Шашылыш кабар:

Бюджеттин эки пайызы соттордун көзүнөн учту

Бюджеттин эки пайызы соттордун көзүнөн учту
Саясат
0

Сот системасын реформалоо боюнча жумушчу топ бюджеттин эки пайызын толугу менен сот тармагына бөлүүнү демилгелеп жатат.

Буга чейин кабыл алынган сот системасын реформалоо боюнча 2014-2017-жылдарга карата мамлекеттик максаттуу программада сот бийлигине бюджеттин эки пайызын толугу менен бөлүү каралган. Бирок бул ишке ашкан эмес. Эми 2018-2022-жылдарга карата сот системасын реформалоо боюнча долбоордо дагы аталган эки пайыз каражат камтылган.  Жогорудагы программаны иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Гүлжан Эсеналиева долбоордо бюджеттин эки пайызын сот тутумуна бөлүү 2021-жылы ишке ашаары жазылганын, бирок анын аткарылышы арсар экенин моюнга алды.

— Максаттуу программага бюджеттин эки пайызын сот тармагына бөлүү маселеси 2021-жылы ишке ашат деген максатты койдук. 2018-жылы 1 пайыздан көп. 2019-жылы 1,5 пайыз, 2020-жылы 1,8 пайыз, 2021-2022-жылдары 2 пайыз каражат бөлүнүшү керек. Бул биздин программабыз. Бирок аткарууга келгенде бул суммага жетпейт, ал өлкөбүздүн бюджетине байланыштуу. 

Сот системасын реформалоо боюнча сунушталып жаткан беш жылдык программаны ишке ашырууга 12 миллиард сомдон ашык каражат керектелет. Анын алкагында 2018-жылы 1 млрд 700 млн сом, 2019-жылы 2 млрд сомго чукул, 2020-жылы 2 млрд сомдон ашык, 2021-2022-жылдары 3 млрд сомдон ашык каражат сарпталары пландалган. Мунун көпчүлүк бөлүгү сот органдарын электрондоштурууга жумшалат деп мерчемделген. Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун сот реформасы боюнча кеңешчиси Дастанбай Айжигитов бюджеттин эки пайызын сот тармагына бөлүү бул дүйнөлүк практика экенин айтып жатат.

— Сотторго көптөгөн талаптар коюлган. Эми алардан ал талаптардын аткарылышын сураш үчүн, бирөөгө ишти жасабай жатасың деп айтыш үчүн биринчи шарт түзүп бериш керек. Эки пайыз деген асмандан түшүп калган жок. Болбосо жөн гана кыялдын негизинде пайда болгон эмес. Бул дүйнөдө сот системасына канча каражат бөлүнөт ошонун баарын изилдеп чыккандан кийинки пайыз.

Сот системасын реформалоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаны иштеп чыккан жумушчу топтун тыянагында Кыргызстанда сот имараттарынын 90 пайызы талапка жооп бербейт. Аталган жумушчу топтун жетекчиси Гүлжан Эсеналиева «сот реформасын аягына чыгаруу үчүн саясий эрк, каражат жана дасыккан кадрлар керек» дейт. Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бийликте саясий эрк бар экенин айтып, каражатты дагы таап берүүгө убада берген жана сот реформасы үчүн бюджеттен акча аябаш керек экенин билдирген.

-Бардык реформа бекер болбойт, ал каражаттарды талап кылат, өзгөчө жазык жаатындагы реформада чыгымдар көп болот. Бюджеттен каражат бөлбөй туруп, бул реформаны жүргүзө албайбыз. Сырттан кимдир бирөө каражат берет деп күтпөш керек. Биздин реформа үчүн негизги каржы булагы болуп республикалык бюджет эсептелет. Тиешелүү мамлекеттик органдардын бюджеттеринде кодекстерди колдонууга киргизүүгө зарыл болгон каражаттар камтылышы зарыл. Бюджет менен соттук-укуктук реформа бирдей пландалып, каражаттар натыйжалуу колдонулууга тийиш.

Кыргызстандагы сот реформасы үчүн эл аралык уюмдар дагы колдоо көрсөтүп келет. Анткен менен бөлүнгөн каражаттарды сот бийлиги ыктуу пайдалана албай жатат дегендер бар. «Коомдук анализдөө институтунун» жетекчиси Рита Карасартова «сот тутумуна бюджеттин эки пайызы толугу менен бөлүнүш керек» деген талапты жактагандардын бири. Бирок соттор берилген каражатты максаттуу пайланбай жатканын айтууда.

— Мисалы соттор ушул ишке бизге акча керек деп жаза беришет. Бирок ошол жасаган иши мага, сизге канчалык керек экенин билишпейт. Акча бөлүндү ага бүт сот имараттарына күзөт өткөзүү жайларын, турникет коюп коюшкан. Азыр жөнөкөй киши сотко кире албай калды. Ага миллиондогон акчаны кетиришти, бир милицияны отургузуп коюшту. Ошонун эмне кереги бар эле?  

Маалымат боюнча Кыргызстанда соттор 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин айлык алышат. Бийликтин бул бутагы коомчулуктун катуу сынына кабылып келет. Сот реформасы талкууланган жыйында президент Сооронбай Жээнбеков дагы ага арызданып кайрылган жарандардын 70 пайызы сотторго тиешелүү экенин жарыялаган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache