Биз менен байланышыңыз

Асанов: Тигүүчүлөргө ипотека берилиши мүмкүн

Күн чабыт | 14 Ноя 2018 | 1339 | 0

7-ноябрдан тарта Бишкекте Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтүп жатат.

Анын алкагында Кожомкул атындагы спорт ордосунда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн тигүүчүлүк өндүрүштөрүнүн жарманкеси өңдүү иш-чаралар өтүүдө. Бул жумалык өкмөт жана «Легпром» жеңил өнөр жай ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Саамалыктын негизги максаты жана тигүү тармагынын абалы тууралуу аталган ассоциациянын төрагасы Сапар Асанов «Күн чабыт» программасында айтып берди.

Кыргызстандын аймагында азыркы тапта тигүүчүлүк өндүрүш жумалыгы өтүп жатат. Саамалыктын негизги максаты эмнеде?

Жумалыктын негизги максаты, тигүү тармагындагы көйгөйдү талкуулап ортого салуу. Ошону менен бул тармакты дагы бир тепкичке көтөрүү болуп саналат. Тармакка кандай жеңилдиктер жана жардам керектигин өкмөт менен чогуу аныктап чыгуу. Жумалыктынн алкагында, жалаң эле көргөзмө-жарманкелер эмес тегерек столдор дагы өтүп жатат. Ага өкмөт, ишкерлер көйгөйдү айтып калбастан аны чечүү жолдорун карашууда. Бардык ишти жети күнгө батырып калууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Кудай буюрса жумалыктын соңун премьер-министрдин катышуусу  менен жыйынтыктайбыз. Ал жерде бир гана ишкерлер эмес, Кыргызстандын тигүү тармагын мыкты чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аныктайбыз.  

Эки-үч күндөн бери мода жумалыгы өтүп жатат. Анын алкагында жаш жана тажрыйбалуу дизайнерлер арасында конкурс өтүп, жеңүүчүлөрүнө өкмөт башчынын катышуусунда сыйлыктар тапшырылат. Буюрса жумалыктын жыйынтыгында жакшы чечимдер кабыл алынат деген чоң үмүтүбүз бар. Анткени коңшу мамлекеттер дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берүү жолдорун талкуулап жатышат. Мисалы, Өзбекстан канчалаган жеңилдиктерди берди. Ишкерлер салыктардан бошотулду. Ошонун негизине биз дагы өзүбүздүн бара турган жолубузду аныктап, алдыга кадам таштоо максатын көздөйбүз. 

-Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тигүү тармагында абал кандай?

Азыркы учурда Кыргызстандын тигүү тармагында абал жаман эмес. Начар деп айтууга болбойт. Алдыга жылып жатабыз.  Бирок бул тармактын эң жогорку чекке жеткен көрсөткүчүнө экинчи ирээт жете элекпиз. Анткени 2012-жылы гүлдөгөн учур болгон. 2013-14 жана 2015-жылы басаңдоо өкүм сүрдү. Бул Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенден эмес, дүйнөлүк кризистен жана доллардын курсунун өзгөрүүсүнөн болду. Бирок 2016-жылдан баштап, кайра  кичинеден жыла баштады. Жылына 15-20 пайыз  өсүш бар. Бул жакшы көрсөткүч. Эгер ушул нукта иш алдыга жылса, жетишкендиктер болот деп жатабыз. Анткен менен ошол эле маалда  тез арада чечилиши керек болгон маселелер дагы бар.

Ал кайсы көйгөйлөр? Ачыктап өтсөңүз?

Биздин тармак толук экспортко байлангандыктан бизге буюртмалар көп түшөт. Айрым учурда ири соода түйүндөр менен келишимдер түзүлүп жатат. Бирок чоң буюртмаларды аткарууга жумушчулар жетишпейт. Азыркы учурда миңдеген орундар бош турат. Биринчи көйгөйүбүз ушул. Андыктан тигүүчүлөрдү тартуу үчүн шык беришибиз керек. Бүгүнкү күнү биздин тармакта иштегендердин жаш курагы 35-40 жашты түзөт. Биз жаш кадрларды тарта албай жатабыз. Ошондуктан аларга мамлекеттик ипотекалык насыя берүү жагын өкмөт менен караштырабыз. Бирок азырынча так жооп боло элек. Бирок ушул жагы чечилүүсү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Антени жаштардын көбүндө турак-жай маселеси чечилген эмес.

-Маегиңизхге чоң рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM