Шашылыш кабар:

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз каражат бермей болду

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз каражат бермей болду
Экономика
0

Кытай Кыргызстанга грант түрүндө 600 млн юань бөлөт. Тиешелүү макулдашууга Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон сапарынын алкагында жетишилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон мамлекеттик сапар алыкагында 7-июнь күнү Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушту. Анда Ли Чжаньшу Сооронбай Жээнбековдун Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугушуусу жана анын жыйынтыктары тууралуу буларга токтолду.

Кыргызстандын президенти катары бул сиздин биринчи визитиңиз. Бирок сиз буга чейин да ар кайсы кызматта иштеп турганыңызда көп жылдар бою кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө чоң салым коштуңуз жана кытай элинин эски досу болуп саналасыз. Сиз менен төрага Си Цзиньпиндин ортосунда маанилүү сүйлөшүүлөр болгонун билем. Сиздер эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чейин көтөрүүнү чечтиңиздер. Мунун зор тарыхый мааниси бар. Төрага биздин элдерибиз түбөлүккө дос болгону өтө маанилүү экенин белгиледи.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпин менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын бардык негизги маселелери талкууланганын билдирди. Ошондой эле Кытайдын акыркы жылдардагы ийгиликтерин кубаттап, Кыргызстан кыргыз-кытай алкасынын өнүгүшүнө өзгөчө маани берерин айтты.

— Төрага Си Цзиньпиндин жетекчилиги алдында Кытай Коммунисттик партиясы бүгүн турмушка ашырып жаткан новатордук концепциялар, идеялар жана стратегиялар кытай коомунун кеңири катмарлары тарабынан кызуу колдоо табууда, бул жарандардын ишениминин жогорку деңгээлде экенин, бекем ички баш кошкондуктун жана өз мекенинин тагдыры үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшүүгө даярдыктын далили болуп саналат. Биз чыныгы досубуз, ишеничтүү өнөктөшүбүз жана жакшы кошунабыз болгон кытай элинин жетишкендиктери үчүн ар дайым кубанычтабыз. Биздин кызматташтыкты биз жогору баалайбыз.

Жээнбеков сапар алкагында Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз гранттык негизде 600 миллион юань берүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди жана ал каражат кайсы тармактарга жумшаларын ачыктады.

— Кытай Кыргызстанга 600 млн юань бөлөт. Тиешелүү макулдашууга визиттин алкагында кол коюлду. Бул каражат жол куруунун үчүнчү фазасына жана фитосанитардык лабораторияларды курууга жумшалат. Ошондой эле акчанын бир бөлүгү археологиялык казууларга да сарпталат.

Маалымат боюнча акча 2020-жылдан баштап бериле баштайт. Андан сырткары Кытай таза суу менен аймактарды камсыздоого Кыргызстанга кайтарымсыз 100 млн доллар бөлөөрү белгилүү болду. Президенттик аппараттын экономика жана финансынын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова аталган каражат 2019-жылдан тарта бериле баштаарын кабарлады.

— Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин таза суу долбоорун толугу менен колдоду. Биз бул проект боюнча 48 долбоорду бергенбиз, анын жалпы суммасы 100 млн долларды түзгөн. Бул грант Кыргызстанга чоң жардам болот. Биринчи каражаттар 2019-жылдан баштап бериле баштайт.

Сооронбай Жээнбеков Кытай сапарында «жашыл экономикага» өтүү тенденциялары жөнүндө айтып, кытай тарапка Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды. Аталган долбоор тууралуу Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу буларды белгиледи.

— «Жашыл экономикага» байланышкан тренддер боюнча Кыргызстанга электромобилдерди чогултуу, жасоо максатында демилге көтөрүлүп муну Кытай лидери колдоду. Бул боюнча Кыргызстан атайын даярдаган долбоор Кытай тарапка сунушталды. Биздин оюбузда эки өлкөнүн лидерлеринин талкуусунан кийин жакшы жыйынтыкка жетебиз.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапары менен Кытайда жүрөт. Бул визиттин алкагында экономикалык, социалдык, маданий тармактагы 10 документке кол коюлду. Бүгүнкү күндө эки мамлекетинин ортосунда 200дөн ашуун ар кандай мамлекеттик келишимдер бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache