Шашылыш кабар:

Үсөнакун уулу: Мамлекеттик ипотека берүүгө каражат изделип жатат

Үсөнакун уулу: Мамлекеттик ипотека берүүгө каражат изделип жатат
Күн Чабыт
0

Мамлекеттик ипотека берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания ишканасынан кабарлашты. Буга чейин максаттары бийик коюлган бул программанын учурдагы жагдайы, ипотеканы берүүнүн токтотулушу жана алдыдагы келечеги тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания ишканасынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу «Күн чабыт» программасында айтып берди.

-Мамлекеттик ипотека берүү убактылуу токтотулганын кабарладыңыздар. Негизги себеби эмнеде? Анткени өзүңүз жакшы билгендей бул компаниянын ишмердүүлүгү узак жылдарга делбеди беле….

-Көпчүлүк ипотеканы берүү токтоду деп жатышат. Ипотекалык насыя бүгүнкү күнгө чейин берилип жатат. 2018 жылы январь айына чейин  келип түшкөн арыздардын баарына  каражат бар. Бирок биз банкка бериле турган каражат берүүнү токтотконбуз. Ипотекалык насыялар бүгүнкү күнү дагы берилип жатат. Учурга чейин, 3 млрд 420 млн сомго, 120 үй-бүлөгө турак жай алынып берилди.

Буга чейин ипотека алгандар пайыздык чендерди жана өздүк салымды дагы төлөп жатат. Андан түшкөн каражат аз-аздан берилүүдө. Андан соң биздин айрым өнөктөш банктар менен суйлөшүүлөр жүрүп, биздин каражат убактылуу токтоп калгандыктан пайыздарды өзүнүн эсебинен берип жатат.

Ошону менен быйылкы жылы ипотека берилбейби? Дегеним  сырттан каражат табылбай калса… Же бюджеттен кошумча дагы каражат бөлүнүп берилеби?

Убактылуу токтоп калгандыктын себеби Кыргыз Республикасынын бюджетине 500 миллион сом  каралган болчу жана аны толугу менен алдык. Элге ипотекалык насыя  бердик. Андан соң экономика министрилиги менен биргеликте өкмөт жаңы токтомдун долбоорун иштеп чыгып, тиешелүү министрликтер менен макулдашуулар жүрүп жатат. Токтом чыккандан кийин дагы кошумча 500 миллион акча каражат бөлүнөт

-Эми алдыда каражаттын жетишсиздигинен деген жүйө менен  ипотеканын пайыздары жогорулап кетпейби?

Бюджеттик акча каражаттар боюнча пайызга чейин көтөрүлбөйт, ипотекалык капиталдык материалдар катары берилип жатканда, тартылып келген каражаттын пайыздарына  байланыштуу болот. Мисалы биз жакынкы күндөрү, ипотекалык баалуу кагаздарды колдонуп рынокко жайгаштыруунун алдында турабыз. Эгер иш чара буйруса өзүнүн натыйжасын берип кала турган болсо, биз өзүбүздүн баалуу кагаздарыбызды рыноктун баасы боюнча пайызы 8 жана 8,5 болот. Албетте буга биздин тартып келген өздүк салым акча каражат кошулат. Ал рынокторго биздин чыгымда жана банктардын акчасы кошулуп, биздин эсептерибиз боюнча 14 пайызга чейин жетиши мүмкүн болуп жатат. Бул деңгээлге биздин пайыздык чендердеги көтөрүүлөр каршы булагынын өздүк баркынын сунуштары болуп жатат. Албетте келечекте биздин кредиттик  деңгээли өскөндөн кийин бул пайызды  биз түшүргөнгө аракет кылабыз. Мисал катары биз 2016 жылы баштаганда, пайыздык чендер 14 болчу, ал эми бүгүнкү күнү 8 болуп берилип жатат.

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache