Шашылыш кабар:

Токмок аймактык ооруканасында заманбап кардиология бөлүмү ачылды

Июнь 6th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Токмок аймактык ооруканасында заманбап кардиология бөлүмү ачылды
Ден соолук
0

Токмок аймактык ооруканасында 25 кишиге ылайыкташтырылган жаңы заманбап кардиология бөлүмү оңдоп түзөөдөн өтүп, ишке берилет. Аны толугу менен Түркиянын ТIKA уюму каржылады. Ошондой эле, Кемин аймактык ооруканасы да толугу менен капиталдык ремонттон өтүп жатат. Августтун биринен ишке берилүүсү күтүлүүдө. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча ооруканалардын абалы жана туристтик сезонго карата даярдыктар боюнча таанышуу учурунда айтылды.


 

Токмок аймактык ооруканасында жаңы заманбап кардиология бөлүмү ачылат. Бул туурасында аталган оорукананын директору Бактыгүл Исаева Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча ооруканалардын абалы менен таанышуу учурунда билдирди. Анын айтымында бөлүмдү оңдоп түзөө иштерин каржылоону Түркиялык Тика уюму моюнга алган. Натыйжада бөлүм бардык заманбап шарттар менен камсыздалып, 25 кишиге ылайыкташтырылып, ишке берилет.

-Жаңы кардиология бөлүмүнүн капиталдык ремонту бүткөрүлдү. Ремонт Түкия мамлекетинин TIKA уюмунун жардамы менен ишке ашты. Ремонттон сырткары 17 функционалдык керебет, 17 атайы эмерек жана ашкана жабдуулары  коюлду. Ремонттун суммасы 82 миң долларды чапчыды.

Ал эми Кемин аймактык ооруканасы болсо, толугу менен капиталдык ремонттон өтүп жатат. Маалыматка ылайык, иштерди толугу менен аяктоо августка пландаштырылган. Оорукананын директору Алмазбек Назарбек уулунун айтымында оорукана ремонт иштерине жабылгандыгына байланыштуу жергиликтүүлөр Чүй райондук жана Токмок аймактык ооруканага барып жатышат.

-Ремонтко каражаттарды азыркы президент мурда премьер-министр болуп турган кезде 20млн сом бөлгөн. Бирок тендер 14млн 800миң сомго өткөн. Ошону менен январь айында капиталдык ремонтко жабылганбыз. Азыр дагы иштер жүрүп жатат. Ремонт иштери 1-августка чейин бүтөт. Азыркы учурда Саламаттыкты сактоо минисирлиги менен сүйлөшүп жатабыз, буйруса бизге жабдыктар жагынан жардам берет деп ишенебиз.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2014-жылдан бери саламаттыкты сактоо мекемелериндеги бейтаптарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында сапатка жараша каржылоо долбоорун ишке ашырып келет. Анын алкагында бул долбоорго биринчилерден болуп кошулган Чүй райондук ооруканасы бир топ техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшырткан. Оорукананы директору Нурбек Абдрахмановдун айтымында сапатка жараша каржылоо долбоору дарыгерлерге да шык берип келет. Анткени топтогон баллга жараша бөлүнгөн каражаттын 15-40% га чейинкиси айлык акыга бөлүнүп келген. 55% техникалык мүмкүнчүлүккө жумшалган. Өткөн жылы бул долбоор менен 4,5 млн сом бөлүнгөн.

Сапатка жараша каржылоо бизге шык берди. Мурда да иштерди жасап келгенбиз. Бирок жазып, отчет турүндө көрсөткөндө, ал бааланса дарыгерлерге да шык берет. Биз бул долбоордон бөлүнгөн каражатка техника алдык, ремонт жасаттык. Мурда ымыркайларды Бишкекке жиберчүбүз, азыр көп маселелер чечилип калды.

Кошумчалай кетсек, Кемин районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна караштуу Боом капчыгайындагы фельдшердик пункт дагы туристтик сезонго даяр. Ар кандай кырдаалдарга байланыштуу учурда кезеги менен 4 топ иштеп жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache