Шашылыш кабар:

Артыкбаев ЖЭБ келишиминин башында турганбы?

Артыкбаев ЖЭБ келишиминин башында турганбы?
Саясат
0

Башкы прокуратура 5-июнда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМК аны камакка алды.

Башкы прокуратура тараткан маалымат боюнча 2012-2013-жылдары «Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоору боюнча «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна төрт компаниядан сунуш түшкөн. Ошол кезде Энергетика жана өнөр жай министри болуп турган Осмонбек Артыкбаев «Кыргызстанга ыңгайсыз болгон компания менен келишим түзүүгө барган» деп айыпталууда. Башкы көзөмөл органы козгогон иштин алкагында ал камакка алынганын УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов кабарлады.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында КР ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмышка шектүү адам катары Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Маселен прокуратуранын маалымдашынча Кытайдын CMEC ишканасы жылуулук борборду 356 млн долларга модернизация кылуу боюнча сунуш берген. Андан тышкары аталган компания энергетика долбоорлору боюнча эл аралык келишимдерди жүзөгө ашыруу менен алектенип келген. Андыктан бул Кыргызстан үчүн оңтойлуу сунуш болгон.

Ошол эле учурда «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун утуп алган Кытайдын дагы бир ТВЕА компаниясы аталган долбоорду 390 млн долларга ишке ашырарын айткан. ТВЕА энергетика тармагында мындай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок болгон.

Энергетика жаатындагы адис Расул Үмбеталиев «бул ишкана менен келишим түзүүнүн башында экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаев турганын айтат.

— Бул ишти мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев баштаган. Демилгени көтөрүп, депутаттарды Кытайга алып барып, келишим түзүшкөн. Артыкбаев ушунун башында турган. Анын убактылуу кармоочу жайга киргизилиши туура.

Ал эми Артыкбаев буга чейин ТВЕА менен келишим түзүү ал Энергетика жана өнөр жай министри болгонго чейин эле дээрлик чечилип калганын айтып келген. Ошондой эле жылуулук борборду модернизациялоо долбоорунда анын ошол кездеги орун басары Айбек Калиев иш алып барганын билдирген. Андан сырткары президенттик аппараттан тапшырмалар келип турганын дагы жашырган эмес. Деген менен V чакырылыштын депутаты Нарынбек Молдобаев ЖЭБди жаңылоонун башында Артыкбаев турганын айтып жатат.

— Артыкбаевди ошол учурдагы негизги фигуранттардын бири деп эсептейм. Анткени биринчи сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, акчаны алып келгендер ушулар болгон. Кытайга дагы баргандар ушулар. Кийинкилер болгону аны ишке ашырды. Калиев кимдин кишиси экенин билбейм, бирок ал жапжаш бала болчу. Ал орун басар болчу, ал эми орун басар эч нерсени чечпейт.

Башкы көзөмөл органы кабарлагандай 2013-жылы Артыкбаевге президенттик аппараттан кызматтык кат келип, анда ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүүгө жана аны тандоого артыкчылык берүү керектиги белгиленген. Артыкбаев андан соң бир нече жолу келишимдик макулдашууну бекитүү тууралуу жыйын өткөрүп, ТВЕА сунуштаган шартта аны менен тез арада келишим түзүү зарыл экендигине басым жасаган. Бирок парламент депутаты Анвар Артыков Осмонбек Артыкбаевге жеңилирээк бөгөт чарасы каралышы керек эле деп эсептейт.

— Булар качып кетпесе деле керек эле. Үй камагы болсо деле ушундай чара колдонсо болмок. Бирок эми соттордун ишине кирише албайбыз. Териштирип жыйынтык чыгарышсын. Андан кийин баа беребиз.

2013-жылы «Электр станциялары» ишканасы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу «EPC» эл аралык стандарты боюнча келишим түзүлгөн.

Башкы прокуратура билдиргендей бул келишимде «Электр станциялары» курулуштун чыгымдарын көзөмөлдөө жана ага таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache