Шашылыш кабар:

Э. Асаналиев: “Чек ара боюнча сүйлөшүүлөргө жогорку жактын көмөгү керек”

Июнь 6th, 2018 | by Канай Анаркулов
Э. Асаналиев: “Чек ара боюнча сүйлөшүүлөргө жогорку жактын көмөгү керек”
Күн чекит
0

4-июнда Лейлек районундагы Максат айылындагы «Футбол аянтчасы» деген жерге тажик аскерлери мыйзамды бузуп кирип, ал жерде соода -сатык кылып жаткан элди кууп, асманга ок чыгарышкан. Натыйжада Кыргызстандын чек арачылары топтолуп, коңшу мамлекеттин чек арачыларын кармап, байлап салышкан эле. Кийин эки тараптуу жолугушуу болуп, алар коё берилген. Мына ушул кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөдүн айланасында Кыргызстандын Тажикстандагы мурунку элчиси, дипломат  Эрик Асаналиев менен маектештик.

Буга чейин чек арадагы чыр-чатактар жергиликтүү тургундардын айынан көбүрөөк болчу эле. Акыркы учурда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, чагымчылдыкка баргандай таасир калтырууда. Бул максаттуу жасалып жаткан аракет эмеспи?

Бул окуялардын арты менен бизде комплекстүү иш жүрбөй жатканы көрүнүп турат. Дегеним өкмөт аралык делегация сүйлөшүү жүргүзүп жатат деп, аларды күтүп олтура бербей, бардык тиешелүү тарап өзүнүн ишин так аткарышы абзел. Мисалы, ошол эле максат айылында чектеш аймактагы 60 үйгө докуметтер толук берилбегенин айыл башчысы айтып жатат. мына ошону жергиликтүү бийлик, чек арачылар коопсуздукту жана башка бардык тарап кийлигишүүсү керек. Чоңдорубуз да иш бүтсө документке кол коёбуз деп олтура бербей, ишти алдыга жылдырыш керек. Мындай окуялардын артында саяса да болушу мүмкүн. Себеби 10 жыл мурун такталбаган аймакта ишмердүүлүк жүргүзүлбөйт деген келишим түзүлгөн. Азы эки тарап тең ошону аткарбай жатат. Андыктан, жакшы түшүндүрүү иштери жана көзөмөл керек.

Жергиликтүү эл ошол эле коомчулук бийликтин мындай окуяларга олуттуу карабай, чара көрбөй жатканына нааразычылыгын билдирип жатат. Ошол үчүн да коңшу тарап коркпостон ушундай иштерге барууда дешүүдө. Сиз буга кошуласызбы?

Ошентип айтканга себеп бар. Анткени ар бир жасалып жаткан иш, сүйлөшүулөр боюнча маалыматтар коомчулукка ачык көрүнүп турушу керек да. Сүйлөшүү жүрүп жатат деген сөздөрдү иш жүзүндө коомчулук эмнеси чечилип, чечилбей жатканын билиши абзел. Эгер ошол болуп жаткан аракеттин жыйынытктары көрүнбөсө, коомчулукта ар кандай божомол пикир жана нааразычылыктар боло берет.

Тажикстан чек арачылары кыргыз тарапты айыптап, атайын уюштурулган аракет деген билдирүү таратты. Буга пикириңиз кандай?

Эки тарап тирешкенде ар кимисинин өз чындыгы болот. Эртең окуянын себепчиси болуп калуудан же жоопко тартылуудан эки тарап тең коргонот. Буга адаилеттүү иликтөө чекит коёт.

Буга окшогон окуяларга чек ара тилкелери такталбаганы башкы себеп болуп жатат да.  Мына ушул иштерди аягына чыгарууга эмне жетишпей жатат. Кандай сунуш берет элеңиз?

Жогорку деңгээлде саясий эрк керек. Мисалы жанагы сүйлөшүүдөгү делегациялардын ыйгарым мүмкүнчүлүктөрү чектелип калдыбы, андан ары чыга албай калдыбы? Анда Тышкы иштер министрлигиби, Өкмөт жада калса президентке чейин кайрылып, жардам алып, жетпей жаткан ыйгарым укугу болсо аны алып, ишти алга реалдуу кадамдар менен жылдыруусу шарт.

Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache