Шашылыш кабар:

Аймактагы багы ачылбаган аэропорттор

Июнь 5th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Аймактагы багы ачылбаган аэропорттор
Экономика
0

Бүгүн Жогорку Кеңештеги Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Манас” эл аралык аэропортун жана аймактардагы аэропортторду өнүктүрүү маселесин талкуулады. Анда тиешелүү жетекчилер аэропортторду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасады. Жыйында депутаттар аймактардагы аэропорттор өнүкпөй, аба каттамдардын саны аз болуп жатканын белгиледи. Ошону менен бирге авиатармакты өнүктүрүү үчүн конкреттүү стратегиялык пландын жок экенин сынга алышты.


Өлкө аймагы боюнча “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК курамында жалпы 11 аба майданы болсо, учурда алардын жетөө иштеп жатат. Алардын ичинен төртөөсү: Бишкек, Ош, Каракол, Чолпон-Ата жана Баткен шаарында жайгашкан аэропорттордун эл аралык макамы бар. Исфана, Жалал-Абад, Нарын, Казарман, Талас жана Караван шаарында жайгашкан аэропорттор регионалдык статуска ээ. Жогоруда аталган аба майдандарды өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун маалыматын тармактык комитет укту.

Аталган фонддун төрагасы Ренат Тулебердиевдин айтымында, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын  бир жылдык жалпы кирешеси 1 млрд 834 млн сомго жеткен. Андан мамлекетке 650 млн сом двиденд түшөт.

-«Манас» эл аралык аэропортунун» кирешеси жылына 200 млн сомго өсүүдө. Бишкек шаарындагы филиалындагы аэровокзалдын аянты кеңейтилет. Ал эми Ош шаарындагы аба майданга жаңы аэровокзал курулат. Жалал-Абад аэропорту реконструкциялоодон өткөрүлүп, март айында ачылды. Мүлк фонду менен соцфонд -«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнун акционери катары аба майдандар ишин жакшы алып барып жатканын баалайбыз.

Депутаттар региондогу аба майдандарды өнүктүрүү планы жок деп сындаган менен, «Манас» эл аралык аба майданынын Инфраструктуралык жана инвестициялык өнүгүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов аба майдандарды өнүктүрүү боюнча стратегиялык программа кабыл алынган айтат:

-Баткендеги аба майданды жаңылоо жумушу 2017-жыл бүткөн. Жалал-Абаддагы аэропортко терминал ишке киргизилип, «Кербен» аба майданын калыбына келтирүү жумушу башталды. Ал эми «Ысык-Көл» аба майданы болсо туризмге багытталып, эл аралык стандартка жооп берет.

Депутат Махабат Мавлянова эл аралык “Манас” аэропортунун эң эле жетишкен ийгилиги же ири долбоору бул – күтүү залдарын кеңейтүү болууда деп белгиледи. Бирок ал авиатармактын башында кесипкөй менеджерлер эмес агроном-ветеринарлар отургандыктан, абал өзгөрбөй жатканын айтып, өкмөт бул маселе боюнча ойлонуп, чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.

-«Манастын» коммерциалык директору УКМКда иштеген, Жарандык авиациянын директоруда УКМКда, Оштогу аэропорттун башчысы юрист, агроном. Булар кантип авиа тармакты түшүнмөк?

Ошондой эле эл өкүлдөрү кызматкерлер айына 120 миң сомго чейин маяна аларын, авиакеросин жеткирүүдө да бир топ маселелер бар экенин кошумчалашты. Андыктан жумушчу топ түзүп, аэропорттун финансылык-чарбасын да текшерүү керек деген сунуштар  берилди.

Эл өкүлү Улукбек Ормонов өнүктүрүүгө деп бөлүнгөн каражаттар максатсыз коротулганына нааразычылыгын ортого салды. Маселен аэропортко 21 млн сомдук шлагбаумдар коюлуп, кийин алар алынып салынган.

-Аэропорттордо курулуштар жүргүзүлүп эле жатат. Бирок канчалык кереги бар деген суроо жаралат. Ошондуктан жумушчу топ түзүлүп, каржылык жагын карап чыгышыбыз керек.

Ал эми депутат Тынчтыкбек Конушбаев “Ош” эл аралык аэропортун өнүктүрүүнүн ордуна Отуз-Адырга жаңы аба майданын куруу пайдалуу да, арзан да түшөрүн айтты.

Мына азыр сиздер күтүү залын кеңейтүүгө, учуп-конуу тикесин оңдоого жана башка реконструкцияларга көп каражат талап кылынат деп жазып жатасыңар. Сиздер билгендей, “Ош” аба майданынан Өзбекстандын аймагы аркылуу конот эмеспи, бул биз үчүн кооптуу да, туурабы. Анда эмне үчүн бул аэропортко каражат салып жатасыңар, мен эч түшүнбөй турам. Андан көрө Отуз-Адырдагы бөлүнгөн жерге аэропорт курууну демилгелебейсиңерби. Менин угушумча инвесторлор деле чыгып жатыптыр.

Мындан тышкары, жыйын жүрүшүндө “Кыргызстан аба жолдору” мамлекеттик компаниясынын банкротко учурашы боюнча да сөз болду. Учурда абалы андан да оор авиакомпаниялар киреше менен иштеп жатканы айтылды. Эл өкүлү Калдарбек Баймуратов болсо Жалал-Абадга авиабилеттердин баасы кымбат болуп жатканына нааразычылыгын билдирди.

Билеттер кымбат болгон үчүн учактар жарым жартылай толуп учуп жатат. Билеттин баасы 3000-4000 сом. Толбой жатса, билеттерди арзандатпайсыңарбы. Карапайым эл силердей болуп, 120миң сом маяна албайт.

«Кыргыз концепт» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев аймактардагы аэпорттор борбордук бийликтен көз каранды экенин айтып, өнүгүүгө шарты аз дейт.

Анын пикиринде, борбор баардык аймактардагы аэропортторго бирдей көңүл буруп, жетише албайт. Андан көрө аба майдандарга эркиндик берсе, өз алдынча өнүгүүгө шартты түзүп алышат.

Аймактардагы аэпортторду мыкты деп айта албаймын. Оштогу аба майдан акыркы жылдары оңоло баштады. Анын тартиби менеждментке иргелиши керек. Инфраструктуралык жагынан мурдакыга салыштырмалуу оңолгон нерселерин байкадым. Бул дагы деле жетиштүү эмес. Ош анданда жакшы шарттарга татыктуу.

Жыйынтыгында тармактык комитеттин депутаттары учактардын санын көбөйтүп, аймактарга учуруу боюнча алгылыктуу иштер жүрүшү керектигин белгиледи. Аны менен бирге башка бир катар сунуштар менен Мамлекеттик мүлк фондусунун директорунун маалыматын эске алуу чечимине келишти.

Белгилей кетсек, «Манас» аба майданы жылына 2 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлейт. Анын дээрлик тең жарымын ички каттамдагы рейстер түзөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache