Биз менен байланышыңыз

2019-жылдан тарта айыл өкмөттөрдүн бюджетинин 75% өзүндө калат

Пикирлер | 14 Ноя 2018 | 571 | 0

2019-жылдан тарта айыл өкмөттөрдүн бюджетинин 75 пайызы жергиликтүү казынага калат. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы өкмөттөрдүн бюджети толугу менен жергиликтүү казынага калат. Жаңы жылдан тарта дотацияда турган айыл өкмөттөргө 3 жылга чейин теңдөөчү каражат берилет. Анын алкагында жыл ичинде бир топ айыл өкмөтү жана Айдаркен шаарчасы дотациядан чыгат.

«Теңдөөчү грантка 1 млрд сомдон ашуун каражат кетет. 384 айыл өкмөтү, же болбосо 83%дан ашыгы дотацияда турат. Аймактарды өнүктүүрүү жылынан алкагында жыл башынан бери 3 жумушчу топ түзүлгөн. Кыргызстанда өз алдынча башкарууну өнүктүрүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасын иштеп чыкты. Анда 3 багыт, 8 милдет жана 27 иш-чара каралган. Ал багыттардын бюджети эсептелип жазылган. Иш-чараларга кошумча каражат бөлүнгөн жок. Биздин агентттикке каралган акча менен иштеп жатабыз», — дейт Байдылдаев.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эл аралык 4 донор уюм 180ден ашык айыл өкмөттө иш алып барууда. Алар негизинен социалдык объектилерди куруп, аймактын инфрастуктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп жатат.

Алсак, быйыл «Ага Хан» фонду тарабынан тоолуу аймакта жайгашкан 32 айыл өкмөтүнө 580 миң доллар бөлгөн. Ал эми GIZ Германия кызматташтыгынын колдоосу менен 48 айыл өкмөттө 67 долбоордун алкагында 8 млн сомдон ашык каражатка иш алынып барылган.

Белгилей кеткек, Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM