлекетте чогуу жашоого болот…

Исламды демократия менен салыштыруу чоң маселе. Аны адамзат басып өткөн тарыхтан көрүүгө болот. Орто кылымдарда Европада теократиялык түзүлүштөгү мамлекеттер болгон. Диний кызматкерлер бийликте болуп, маселелерди чечүүгө аралашып келген. Библиядан башка философиялык китептерди окуп керек болсо монополия кылып алган учурлар болгон. Азыркы учурда бул ыкманы Ватикан улантып бара жатат. Бирок бул туура эмес экенин жашоо көрсөткөн. Мунун негизинде агымдар пайда болуп, христианчылыктын ичинде реформа жүрүп, бара-бара анча мынча кагылышуулар, мазхабдарга бөлүнүүнүн негизинде чоң чырлар, массалык кыргындар болгон. Бирок журуп отуруп жолун табышты. Адам кандай ишенимде, кайсыл этносто болбосун тынчтык жолу менен бир мамлекетте чогуу жашоого үйрөнүп калышты. Дүйнөлүк согуштарды эсептебегенде булар кийинчерээк ынтымакка келишти. Ошол эле жолду башка диндердин ичинде активдүү болгон, адамдардын жашоосуна терең таасир бере турган дин катары Исламды бааласак болот. Мамлекеттик башкаруу Исламдын негизинде гана болуш керек деген көш карашты кармангандар да бар. Мындай ойдо болбогондор менен да бир пикирге келип отуруп, динди бийликтин кызыкчылыгы, бийликке жетүү үчүн пайдаланууга аракет кылбай, тынчтык жолунда, адилеттүү мамлекет түзүүгө жардам берген негиз катары колдонуу зарыл. Ошондо демократия менен дин айкалыша баштайт. Себеби демократия менен Исламдын негизги принциптеринде окшоштуктар бар. Алсак, адилетүүлүк, коррупциядан алыс болуу, адамдардын укугун коргоо, дин эркиндиги сыяктуу принциптер бар.

Ислам принциптеринин мыйзамдарга таасири..

Демократияны эл ойлоп тапса, дин Аллах тарабынан берилген. Биздин милдет, тапшырма экөөнү айкалыштыруу. Демократия Баштышта пайда болуп, өнүккөн. Жакшы нерсени салыштырып алгандай эле биз да демократияны алып жатабыз. Демократия элдин башкаруусу болгону үчүн ал коомчулуктун каалоосуна жараша өзгөрүп турат. Себеби көпчүлүктүн чечими, референдумдар менен мыйзамдарды кабыл алууга жөндөмү бар. Коомдо динди кармангадар көп болсо, өздөрү каалаган маселеге демократия аркылуу жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул жерде адилеттүүлүккө, дин тутуу эркиндигине басым жасоо керек. Өлкөдө мусулман эмес адамдар да бар, мусулмандар алардын кыжырына тийип, ортодо уруш болбошу зарыл. Билгиленгенде диндердин түбү бир. Иса (ас) биздин да пайгамбар болуп эсептелет. Диний ишенип бир болгону менен анын ичинде да мазхабдар, көз караштар бар. Саясатты, экономиканы башкаруу боюнча да неолибералдык көз караштар бар. Социализмге дагы эле ишенгендер бар. Өлкөлөрдүн моделдери ар кандай. Ошондуктан диний көз караштагы адамдар биригип, бир модел чыгара калат деген да туура эмес. Илимдерди билген же тажрыйбада көрсөткөн адамдар сунуштаса ар кайсыл диндегилер да колдойт. Себеби Исламда башкаруучу адилеттүү болсо болот, ал сөзсүз мусуламан болушу шарт эмес. Ошондуктан намаз окуса эле айрым нерселерди өзгөртүп жиберет деген туура эмес түшүнүктөр бар. Тилекке каршы коррупциялашка өлкөлөрдүн катарын мусулма өлкөлөрү алдыкы орунда. Бул жерде дүйнө таанымдын кенендиги болсо демократияга, элдин бакубаттуулугуна салым болот. Жөн гана “биздин динде” деп айта берген болбойт.

Эл аралык укук Исламдын негизинде калыптанган…

Пайгамбарыбыз (сав) Мадина шаарына көчүп баргандан кийин мусулмандар башкарууга ээ болуп мусулмандар бийликте болгон учур демократияга канчалык жакын экенин карап көрсөк болот. Алсак, дин тутуу эркиндиги буга мисал боло алат. Мунун тажрыйба жүзүндө Пайгамбарыбыз (сав) көрсөтүп берген. Башка диндин өкүлдөрүн кодулап, жашаган жеринен чыгарып жиберген эмес. Еврей калкы менен бир шаарда жашоого мүмкүнчүлүк түзүп берген. Бул светтик көз караш десек болот. Пайгамбарыбыз (сав) өзүнөн кийин халифа дайындап кетпегенинин өзү демократия. Төрт халифадан кийин бийликти басып алгандар этникалык маселелерге карап, арабтарга көбүрөөк маани берип, жаңы мусулман болгондорго кош стандарттыкка өтүп кетишкен. Ошондуктан оппоцизия, тагараак айтканда шииттер пайда болууда. Бийликке каршы оппозициянын пайда болушу да демократиянын белгиси. Умар (ра) кийими боюнча сахабанын суроо бергени сөз эркиндигинен кабар берет. Анда Умар (ра) окуянын чоо-жайын түшүндүргөнү – демократиянын негизги баалуулуктарынын бири жетекчилер элге отчет берип турушу зарыл деген түшүнүк. Индиялык профессор Мухаммед Хамидуллах изилдөөлөрүнүн биринде эл аралык укук Исламда пайда болгонун эскерет. Анда эл аралык мамилелер калыптанган. Мусулмандар менен башка диндегилердин ортосундагы кагылышууларда колго түшкөн туткундарга болгон мамиле, согушка атайын эреже коюу менен эл аралык укукка жол ачылган. Европа муну өнүктүрүп тажрыйба жүзүндө көрсөтүп келе жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache