Шашылыш кабар:

Акаев: Өкмөт олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизе алат деген үмүттөн кайта баштадым

Акаев: Өкмөт олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизе алат деген үмүттөн кайта баштадым
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Кечээ. Бүгүн. Эртең” программасынын бул жолку чыгарылышында Жогорку Кеңештин депутаты  Жанар Акаев менен саясаттын талылуу маселелери тууралуу маек курдук. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

— Жанар мырза, адатта бул уктуруубузга саясатчыларды чакырып маектешчү элек. Бирок, бүгүн  саясатчылардын жаңы мууну  катары сизди чакырып отурабыз. Айтыңызчы, а сиз өзүңүздү саясатчымын деп эсептейсизби?

— Албетте, жок. Анткени парламентке келгениме эки гана жыл болду. Журналист болуп жүргөндө саясий окуяларга байланыштуу маалымат даярдап жүргөндүктөн саясат мага жат тармак эмес. Бирок мыкты саясатчымын дегенден алысмын. Парламентте ишмердүүлүк жүргүзүп жатканыма эки жыл болду, баары алдыда.

— Журналистикада 7 жыл жүрүп мамлекеттик кызматка аралаштыңыз, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп иштедиңиз. Журналистикада өзүңүздү эркин сездиңизбе же маалымат саясатын башкаруудабы?

— Журналистиканын милдети — маалыматты өкмөткө, коомчулукка сунушутоо, бирок чечим кабыл албайбыз. Ал эми парламентте чечим кабыл алууга көбүрөөк салым кошосуң. Өкмөткө сунуш, тапшырма берип, маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Журналист көйгөйдү чечүү боюнча тапшырма бере албаганы менен айырмаланат. Эркин медиада иштеп жүргөндүктөн, бир окуя болсо дароо телефонума тарта калып, ушуну биринчи чагылдырып калсак экен дегендей аракеттер болчу. Мамлекеттик кызматка келгенде окуяны тартып элге чагылдыруу эмес, көйгөйдүн чечилүү жолдору, ага жооптуу кишилер, кырсыктын кесепетин иликтеп, мамлекетчилдик сезим пайда болду.

— Бирок кээде калемди колго алгыңыз келген учурлар болсо керек…

— Сөзсүз, алгачкы күндөн тартып эле. Аида Салянова Башкы прокурорлук  кызматтан кеткенде президентке маалымат катчы болуп дайындалып калдым. Журналисттердин бары Салянованын кызматтан кеткени боюнча коментарий ала албай издеп жүрүшкөн. Мен Салянованы 7 кабаттан көрүп калдым. Жаңы кызматымды унутуп калып, анын жанына барып учураштым. Дароо себептерин сурап, дикрофон сунганга даяр болуп калганда саламдашып коюп, кайра кайттым. Башында КСДПда айрым кесиптештерим шекшип, “бул журналисттер менен дос, алар менен чай ичип жүрөт” деп мага ишенбей жүрүштү. Фракциядагы жабык жыйындарды маанилүү чечимдерди кабыл алынат да. Жабык жыйындарды кеминде алты айдан соң мага ишеништи. Жашыруун нерселерди сүйлөшкөндө мени бир карап коюшчу.

— Атамбаев менен бирге иштегендер анын табитин таба билүү кыйын экенин айтып калышат. Ал эми сиз үчүн кандай болду?

— Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен болгону 6 ай иштештим. Анын командасындагы ишенимдүү, таасирдүү, чечүүчү адам болгон жокмун, буга ыраазы болуп калдым.

— Эмне үчүн сизди жакындаткан жок деп ойлойсуз?

— Мен парламенттик шайлоого аттанаарымды билишкен. Маалымат катчы катары убактылуу иштеп турушум сүйлөшүлгөн. Парламентке барганга чейин бираз иштеп туруу оюмда бар эле. Ал учурда азыркыга караганда жай турмуш болуп, Атамбаевге доомат аз болчу. Аны жаман иштеди деп айта албайм. Мен иштеп турган 6 айда саясий камоо, журналисттер менен сотошуу болгон эмес. Президент экөөздүн ортобузда орто мамиле болду, пикир келишпестик жок эле. Биз абдан жакын болуп, мамлекеттин тагдырын чечип, сынай турган кырдаал болгон жок. Атамбаевге өлкөдөгү кырдаал, ЖМКга ачык болушу тууралуу көп маселерди айтчубуз. Президенке жанындагылар маалымат жибербейт дегенди көп угам. Президенттер да эл билген маалыматты карап, элдин пикирин окуйт. Такыр убактысы болбой  калышы мүмкүн эмес. Аппарат кагаздарды даярдап, чечимге келүүчү гана нерселерди сунуштайт. Ошондуктан сөзсүз сыналгы көрөт, кээде социалдык тармактарды карап коёт.

— Саясатка адилетсиздикке каршы турган көз карашыңыз жетелеп келдиби же Атамбаевдин дагы таасири болдубу?

— Көбүнчө эки тараптуу сөздөрдү угуп калам. Парламентке келип, пикир келишпестиктин айынын фракциядан чыгарылганымда көпчүлүк “Атамбаев сени депутат кылып, парламентке алып келип көтөрүп койсо, сенин ушинткениң туура эмес” деди. Айрым досторум жумшак тил менен айтып көрүштү, өзүм да интернеттен окуйт элем. Бирок ошолордун жарымы Атамбаев менен Жээнбековдун тирешинен кийин менин туура кылганымды айтышты. Фракциядагы депутаттар “ошондо бизди ала кетпейт белең, бир тараптуу болуп кыйналып жатабыз” деп тамашалап калышат. Экс-президенттин мени чакырып, КСДПнын тизмесине кошкону — партиянын жана менин кызыкчылыгымды ойлоп салым кошкону. Ал киши балким саясий, моралдык колдоо көрсөттү. Мен аны эч качан танбайм. Бирок маселенин эки жагынан карайм. Атамбаев болосо Акаев парламентке келбей калмак деген пикир да жаңылыштык. Мен КСДПга кошулганга чейин азыр парламентте отурган 3-4 партия сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алдыңкы тизме менен парламентке бара турган болуп жаткан учурда КСДП чыкырып, өздөрү сунуш берди. Экинчиден, эч качан Атамбаевге кызмат сурап барган эмесмин. Ал менин кадыр баркым жогору экенин, жаштарды колдоого алуу ниети бар болгонун айтып сунуштаган. Ошондуктан Алайда кой кайтарып жүргөн жеримден алып келип парламентке кошуп койсо түшүнөт элем. Мен деле буга чейин журналист катары облустарга барып, элдин көйгөйү менен таанышып, коомчулукка белгилүү болуп калган элем. Чындыгында муктаждык эки тараптан да бар эле.

— Мамлекет башчынын маалыматтык саясатын башкаруу жогорку мамлекеттик бийликке аралашуунун же парламентке келүүгө трамплин болуп бере алат бекен деген ой жаралат. Анткени эл өкүлү Каныбек Иманалиев дагы мурда Акаевдин маалымат саясатын башкарган. Бул  кандайдыр бир деңгээлде таасир этүүчү рычагбы?

— Эгерде катчы саясий окуяларга киришип, парламентке кирет элем деген ою болсо президентке жакын адам катары тизменин алдыңкы катарына кошулууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бирок көпчүлүгү калаабайт. Журналисттердин баары парламентке кетип калбай, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөндөр да болушу зарыл. Парламенке Атамбаевдин партиясы менен бараарым кыска убакытта чечилген. Бирок булар талапкерлер жөнүндө коомдук пикирди билип, эл кимге добиш беришин көз карандысыз уюмдардын жардамы менен сурамжылоо өткөрүшкөн экен.

— Айтсаңыз, КСДП фракция катарынан чыгарган учурда сиз партиялаштарыңызга таарынычыңыз жок экенин, аларды түшүнүү менен кабыл алаарыңызды айттыңыз эле. Бүгүн ошол эле фракциядагы бир топ кесиптештериңиз Атамбаевдин айыптарын ачык айтып чыга башташты. Алар менен мамилеңиз кандай?

— Мени фракциядан чыгаруу боюнча чечим кабыл алынаарын угуп, түнү менен Оштон учуп келдим. Келбей койсом да болмок. Бирок жыйындын башында сөз алып “Депутттар мен силерден суранам, мени фракциядан чыгарууга «макул» деп добуш бергиле. Анткени силер мамилеңерди бузуп аласыңар, басым-кысым болуп жатат. Мен анын баарын көрүп турам. Көбүңөр ага чыдабайсыңар, бизнесменсиңер, кол алдыңарда кызматкерлер иштейт, ал эми бизнеси жоктор кандай режим болбосун күрөшүүгө даярбыз. Мени деп Атамбаев менен душмандашпагыла” деп өзүм сурангам. Фракциядан чыккан соң депутаттардын баары менен мамилем жакшы болуп иштештим. Фракцияда бардай эле жүрдүм, болгону президенттин аппаратынын гана колдоосун сезбедим. Студенттердин стипендиясын 50 пайызга көтөрүү боюнча премьер-министр менен сүйлөшүп, өкмөт макул болуп бюджеттен каражат тапканда Жанардын демилгеси деп артка кайтарышты. Мыйзамдарды башка депутаттардын атынан демилгелеп, арасына өзүм кошула калып иштөөгө туура келди. Кадрларды кызматка койгон деңгээлге жетпегеним үчүн мага жеңилирээк болду. Эгер андай болгондо Жанар койгон адамдар деп аларга иш козгоп, көйгөй жаратмак. Бул биздин системанын кемчилиги. Кайсы бийлик болбосун өч алмай адат бар. Мени фракциядан чыгарып жатканда 32 депутаттын он беши сүйлөп, мага жабык жыйын болгон. Бирок мен тарых үчүн үндөрдүн баарын жаздырып чыкканмын. Кийин тарыхта же китеп жазганда колдонсом болот. Азыр Атамбаевди жерден алып көргө тыгып, аны ууру, ЖЭБден акча жеди деп кыйкырып жаткан депутаттар ошондо мага “Атамбаев тарыхта калчу адам, аны кайра президенттикке коюушубуз керек, сен ага каршы чыгасың” деп айткандары жазылуу.

— Бир топ саясатчылардын көз карашынын тез-тез өзгөрүп турушу эмнеге байланыштуу болуп атат? Сөз  төркүнүн түшүндүңүз болуу керек, сиз айткандай Атамбаевди мактап жүргөндөр азыр Жээнбековду  мактай башташты…  

— Бул системалуу көйгөй. Парламентте идея менен келген партиялар аз. Атамбаев талапкер менен соодалашса, талапкерлер канча акчам коротулса да КСДП ишенимдүү түрдө өтөт, ушул партия менен бара берейин дешкен. Мен ушул убакытка чейин бир да партиянын мүчөсү эмесмин. Ө.Текебаевди камашканда же ал жөнүндө сөз болгондо “Ата Мекендин” он депутатынын бешөө трибунага чыгып, партия лидеринин таламын талашып, парламентте чоң пикир жаратышты. Атамбаевдин кол тийбестигин алабыз дегенде КСДПдагы 38 депутаттын бирөө да Масалиевге каршы чыгып, Атамбаевди колдогон жок. Парламенттеги эң чоң фракция, мамлекетти алты жылдай башкарган партиянын бир депутаты өз лидерин коргоп койбогону идея жок, кызыкчылыктан улам парламентке келишкенинин кабар берет.

— Азыр да кызыкчылыктар үчүн кармалып ушул позицияда турушабы?

— Ошол эле кызыкчылыктар башка тарапка өттү. Атамбаевдин эмгеги менен мамлекеттик ишмер аталып, анын колдоосу менен жашоосун оңдоп алгандар, президенттин ишенчээктигинен пайдалагандар азыр арабызда.

— “Тарыхта суу жүрөк, жалтак парламент катары калбашыбыз керек” деп белгиледиңиз эле. Бүгүн парламенттин тутумуна кандай баа бересиз?

— Азыр элде парламентке болгон ишеним жандана баштады. Басым-кысым болбой жатат. Муну салыштырмалуу жетишкендик деп бааласак болот. Азыр 7-кабаттан тапшырмалар берилбесе да кызматтык дайындоолорго болгон маселелерде кесиптештердин “кожоюн” издеп калганын байкап калам. Анткени көнүп алганбыз да. Британия парламентаризмге 300 жыл дегенде жеткенин айтат. Бизнесмен депутат жок дегенде айылына мечит, көпүрө, медресе куруп бергенин көрүүгө болот. Эл өкүлдөрүнүн элге пайдасы тийип жаткан учурларын көп эле. Бирок коопчулукка “парламентаризм системаны аныктап, адилеттүүлүктү камсыздап, таза өкмөттү шайлап, аны иштете турган нерсе” деген пикир жаралса жакшы болмок. Эл азыр депуттаттарды операцияга каражат бөлүп, бала бакча куруп берет дегендей түшүнүктөр менен алмашып калган. Бирөө алыстан келип 10 миң сом акча сураса, мен бере албасам, аны парламентте ишмердиги жок депутат берсе акча сураган киши мени эмес ишкер депутатты колдойт. Мындай учурлар көп.

— Жогорку Кеңеште бир топ мыйзамдарды иштеп чыгууга жигердүү катыштыңыз. Жеке өзүңүз үчүн мыйзам чыгаруу ишмердиги табиятыңызга жакынбы же эл өкүлчүлүк милдетпи?

— Туура суроо бердиңиз. Анткени Жогорку Кеңештин депутатынын 3 функциясы бар. Алар: эл өкүлчүлүлүгү,  мыйзам чыгаруу жана аларды көзөмөлдөө. Мыйзам чыгаруу татаал иш эмес. Парламентте акыркы учурда тыюу салган, жоопкерчиликти күчөткөн, катаалдаштырган мыйзамдар көбөйдү. Парламентаризмдин атасы аталган Улуу Британияда бир жылда 28, бизде үч жүзгө чукул мыйзам кабыл алынган. Мыйзам чыгаруу менен өлкө өнүксө күнү-түнү мыйзам чыгармакпыз. Мен өзүм эле эки жылга жакын убакытта ондон ашуун мыйзамга кошумча автор болуп коюптурмун. Азыр да профессионалдык-техникалык окуу жайлар жана экология боюнча жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштап жатам. Парламенттик ишмердүүлүк үчүн сапаттуу бир депутат 5 мыйзамга түрткү болсо жакшы болмок. Бирок эл көбүрөөк эл өкүлчүлүк милдетине муктаж. Депутаттар барып элден кабар алса, калк маселеси чечилбесе дагы көйгөйлөрү боюнча өкмөткө тапшырма берип турушса да кайсы бир деңгээлде ыраазы болуп калышат. Ат-Башылык депутат Лейлекке же Алайга барса, эл чочулоо менен карайт. Партиялык тизме менен болгон соң депутаттар бардык региондорду бирдей карашы керек. Парламентте түшүнүктөрдү өзгөртүүнүн көп жагы бар. Мен  өзүм  болсо, эл өкүлчүлүк милдетин аткарууга аркет кылам. Парламентте туруп өкмөттү иштетип, мыйзамдардын аткарылышын текшерип, элдеги көйгөйдү өкмөткө айтып аларды такалап турушубуз керек. Мына ошондо өкмөт парламенттен корксо, ал элден коркуп иштеген болот.

— Бир саясатчы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 200 гана киши улам-улам алмашып бийликке келип жатканын айткан. Эмнеге жаңы жүздөр, жаңы генерация келбей жатат?

— Жаштар “Текебаев, Атамбаев, Бекназаров саясаттан качан кетет, биз келишибиз керек, ушулар эле жүрө береби” деп айтышат. Бийликке келүүнүн бир жолу – шайлоодон утуп алуу. Алар качан бийлик берет дебей, шайлоодо идея, программалары менен бийликти утуп алып, эскилерди саясаттан сүрүп чыгарышы керек. Искустволук жол менен келген өкмөт, бийлик көпкө чыдабайт экен. Ошол эле Сапар Исаков, жаңы муун, жаңы технологияларды мыкты өздөштүргөн, чет тилде сүйлөгөн жаштар келди деп сүйүндүк эле, бирок аларды жасап алып келишти. Исаков саясатта жүрүп, партия куруп, айылдарга барып элден добуш алып жүргөн жок. Ал Атамбаевдин жардамчысы болчу. Анын саясий күрөштө жүргөнүн көрбөдүм. Бийликке келчү өз күчү менен саясий камоолор, мыйзамсыз аракеттер болуп жатканда пикирин билдирип, элдин маанайы менен эсептешип, кагылып-согулуп бышышы керек. Ал эми бирөөнүн кагазын ташып жүрүп эле бийликке келип калган кишилер көпкө чыдайбай турганын көрдүк. Жаштар бийликке келем десе эч ким кызыл килем салып тосуп албайт, алар күрөшүп, элди ынандырып келиши керек. Жаштар президентке жол издешип, кызматка дайындалуунун жолун издешет. “Чет өлкөдөн бүтүп келдик, бизди эч ким колдобойт” дегендер да көп кездешет. Чет өлкөдөн бүтүп келсеңиз эмне экен? Келип иштеңиз, сизди боорсок, нан туз менен тосуп алып, Ак үйгө киргизип, жумуш берип койчу киши жок.

— Бийлик коррупцияга каршы күрөштү чечкиндүү баштадык деп жатат. Сиздин оюңуз боюнча бийликтин бул аракети кандай жүрүп жатат, натыйжа береби?

— Коррупция менен күрөшүү элге жагып колдоп жатышат. Бирок бул күрөш тандалма эмес баарына бирдей болушу керек. Бул жерде “меники, сеники, шайлоодо мага иштеген, кийин бизге пайдасы тийет” деген түшүнүк болбошу шарт.

— Азыр ошондой жагдайды байкап жатасызбы?

— Ошондой анча-мынча сындар бар, буга жол берилбеши керек. Президент мынчалык деңгээлде коррупция менен күрөшө алаарына ишенген эмесмин. Анткени президенттик шайлоодо бир да талапкерге жардам берген жокмун. Mурдагы президент менен күрөшүп, алардын командасы менен күрөшкөнүн колдооого алам. Бул абдан туура болду. Анткени “өз адамымды коюп, өлкөнү каалагандай башкара берем” деген түшүнүк жоголду. Тарых музейиндеги, Бишкек ЖЭБиндеги коррупция бизге билинип калгандары эле, билинбеген нерселер да аябай көп экен. Ошондуктан президенттин коррупция менен күрөшүн баарыбыз колдошубуз керек. Атайын ачылган банктык эсепке 100 млн сомдон ашуун каражат түшкөнүн кутум. Бул сумма көбөйсө элибиз ишенет. Жаңы келген бийликке эл бир жылдын убагында ишенет, эгер жакшы ишесе.

— Аскарбек Шадиевдин качып кетишин кандай ойлойсуз? Күч түзүмдөрү кетирип коюштубу?

— Шадиевге Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганына карата иш козголгонуна таң калдым. Ал балким көп нерсе уурдап, мыйзамсыз иштерге баргандыр. Бирок Айтматовдун 30 миң долларына муктаж деле эмес. ЖЭБ боюнча же башка кездеги иштери үчүн кылмыш ишин козгосо болмок экен деп ойлоп калдым. Бирок ар бир тыйынына жооп бериши шарт. Каржы полициясынын өкүлдөрү миң доллар пара алган мугалимди террористти кармагандай, атайын опперация менен барышып, бүтүндөй идеология кылып көрсөтүшүп жатышат. Элибиз кимдер кандай акча уурдап жатканын билип калды. Шадиевдин качып кетиши күч органдарындагы шалаакылык. Президент муну көзөмөлгө албаса элде күмөн ой жаралып, бийлик менен соодалашып алышты дешет. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков андай сүйлөшүүгө барбайт. Эгер күч органдары катачылык кылса жооп бериши керек. Бирок Баткен жакты көпчүлүк биле бербей, ал жакты чек ара деле жок. Маршрутка түшүп соода кылып келгендер көп, аларды текшеришпейт. Эгерде Шадиевдикиндей окуя 2-3 саясатчыда кайталанса элдин ишеними кетет. Бул акыркы чек болушу зарыл.

— Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери алмашты. Сиз алардын кесипкөйлүгүнө кандай баа берип жатасыз? Жетекчилердин саясий эрки боюнча да коомчулукта бир кылка пикир жок…

— Кадрдык саясат, күч түзүмдөрү боюнча орто баадамын. Өзүм аткаруу бийлигинде иштеген тажрыйбалуу адам эмесмин. Бирок башка жактарга реформаларга көз салган адам катары айтарым, реформалар элдин колдоосуна ээ болуп турган учурда жасалышы зарыл. Милиция, сот органдарына ишеним азайды. Күч органдарында Жээнбековдун аларды кызматтан алганын элдин баары колдоп жатат. Бирок алардын ордуна койгондо да реформаторлорду, чечкиндүү адамдарды коюш керек эле.

— Өкмөттүн кадр саясаты купулуңузга толобу?

— Толбойт. Өкмөт депуттатарга жана башкаларга жагуу үчүн болгону таза кадрларды коюп, биз көзгө сайып көрсөтүп жаткан коррупционерлердин ордун көрсөтүп, айрым иштерди жасап коюшса болду. Бизде өлкөнү өнүктүрүүгө көп идеялар бар. Бирок, өкмөттөн “акча жок” деген бир эле жооп келет. Башкы прокуратуранын бюджетин карап көрсөм, 700 миллион сомдон ашып кетиптир. Үч жыл мурда 350 млн сом экен. Көчмөндөр оюну үчүн миллиондогон акча бөлүп жатышат. Ушул сыяктуу нерселерди кыскартып, бир жолун карап, сунуш берип жатабыз. Мындай нерселерди кыскартып, социалык объектилерди оңдоп алсак… Жок дегенде майып балдарды карагандарга колдоо көрсөтүү зарыл. Ошол эле премьер-министр күч органдарын топтоп “ишкерлерги салык салып жаткан криминалды четинен камагыла, аларды көрбөйүн” десе болот. Буга акча кетеби же? Каражат кетпейт. Ишкерлерди коргоого алып, “караларга” каршы болсо депутаттар эч качан өкмөткө каршы болбойбуз. Бирок темир жолдун жетекчиси кызына мейманкана салып бергенин сүрөттөр менен далилдеп жатсак да азыркы өкмөт башчы “ойлонолу” дейт. Биздин кызыкчылык бир сын аркылуу темир жолдогу миллиондогон долларларды мамлекеттин казынасына түшүрүп коюшубуз мүмкүн. Бул өкмөт олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизе алат деген үмүттөн кайта баштадым. Жашоо улана берет, бирок Абылгазиев башында турган өкмөт ири өзгөрүүлөргө бараарына ишенбей калдым.

— Бул жерде кандайдыр бир деңгээлде парламенттин дагы күнөөсү барбы, жоопкерчилик тартышы керекпи? Анткени парламенттин элегинен өтүп жатат…

— Сөзсүз жоопкерчилик бар. Сапар Исаковду премьер-министрликке дайындап жатканда каршы чыкканмын. Эл мага акылынан айнып калдыбы дегендей карашкан. Эми ошол эл өкүлдөрүнүн баары Исаковго тийишип, жарабай турганын айтышууда. Абылгазиевди чарбачыл, президент ишеним көрсөттү деп колдоп бердик. Парламенттик шайлоодо дагы да күчтүү талапкерлер чыгат деп ойлойм. Абылгазиевдин өкмөтү техникалык өкмөттөй сезилет.

— Кандай ойлойсуз, парламенттик шайлоо эки жылга жетпей эле болушу мүмкүнбү? Кырдаал ошого алып бара жатабы?

— Менимче бул парламент аягына чейин иштейт. Бардык шайлоолор өз убагында болгону жакшы. Парламентти таратууга депутаттар кызыктар эмес. Аны президент гана таратып жиберет деп ойлошу мүмкүн, бирок андай эмес. Парламентти таратууга 81 эл өкүлү макул болушу керек. Алар тарап кетүүгө макул болушпайт.

— Сизди жаштардын башын бириктирген партия түзүп жатыптыр деген кептер чыгып кетти. Чындыкты өзүңүздөн уксак…

— Партия түзүп, аны каржылоо, адамдаргы айлык берүү көп каржылык ресурсту талап кылат. Бирок мага каржылык колдоо көрсөтүүнү каалагандар көп. Адамдар программага эмес, жердешчиликке, акчага ооп кеткен учурлар бизди ирээнжитет. Менден башка да көп жаштар бар, акырындык менен бышып жатабыз. Балким жакшыраак лидер чыкса колдомокпуз. Парламентке өтүүгө көзүбүз жетиши керек. Аймактарда көп жаштар бар. Жаңы партия түзүп, парламеттен 30 мандат алганда парламенттеги аба ырайын өзгөртө турган деңгээлге жетишээрибизге ишенем. 30 мандат менен келсек, адилеттүлүктү орнотуп, көп тармактагы өзгөрүүлөргө жардам бермекпиз. Азыр көптөгөн серепчи, саясатчылар менен кеңешип жатабыз. Жаштар гана эмес тажрыйбалуулар да керек. Алардын башын бириктире алсак жакшы болмок.

— “6 млн элибиз бар. Жакырбыз, анан кайсы арыбызгы спикерлер ондон жан сакчы унаалардын коштоосунда жүрөт” деп айттыңыз эле. Өзүңүз депутаттык артыкчылыктардан пайдаланасызбы же айлык акыга эле жашайсызбы?

— Мен башынан бери аткаминерлер элге жакын, жупуну болсо деген принципти карманам. Элде депутаттар жан сакчы менен жүрөт, элден алыс деген түшүнүк бар. Бул түшүнүктөн арылтып, эл өкүлдөрү региондорго барганда кой сойдуртпашы керек. Депутаттардын баарына акыл үйрөтө албайм. Бирок мен бардык артыкчылыктардан баш тарткандардын катарындамын. Башында депутаттык батирде 5-6 ай оңдоо иштери бүткөнчө жашадым. Бирок, автоунаа жана башка жеңилдиктерден баш тартканмын, депутаттык үйдө да жашабайм. Парламентке өткөн учурда кедей депутат катары сүрөттөлүп калып, үйүмдү сатып чет өлкөгө кетем деп жаткандыктан декларация эч нерсе жок учуруна туш келип калган. Эми азыр бир мүлктү өзүңө каттоодон да чочулайсың, “бул кийин байып кеттиби” деген да сөз болушу мүмкүн. Мага депутаттык фонд, айлык жетет.

— Саясатта канча жылга чейин кармалып турам деп ишенимдүү айта аласыз? Саясаттан кетсеңиз журналистикага эле кайтып келесизби же ири медиа холдингди жетектейсизби?

— Медиа холдингди жетектесе болот, андай ойлор бар. Парламентте жүргөн учур көбүнчө стресс. Кайрылган он адамдын үчөөнүн гана маселесин чечкен учурлар абдан көп. Калган жети адам сага ишенбей калат. Катачылык кетирип албасам экен деген ой менен жүрөм. Алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетим бар. Партиялардан сунуштар бар. Эгерде парламентке барбай калсам журналист болуп иштесем же башка жумуш кылсам да болот. Бул трагедия эмес. Эгемендүүлүк жылдарынын бери депутаттардын деңгээлин көрүп эки кабаттуу үйү бар, “Jeep” айдаган кыргыз учурда депутат болууну үчүнчү планга коюп калган. “Үйүм, унаам, бизнесим бар эми депутат болуп коюш керек эле” деген ой бар. Анткени мындай түшүнүктү биз өзүбүз калыптантып койдук. Бул жагынан саясий партиялардын лидерлеринде жоопкерчилик чоң. “Баланча депутат эмне үчүн парламентке келбейт, эмне үчүн сүйлөбөйт, эмне үчүн коррупционер?” деп айтышат. Айтылган суроолор партиянын жетекчилеринен суралышы керек. Анткени партияга ошолор киргизет. Болбосо ишмердик менен такыр алек болбой туруп, кийинки шайлоодо партия лидерине дагы 500 миң долларды карматып, кайра келе бериши мүмкүн. Жаңы маданий саясат акырындык менен калыптанып келе жатат. Кошуна өлкөлөргө чыгып жүрөм, биздин парламентте көп нерселер жакшы. Бирок мындан да жакшы болушу керек.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache