Шашылыш кабар:

Оңолбеков бажычыларды массалык кызматтан кетирип жатат деген маалыматты төгүндөдү

Оңолбеков бажычыларды массалык кызматтан кетирип жатат деген маалыматты төгүндөдү
Саясат
0

Буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде Бажы кызматынын башкармалыктарынын мурдагы башчысы Замирбек Ниязалиев кармалды.  

Ушул жылдын май айында бажы кызматы 3 млрд 608,7 млн  сомго төлөм чогултту. Бул тууралуу бүгүн аталган кызматтын жетекчи орун басары Нурлан Ражабалиев  журналисттерге кабарлады. Ошону менен келип түшкөн  бажы төлөмдөрүнүн көлөмү  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 792,7 млн сомго көп болгон. Мындай көрсөткүчкө Кыргызстанга кирген товардын көлөмү өскөнү менен жетишилген.

Төлөмдөрдүн түшүүсүнүн оң динамикасы 2018-жылдын январь-февраль айында импорт  товарлардын кескин өсүшү менен байланыштуу. Негизги факторлорун айтсак, Кытай-Казакстан чек арасында түзүлгөн кырдаал, товар импорттоо агымын Кыргызстанга алып келди. Ошентип 2018-жылдын январь-февраль айларында республиканын аймагында 413 млн  долларга товар импорттолгон. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу импорттун көлөмү 94 пайызга көбөйгөн же 2 млн АКШ долларын түзгөн.      

Журналисттер мененки жолугушууда Бажы кызматындагы кызматтан алуу боюнча айтылып жаткан  кептер тууралуу дагы кызматтын жетекчиси Алмаз Оңолбеков пикирин билдирди. Анда  Кулматов кеткенден кийин  кызматтан алуу күчөдү деген сөздөрдү төгүндөдү. Айрым гана пенсия курагындагылар өз эрки менен жумушун тапшырып жатканын айтты. Ошондуктан бул жерде эч кандай саясий боек жок деди, ал.

Бүгүнкү күнү бажы кызматында жумушчулар тараптан кызматтан кетүү тууралуу арыздар келип түшкөн жок. Биз эч кимди кайсы бир себептер менен жумуштан алган жокпуз.  Бир гана пенсия курагына жеткен кызматкерлер гана өз каалоолору менен кеткендер бар. Бирок массалык кызматын тапшыргандар жок. Ошондуктан тынч реакция кылууга чакырам.

Бирок Оңолбеков мурдагы бажы жетекчилеринин кармалышы тууралуу  комментарий берүүдөн баш тартты. Муну тергөө иштеринин жүрүп жатканы менен   байланыштырды.

Кошумчалай кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат тараткан маалыматта Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Замирбек Ниязалиев  кармалган. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча тергөө аяктаганча камакта жатмай болду.

-Замирбек Ниязалиев боюнча азыр комментарий бере албайм. Анткени тергөө иштери учурда жүрүп жатат. Ошондуктан кайсы бир маалыматтарды бере алмайм.

Буга чейин ушул эле беренелер менен Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук бажысынын мурунку башчысы Нурбек Айбашев  дагы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошону менен 2017-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине карата 15 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Шамиль Бердалиев маалымдады.  Анын айтымында, көрсөтүлгөн иштердин 11и жалган транзитке байланыштуу, 4 – салык төлөөдөн качкандар. Чыгымдын жалпы суммасы дээрлик 450 млн. сомду түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында административдик 482 мыйзам бузуу болгон.  Укук коргоо органдарына кылмыш ишин козгоо тууралуу 90 иш өткөрүлүп берилген. Бул көрсөткүчтү 2017-жыл менен салыштырганда  былтыр 123 иш болгон.   Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине карата 15 кылмыш иши козголгон.  Иштердин 11и жалган транзитке байланыштуу, 4 – салык төлөөдөн качкандар. Чыгымдын жалпы суммасы дээрлик 450 млн. сомду түзгөн.

Андан тышкары  2018-жылдын 5 айынын ичинде МБКнын укук коргоо блогу аркылуу 417 административдик иш ачылган.  Өсүү бар экени маалым болду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache