Шашылыш кабар:

Атамбаевдин саясий билдирүүсү талкууга түштү

Атамбаевдин саясий билдирүүсү талкууга түштү
Саясат
0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов жана депутат Осмонбек Артыкбаевдин камалышы боюнча саясий билдирүүсү коомдун талкуусуна түшүп, экс-президенттердин кол тийбестиги боюнча маселени кайрадан жандантты.

Алмазбек Атамбаев билдирүүсүндө жылуулук борборду модернизациялоо боюнча компанияны тандоо, Кытайдын 2 млн доллар грантын Калыс-Ордо конушундагы мектепке жумшоо чечими президент менен өкмөт тарабынан кабыл алынганын айткан. Сапар Исаков президенттин бөлүм башчысы, Кубанычбек Кулматов Бишкек мэри болуп турганда алар өз алдынча чечим чыгарууга укуктары болбогонун жүйө кылган. Андыктан аларга тагылган айыптарды негизсиз деп атаган. Мурдагы депутат Улукбек Кочкоров Атамбевдин бул билдирүүсүн «жоопкерчиликти өзүнө алуу» деп баалады.

— Ал киши (Алмазбек Атамбаев) экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамга таянып, менин кол тийбестигим бар, баардыгын өз мойнума алсам жоопкерчиликтен чыгып кетебизби деген ойду айтып жатат болуш керек. Эгер экс-президент баарын мен чечкем деген болсо анда ал бийликти узурпациялоонун белгиси болот. Анткени Конституция боюнча президенттин чарбалык иштерге кийлигишүүгө акысы жок.

Мурдагы өлкө башчынын акыркы камоолорго байланыштуу билдирүүсү экс-президенттердин кол тийбестик макамы боюнча талкууну жандантты. Буга чейин парламентте депутат Исхак Масалиев жылуулук борбордун айланасындагы чуулгандуу иштерден улам экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууну сунуштаган.

Кийин депутаттар Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзамдарды ыраатташтыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Анын авторлорунун бири Курманкул Зулушев «Марал» радиосуна курган маегинде азыр иш жүзүндө экс-президенттин кол тийбестиги жок экенин айткан.

— 2016-жылы кабыл алынган Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу эч нерсе жок. Баш мыйзамда экс-президент кол тийгис, жооп бербейт деген эч кандай укуктук ченемдер жок. Себеби алар 2010-жылы алынып салынган. Бул 2016-жылы дагы ушундай бойдон калган. Демек биз президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды сунуштаган жокпуз.

2003-жылдагы Конституциянын 53-беренесине экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугу кирип, кийин ошол эле ченем «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде көрсөтүлгөн. Баш мыйзамдагы ал укуктук ченем 2006-жылы эле алынып салынганы белгилүү болду. Бирок ал мыйзамда калып калган. «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесин карай турган болсок анда экс-президент кол тийбестик укукка ээ. Аны кармоого, камакка алууга, суракка алууга, тинтүүгө тыюу салынганы жазылган.

Мурдагы Юстиция министри Марат Кайыпов 2003-жылдагы Баш мыйзамга киргизилген экс-президенттин кол тийбестиги кандайча жокко чыгарылып калганын айтып берди. Ошондой эле мурдагы президенттер, анын ичинде Алмазбек Атамбаевди дагы жоопкерчиликке тартууга мүмкүн деп жатат.

— Кыргызстан 2010-жылы жайында референдум жолу менен жаңы Конституцияна кабыл алган. Кудум ушул 2010-жылдагы Конституцияда «буга чейин кабыл алынган мыйзамдар азыркы Баш мыйзамга каршы келсе иштебейт. Каршы болбогон мыйзамдар гана иштейт» деп жазылган. Ал эми 2003-жылдагы Конституциядагы президенттин кепилдиктери жөнүндө мыйзам 2010-жылдагы Баш мыйзамга түздөн-түз каршы келет. Демек ал иштебейт. Бул жоболор иштебегенден кийин экс-президенттерди эч кимден уруксат сурабай эле жоопко тартса болот.

Алмазбек Атамбаев жылуулук борбор боюнча чечимдерди кабыл алууда өлкөдөгү президенттин негизги ролу, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигинин таңкыстыгы эске алынганын жүйө кылган. Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндөгү аракетине төмөнкүдөй баа берди.

— Алмазбек Атамбаев мен Конституциялык укуктарымдын алкагынан чыгып кеттим дегенди моюнуна алууда. Ал «мамлекеттик органдардын дефицитинен мен бардык нерсени моюнума алдым» деп. Демек экс-президент өз ыйгарым укуктарынан чыгып кеткенин сезип жатат. Бирок актануу үчүн ушуларды айтып жатат. Карап көрсөк жоопкерчилик дефицити эмес эле үч министрлик келишимге каршы болуптур.

Жылуулук электр борборунун айласындагы иштерге байланыштуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-мэр Кубанычбек Кулматов, депутат Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (Коорупция) боюнча айып тагылды. Ушуну менен жылуулук борборуна байланыштуу иштер боюнча баш аягы 12 адам камалды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache