Шашылыш кабар:

Көчмөндөр оюндары: Режиссерлук топтун кызматы 7,5 млн сомго бааланды

Көчмөндөр оюндары: Режиссерлук топтун кызматы 7,5 млн сомго бааланды
Билим жана Маданият
0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын койгон режиссердун кызмат  7,5 млн сомго бааланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Быйыл күздө өтө турган III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына канча акча сарпталаары  белгилүү болду. Ал үчүн республикалык бюджеттен 316 млн 700 миң сом каралган. Бүгүнкү күнгө чейин 10 млн 846 миң сом которулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Ведомствонун маалымат катчысы Гүлмира Түгөлбаева каражаттар  Маданият министрлигине жана Спорт агенттигине бөлүнүп берилип жатканын айтты.

Бул каражаттардын ичинен Маданият министрлигине 175 млн сом, спорт дене тарбия  агенттигине 128,1  млн көчмөндөр оюнун уюштуруу боюнча  катчылыкка 3,6 млн сом.  Ал эми этно маданият жана ат спортун өнүктүрүү борборуна 10 млн сом каралган. Аныкталган сумманын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 10 млн 846  миң сом бөлүнүп берилди. Ал эми калган сумма июнь, июль айларында этабы менен каржыланат.

Бул каражат III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жана байгелерге керектелет. Бирок аталган каражат уюштурууга кеткен каражаттын 50  пайызын гана түзөт. Ошондуктан  көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылык тараптан демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр  жүрүп жатканын катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов «Марал» радиосуна кабарлады.  Сентябрь айына чейин алар тараптан 300 млн сом чогултуу планы бар экенин айтып, быйыл демөөрчүлөрдүн эсебинен өтө турган иш чаралардын тизмеси менен тааныштырды.

Анын 128 миллион сому спорттук иш чараларга , 128 миллион сому ачылыш жана жабылыш иш чараларына, 50 миллион сому Кырчын жайлоосуна берилди. Андан тышкары бул проекттин 50 пайызын мамлекет төлөп берет, калган 50 пайызын дэмөөрчүлөр менен иштейбиз. Демөөрчүлөрдүн 50 пайызы толуктала элек. Бирок күзгө чейин 300 миллионго жакын каражат чогултабыз деп турабыз. Азыркы учурда Кумтөр өз жагынан 50 миллион сомго жакын жардамын бергенге даяр турат.

Ал арада Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземин кое турган режиссердук топтун кызматына делген каражат коомчулуктун  талкуусуна жем таштады. Мамлекеттик сатып алуулар порталында алардын акысы 7,5 млн сом деп көрсөтүлгөн. Мында башкы режиссер чоң мааракени театралдаштырылган концерттик программаны иштеп чыгат жана көрүүчүлөргө  тартуулайт. Ошондуктан белгиленген сумманын ичине 57 кызматкердин бир жылга жакынкы убакыттагы маянасы камтылганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Муратбеков айтып берди.

-Айтылып жаткан 7,5 млн сомдун ичине режиссердук топко кирген 57 адамдын айлык акысы,  ганорарлары бар. Мунун ичинде биздин башкы режиссер, сценарий жазгандар, режиссер-коючулар кирген.

Маданият министрлигинин маалыматында иш чарага башкы режиссердук кылуу жана анын командасын өкмөт башчынын тандоосу менен бекитилгенин кабарлайт.

Башкы режиссер Алтынбек Максүтов болсо, режиссердук топ ишин бүгүн эмес беш ай мурун баштаганын белгиледи. Анын айтымында, топтун катарын жалаң гана өз ишин мыкты билгендер толуктайт. Айлыктары 10 миң сомдон жогору эсептелинген.

Бул топтун иштеп келатканына жарым жылга жакындады. Бирок алар боюнча айта берсек ар кандай сөздөр чыга берет. Бирок келип эмне жумуш жасалып жатканын көрүү керек. Бери жакта отуруп айтып жаткан кишилер сунуштаган адамдар кыла алабы… Азыр режиссердук топко киргендер күндүр-түндүр иштеп жатышат. Алар Кыргызстанда көп жылдык тажрыйбасы бар чыныгы адистер.

Буга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө «Центерра голд компани» ишканасы башкы демөөрчү болуп, 750 миң доллар бөлгөнү кабарланган.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл аймагында өтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache