Шашылыш кабар:

Кыргызстан-Кытай газ кууру: Бюджетке 2 млрд доллар акча түшөт

Июнь 6th, 2018 | by Бахар Хакимова
Кыргызстан-Кытай газ кууру: Бюджетке 2 млрд доллар акча түшөт
Күн чекит
0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга жасаган сапарынын жүрүшүндө бир катар жетекчилер менен жолугат. Экономикалык багытта Кыргызстандын аймагы аркылуу өтө турган газ куурунун долбоору боюнча келишим каралаары күтүлүүдө. Бул долбоор кандай ишке ашат жана пайдасы канчалык? Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков «Күн чекит» программасында суроолорубузга жооп берди.

Марал: Кыргызстан-Кытай газ куурун ишке ашыруу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапарында маселе көтөрүлөрү күтүлүп жатат.  Бул долбоор кандай ишке ашат? Кайсы өлкөгө пайдасы көбүрөөк тиет?

Алымбек Орозбеков: Долбоордун негизинде Кыргызстандын Алай-Чоң Алай районунда узундугу 215 чакырым газ өткөргүч курулат. Долбоордун кубаттуулугу – 30 млрд кубометр.

Негизи Кыргызстан-Кытай газ кууру — жалпы 1 миң чакырымды түзгөн Түркмөнстандан Кытайга чейинки газ куурунун бир бөлүгү. Өзү жалпы 4 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү Өзбекстанда-180 чакырым, Тажикстанда -400 чакырым, Кыргызстанда — 215 чакырым, калган газ кууру Кытайдын аймагында болот.

Газ куурун куруу долбооруна 2013-жылы кол коюлуп, Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөн. Азыр курулуш иштерин аяктоонун мөөнөтү узартылып жатат. Себеби дүйнөдө газга болгон баанын өзгөрүшү, экинчиден башка мамлекет мүчөлөрү менен макулдашуу, кошумча изилдөө жүргүзүү керек болуп жатат. Анын үстүнө Тажикстан аймагынын ландшафты аябай татаал. Ошондой эле, бул келишимди парламент бекитердин алдында толук изилденген. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө эч кандай коркунуч туудурбайт.

Марал: Долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан Кытайга кайсы аймактан канча гектар жер бөлөт?

Алымбек Орозбеков: Газ куурун куруу үчүн жер убактылуу мөөнөткө ижарага берилет. Ал эми колдонууга узак мөөнөткө 35 жылга берилет. Ошондой эле, газ кууру компаниянын жеке менчиги болуп эсептелет. Газ кууру жер алды менен өтүп, анын жээгине эч кандай тосуучу түзүлүштөр курулбайт. Курулуш иштери бүткөн соң компания калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жери тууралуу айтсам, Карамыктан тарта Чоң-Алай, Алар райондору, Эркештам аймагы камтылат.

Марал: Газ куурун куруудан биздин бюджетке канча киреше түшөт?

Алымбек Орозбеков: Эгер газ кууру эң максималдуу кубаттуулук менен иштесе, келишимдин негизинде 35 жылдын ичинде бюджетке 2 млрд долларга чейин акча түшөт. Орто жылдык төлөм 70-75 млн долларга жетет. Андан башка, Кыргызстандын жарандарына жумушчу орун түзүлүп, миңге жакын киши курулуш иштерине тартылат. Газ куурун колдонуу учурунда станциялык жайларды тейлөө үчүн 140 адам иш менен камсыз болот. Бишкекте диспетчердик пункт ачылып 70 адам жумуш менен камсыз болот.

Марал: Бул долбоордун ишке ашуусу мурунтан эле пландалып келген, эми президенттин сапарында протоколго кол коюлса, долбоор реалдуу түрдө качан иштеп баштайт?

Алымбек Орозбеков: Кытайдын компаниясы менен сүйлөштүк, 2022-жылдын аягында реалдуу иштеп баштайт. 2019-жылдан тарта бардык курулуш иштери аяктайт. Бул долбоорго жүз пайыз деңгээлде инвестициялык каражат тартылат, бюджеттен бир сом да алынбайт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache