Шашылыш кабар:

Эң кымбат футболчу аныкталды

Июнь 5th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Эң кымбат футболчу аныкталды
Кыска кабар
0

Англиянын улуттук курамасынын жана «Тоттенхэм Хотспур» клубунун чабуулчусу, 24 жаштагы Гарри Кейн дүйнөдөгү эң көп гонорар алган футболчу деп табылды. Бул тууралуу Football Observatory журналы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кейн жылына 201,2 миллион евро алат. Экинчи орунду 197,5 миллион евро менен Неймар камсыздады. Ал эми Киллиан Мбаппе 186,5 миллион евро менен үчүнчү орунга чыкты.

Мындан тышкары алдыңкы ондукта Лионель Месси, Мохаммед Салах, Деле Алли, Кевин де Брёйне, Антуан Гризманн, Паоло Дибала жана Ромелу Лукакулар бар.

Белгилей кетсек, 2017-жылы аталган тизменин сап башында Бразилиялык футболчу Неймар турган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache