Шашылыш кабар:

Бишкек – Кара-Балта жолунун четиндеги турак үйлөр сүрдүрүлүп жатат

Бишкек – Кара-Балта жолунун четиндеги турак үйлөр сүрдүрүлүп жатат
Коом
0

Транспорт жана жолдор министрлиги Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушунан кабар алды. Анда жол кеңейтилип,  15-61 чакырымга чейинки аралыкта жолдун чекесине чыккан үйлөр сүрдүрүлүп жатат. 

Бишкек –Ош унаа жолунун Бишкек – Кара-Балта бөлүгүнүн 45-чакырымы жаңыртылып жатат. Жолдун курулуш ишинен траспорт министрлиги кабар алды.  Жолдун 15 -61 чакырымын куруу боюнча Кытайдын «Чайна Рейлвей» компаниясы менен келишимге 2017-жылы кол коюлган. Курулушка жалпы Кытайдан келген  89 техника тартылган. Анда 174 жумушчу иштеп жатат. Анын 100 жергиликтүү тургундардан болсо, калган 74 кытайдан келген жумушчулар түзөт. Бул тууралуу  «Чайна Рейлвей» аткаруучу  компаниянын өкүлү Лай Сянде кабарлады. Анын айтымында жолдун курулуш иштери 2020-жылы аякташы керек.

2017-жылдын 28-март күнү биз Транспорт министрлиги менен келишим түздүк.  Апрель айынан баштап курулуш ишин баштадык. Келишимдин баасы 70 млн $ түздү.  Курулуш иштеринин убактысы 36 ай же үч жыл деп белгиленген. Кара –Балта – Бишкек  жолунун жалпы  узундугу  45 км же 15.9 чакырымдан  61 километрине  чейин. Бул аралыкта биздин милдетке  жолдуу оңдоо, көпүрө куруу , суу түтүкутөрүн  орнотуу кирет. Бул жумушка жалпы 174 жумушчу тартылган. Алардын 74 гана Кытайдан келгендер түзөт.

 Жолдун узундугу 45 чакырымды түзгөнү менен туурасы 20-26 метр. Тагыраагы жолдун  үч чакырымдагы кеңдиги 26 метрди түзүп, алты тилкелүү болот. Калган 42 чакырымы  20 метр кеңдикте 4 тилкелүү болуп үч катмар менен салынат. Бул иштерди учурда Испаниянын  «Ептика» компаниясы тараптан көзөмөлдөнүп  жатат. Көчмө лабораториянын жардамы менен аткаруучу компаниянын иши көзөмөлгө алынып жатат. Ошону менен бул жолго  11 жылдык кепилдик  берилээрин аталган компаниянын компаниянын колсультанты  Изатбек Токтомамбетов айтып берди.

Атайын лабороторияда күнүгө анализ жүргүзүлүп,  тест  алынып жатат. Жыйынтыгы бир сааттын ичинде чыгат. Эгерде  материалдардын сапаты бузулуп, начар экени аныкталса дароо жыйынтыкты беребиз. Аткаруучу компания бул кемчиликти дароо оңдошу керек.  

Азыр жолго:

 -Асфальт 3 катмардан турат;

— Топурак 33 сантиметр;

 -Шагыл 23 сантиметр;

Ошону менен 66 сантиметр калыңдыктагы жаңы асфальт жолу салынат.

Кепилдик 11 жылга берилет. 11 жылга чейин бул жолдордо капиталдык ремонт болбошу керек.

Бул компания Кыргызстанда биринчи жолун ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Жолго керектүү материалдар Кара-Балтадагы Ак-Суу карьеринен алынууда. Негизги үч материал суткасына 320 тоннага жакын чыгып  жатат деди, атайын өкүл Ван Цзинь Цзинь.

Бул жакта асфальт завод, бетон заводу жана таштарды майдалоочу  завод жайгашкан.

Асфальт заводу саатына 320 тонна асфальт чыгарат. Бетон заводу 8 сааттын ичинде 240 куб бетон чыгара алат. Таштарды майдалоочу завод саатына 320 тонна ташты майдалайт. Асфальтка даярдалган бардык материалдар Ак-Суу карьеринен алынып жатат..

Талапка ылайык, жолдун туурасы кеңейтилип жаткандыктан  жолдун чекесиндеги үйлөр сүрдүрүлүп жатат.  Бишкек-Кара-Балта  жолунда жалпы 284 трук-үйлөр жана чарбалар алынышы керек. Чечим атайын жумушчу комиссия тараптан чыккан. Жолдун 15 -61 чакырымында учурга чейин 2 толук, 2 кошмок үй, 17 контейнер жана 3 мамлекетке караган тосмолор сүрдүрүлдү. Бирок буга жергиликтүү тургундар нааразы.

Менин үйүмдүн кызыл китеби бар болчу. Бул бир бөлмөлүү кичинекей үйгө дагы кызыл китеп беришти. Бул маселе боюнча нааразычылыгым жок. Бирок, дагы 150 миң сом кошуп беришсе мага ашыкча болбойт эле. Мен 3 баланын апасымын, эгерде акча кошуп беришсе бир бөлмөлүү үйдөн экини алып, балдарымды жайгаштырып коет элем.

Бул турак үйлөр комиссиянын кароосунун негизинде бааланып, жашоочуларга компенсация төлөнүп берилүүдө.

Кошумчалай кетсек, Бишкек –Кара-Балта унаа жолу 2020-жылга чейин толук бүтүшү керек. Толук кепилдикти компания  бир жылга алат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache