Шашылыш кабар:

Нурбаев: Кытайдын мүмкүчүлүктөрүн колдоно албай келдик

Нурбаев: Кытайдын мүмкүчүлүктөрүн колдоно албай келдик
Күн Чабыт
0

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапары менен Кытайда жүрөт. Бул визиттин алкагында экономикалык, социалдык, маданий тармактагы 10 документке кол коюлду.

Биз ушул теманын тегерегинде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев менен маектештик.

Марал: Учурда кыргыз-кытай мамилеси кандай жана Кыргызстан Кытай тарап менен болгон алакада мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып жатабы?

Абдывахап Нурбаев: Кыргыз-кытай мамилеси буга чейин деле жакшы болуп келген, бул визиттен кийин дагы бийик деңгээлге чыкты деп айтсак болот. Биз ошол эле жаңы технологияларды Кыргызстанга алып келүү боюнча өзүбүздүн эң жакын кошунабыз Кытайдын мүмкүчүлүктөрүн колдоно албай келдик. Эми мамилебиз дагы жакындашты, экономикалык жактан кыйла пайдалуу болот деген үмүт бар.

Марал: Кытай калкынын саны жагынан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Кыргызстан Кытайга эмнени экспорттосо болот?

Абдывахап Нурбаев: Көлөм жагынан биздин күчүбүз жетпей жатат. Бирок сапат жагынан экологиялык таза продуктуларыбызды сата алабыз. Ошол эле мөмө-жемиштерди, этти таза өндүрүп, кымбат баада сатсак болот. Бул жагынан бизде чоң мүмкүнчүлүк бар.

Марал: «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдалануу боюнча келишимге дагы кол коюлду. Бул долбоор Кыргызстанга эмне берет?

Абдывахап Нурбаев: Аталган газ кууру Кыргызстан аркылуу транзит болуп өтөт. Мындан биздин өлкөгө жыл сайын жакшы эле акча түшүп турат. Кийин келечекте ошол газ куурун колдонуу мүмкүнчүлүгүн дагы алсак болот. Бул азырынча долбоордо жок, бирок канча бир жыл өткөндөн соң бул маселени Кытай тараптын алдына коюуга мүмкүн. Ал газ кууру түштүк аймагы аркылуу өтүп жатат, демек аталган аймакка газ алсак болот.

Марал: Жээнбековдун сапары алкагында азырынча бир нече жылдан бери сөз жүзүндө айтылып келе жаткан Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маселе козголо элек. Мунун себебин эмнеден көрүп жатасыз жана бул темир жол долбоору жакынкы убакта ишке ашпайт дегенди билдиреби?

Абдывахап Нурбаев: Менин пикиримде бул долбоор боюнча азыр жумушчу топ темир жол каяктан башталып кайдан бүтөт схемалары сүйлөшүп жатат болуш керек. Азыр эң башкысы темир жолдун курулушуна Өзбекстан абдан кызыктар болуп, өзүбүздүн акчаны дагы салууга даярбыз деп жатат.

Эгер бул сапарда кабыл алынбаса дагы ушул жылдын аягына чейин чечим кабыл алынса жакшы болмок. Антнкени бул биз үчүн пайдалуу болмок. Кыргызстан транзиттик өлкө болуп, өз товарыбызды океанга алып чыгууга дагы мүмкүнчүлүк алабыз. Себеби биз учурда соода-экономикалык жагынан алганда азыр көз карандыбыз да.

Кыргызстандын президентинин аталган долбоор боюнча пикири дагы жакшы. Өлкөдө ушул долбоор боюнча атайын жыйын кылып, адистерди чакырып чоң жыйын кылган. Азыр Транспорт министрлиги долбоордун үстүнөн иштеп жатышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache