Шашылыш кабар:

ЖЭБ чыры: Исаков менен Кулматов камакка алынды

ЖЭБ чыры: Исаков менен Кулматов камакка алынды
Саясат
0

5-июнда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкек шаарынын экс-мери Кубанычбек Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды.

Исаковдун дагы Кулматовдун дагы бөгөт чарасын Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев аныктады. Бишкек жылуулук борборунун айланасындагы чырга байланыштуу камалган саясатчылар боюнча ар кандай пикирлер айтылууда.

Исаков тергөө аяктаганга чейин камакта болот

Экс-президент Алмазбек Атамбаев лидерлик кылган Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрага орун басары, мурдагы премьер министр Сапар Исаков 5-июнда УКМКга төртүнчү ирет суракка чакырылган. Кийин Биринчи май райондук сотто буга чейин каралган «эч жакка кетпөө» боюнча баш коргоо чарасы камакка алуу болуп өзгөртүлгөнүн Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Марал» радиосуна кабарлады.

— 2018-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан мурунку премьер-министр Сапар Исаковго карата баш коргоо чарасы тергөө аягына чейин КРнын Маммлекеттик улуттук коопсуздук комитеттинин тергөө камак жайына кармоо болуп өзгөртүлдү.

УКМК 29-майда ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (Коорупция) боюнча айып таккан. Ага «2013-жылы Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп, «Бишкек ЖЭБ модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген» деген кине коюлган.

Ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишти буга чейин «саясий куугунтук» деп атап, ага «чектен чыккандык» деп баа берген. Ал эми райондук соттун аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин «Эми бул акыйкатсыздык. Сөз жок», — деп баалады Биринчи май райондук соттун имаратынан УКМКнын тергөө абагына алынып кетип бараткан Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков

«Сот жактоочулардын жүйөлөрүн уккан жок»

Исаковдун адвокаты Учкун Каримовдун айтуусунда «Исаков тергөөнүн жүрүшүнө басым жасашы мүмкүн» деген негиз менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Мурдагы өкмөт башчынын камакка алынышы боюнча КСДП партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева комментарий берди. Ал сот Исаковдун жактоочулары аны үй камагына алуу боюнча бөгөт чарасы каралсын деген негизде жүйөлөрүн келтиргени менен судья аны эске албаганын билдирди.

— Тергөө органдары соттон Сапар Жумакадыровичтин баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алууну суранышты. Сапар Жумакадыровичтин адвокаттары болсо судьядан башка эле бөгөт чарасын карап, мүмкүн үй камагына алуу өтүнүчүн келтиришти. Жактоочулар анын төрт жаш баласы бар, үчөө бойго жете элек, энеси дагы карыган деген жүйөлөрдү келтирсе сот аны кабыл албай койду.

Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири деп эсептелип келет. Ал Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө анын аппараттынын тышкы саясат бөлүмүн, аппаратын жетектеген. Ал КСДП фракциясынын сунушу менен былтыр август айында премьер-министр болуп шайланып, жыл айланбай парламент анын өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кеткен. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат, Исаковдун партиялашы Төрөбай Зулпукаров мурдагы премьер-министрдин камалышы туралуу буларды айтты.

— Коррупция менен күрөштө партиялашы болобу, жакын досу болобу же жакын көңүлдөшү болобу ага карабаш керек. Коррупция менен күрөшүү өтө оор болот. Өзүңүздөр билгендей коррупция менен күрөшкөн мамлекеттерди карап көрсөк сөзсүз нааразычылыктар айтылат. Кээ бир ММКлар бул коррупция менен күрөш эмес дегендей ой-пикирлерди жаратууга аракет кылып, тандалма жүрүп жатат дегендей сөздөр чыга берет. Баардыгы мыйзам алдында жооп бериши керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров

Кубанычбек Кулматов дагы камалды

Ушул эле 5-июнь күнү Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов дагы УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Атайын кызматтын маалыматында Биринчи май райондук соту аны тергөө аягына чейин камакта калтыруу бөгөт чарасын тандаган. Бирок Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев экс-мэр июнь айынын аягына чейин камалганын айтып, анын бөгөт чарасынын өзгөрүшүнө эмне себеп болгонун жарыялады.

— Баш коргоо чарасын өзгөртүүгө УКМКнын башкармалыктарынын биринин жетекчисинин рапорту негиз болду. Рапортто Кулматовдо Орусиянын паспорту бар деген маалымат айтылыптыр. Буга шилтеме катары 1995-жылдагы дата көрсөтүлгөн. Бул боюнча 2010-жылдагы териштирүүлөр дагы камтылган экен. Силер билгендей мунун баары бүткөн. Бул боюнча Башкы прокуратурада Орусиянын сотунун «Кулматов Орусиянын жараны эмес жана жараны болгон дагы эмес» деген чечими бар.

18-майда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча айыбы угузулган.

Ага «2014-жылы Бишкектин мэри болуп турганда, «Бишкек ЖЭБ модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруунун алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан жаңы эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттарды мыйзамсыз колдонгон. Калыс Ордодогу мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн. сомдон ашык акча бөлүп берген» деген айыптар тагылган. Кулматов коюлган кинелерди четке кагып келген.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов

«Калгандарына тийбесе күмөн жаралат»

Буга чейин Сапар Исаков Жылуулук электр борборунун айланасындагы чыр акыйкат териштирилбей жатканын айтып, наарызы болгон. Аталган борбордогу чууну иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов «ЖЭБге аты аралашкан башка чиновниктер дагы камалбаса күмөн саноолор жаралат», — дейт.

— Азыр дагы бир жума, эки жумадай убакыт бар. Эгер калгандарына тийбей койсо анда күмөн пайда болушу мүмкүн. Анткени кол койгон башка дагы фамилиялар бар да. Ошолорго кандай чечим болот, андан кийин бир нерсе деп айтышыбыз керек. Мүмкүн баштаганда ушулардан (Исаков, Кулматов) баштагандыр. Элге корутундуда жазылган фамилиялардын жогору жактагылары кызык. Ал эми Калиевден төмөн ылдыйкы жакта турган адамдар кызык эмес. Анткени алар кол койгон күндө дагы өзүлөрү эч кандай чечим кабыл ала алган эмес.

Ушуну менен Жылуулук борбордогу ишке байланыштуу Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев баш болгон 10 адам камакка алынды.

Ал ортодо 5-июнда Жылуулук борборго байланыштуу Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) менен кылмыш ишин козгоду. Ишти тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди.

Эске салсак 26-январь күнү Бишкек жылуулук борборунда авария болуп ЖЭБден жылуулук алган шаар тургундары жылуулуксуз калган. Анын аркасы менен ЖЭБди модернизациялоого жумшалган Кытайдан алынган 386 млн доллар насыянын максаттуу пайдаланылышы боюнча да күмөн ойлор жаралган.

386 млн долларды депутаттык комиссия иликтеп чыгып 17-майда Жогорку Кеңеш насыянын максатсыз пайдаланышына байланыштуу айрым аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Парламенттин токтомуна бир катар адамдардын фамилиясы киргизилген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache