Шашылыш кабар:

Босого: Коомдун өнүгүүсү үчүн жасалган иштер жихадка кирет

Босого: Коомдун өнүгүүсү үчүн жасалган иштер жихадка кирет
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку чыгарылышында “Дил азык” басмаканасынын жетекчиси, теолог Осмон уулу Алмамбет ажы жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Ормон Жаныбеков менен жихад, террорчулук жана адам укуктары тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Жаныбеков:

Экстремисттик болуп саналган иштер…

Экстремизм коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын менчигинин түрүнө карабастан, дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын өлкө коопсуздугун бузууга; Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузууга; бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алуута же ээлеп алууга; мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн түзүүгө; террористтик аракеттерди жүзөгө ашырууга; расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга; улуттук ар-намысты кемсинтүүгө; идеологиялык, саясий, расалык, улуттук жүйөөлөр же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча же душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого уурдап, талап-тоноого; динге, социалдык, расалык, улуттук (этностук), диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого, пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттери экстремисттик болуп саналат.

Биздин башкы максат жарандардын эркиндигин сактоо, аларга чектөө коюу эмес…

Кыргызстан — динден сырткаркы, укуктук мамлекет. Мындайда өлкөнүн бардык мыйзамдыр сакталышы зарыл. Айрымдар мыйзамга баш ийгиси келбейт. Ар бир жаран дин карманууда эркин. Мыйзам баарына бирдей. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мыйзамдардын негизинде диний деп эсептелен уюмдарга экспертиза жүргүзөт. Бул комиссиясынын функциясында диний уюмдарды, диний багыттагы объекттерди өлкөдө диний иш жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын жана чет өлкөлүк жарандарды, республикада иштеген диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу; диний багыттагы объекттерди куруу үчүн жер участокторду бөлүүнү макулдашуу; мамлекеттик жана соттук органдардын суроо-талаптары боюнча өз компетенциясынын чегинде сунуштарды, консультацияларды жана расмий эксперттик корутундуларды берүү; диний уюмдарга мамлекеттик органдар менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик органдардын чечимин талап кылган маселелер боюнча зарыл жардамды берүү маселелери каралаган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өлкө мыйзамдарынын чегинде иштейт. Мыйзамдар жарандардын дин кармануу эркиндигин да камсыздайт. Биздин башкы максат жарандардын эркиндигин сактоо, аларга чектөө коюу эмес.

Алмамбет ажы:

Кудайдын ыраазычылыгы үчүн аткарылган иштер жихад болуп эсептелет…

Тилекке каршы, “Жихад” сөзүн дин жөнүндө ыйык согуш деп түшүнгөндөр арабызда арбын кезигет. Бул сөздүн  этимологиясына токтоло турган болсок, ал арабчада үч тамгадан турган этиштен келип чыккан. Кыргыз тилине тикелей которгондо, сөздүк маниси “адамдын өздүк энергиясын, мүмкүнчүлүгүн акыркы чекке чейин колонуу” же болбосо “кандайдыр бир максатка жетүү үчүн барык мүмкүнчүлүгү менен аракет кылуу, тырышуу” дегенди билдирет. Ал эми диндеги термин катары Пайгамбарыбыз (сав) келгенге чейин эле болгон. Болгону Пайгамбарыбыз (сав) келген соң “жихад” сөзүнө көптөгөн маанилер жүктөлдү. Ыйык согуш деген түшүнүк аталган сөздүн акыркы катарындагы маселе. Кудайдын ыраазычылыгы үчүн аткарылган бардык иштер жихад болуп эсептелет. Башкача айтканда, бир адам өз сөзү, тили, кыймыл-аракети, жүзүндөгү жылмаюсу, жазган китеби, үй-бүлөсүнө берген тарбиясы менен коомдун алдыга жылышы үчүн сарпталган бардык иштер жихадка кирет. Болгону ал иштер Аллахтын ыраазчылыгын көздөп аткарылуусу абзел.

Жихад чоң жана кичине болуп бөлүнөт…

Пайгамбарыбыз (сав) белгилегендей жихад чоң жана кичине болуп бөлүнөт. Ал (сав) бир согуштан кайтып келе жатып сахабаларга “биз кичине жихаттан кайтып, эми чоң жихатка карай беттендик” деп айткан. Бул кандай экенин жалпы дин аалымдары Куран, сүннөт, хадистердин далили менен чечмелеп келишкендей, жихаттын ички жана сырткы эки багыты бар. Адамдын ички багытына, тагыраак айтканды молардык тарбиясын көзөмөлдөп, жаман  сезимдерди жою – күрөштүн эң чоңу. Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун “Аамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген сөзүндө ушул маани жатат. Пайгамбарыбыз (сав) айткан чоң жихат менен күрөшүү эң кыйын маселе. Эгер адамдын ички дүйнөсүндөгү маселелер чечилсе, адам катары жакшы калыптанганда гана сыртка жихатка даяр болот. Сырткы жихат ички жихатка караганда салыштырмалуу кичине экени айтылат. Болбосо ал да зор маселе. Мисалы, бир адам өз чөйрөсүнө сиңире турган эмгеги болушу керек. Кудай адамдарды жеке өзүмчүл бол деп жараткан эмес. Кудайдын ыраазчылыгы үчүн жасалган аракетер — сырткы же болбосо кичине жихад. Ал эми согуш жихаддын ичиндеги акыркы маселе. Аны согуш деп эсептөө чоң жаңылыштык. Мисалы, бирөө куралчан ыйык согушка аттанды же дин үчүн согушту деген нерсени жихад деп эсептөө – батыштын түшүнүгүнөн келип чыккан маселе. Алсак, ар бир диндин, цивилицациянын өзүнө жараша калыптанган көз караш, түшүнүктөрү болот. Мисалы, христиан дининде “Кудайдыкын Кудайга, адамдыкын адамга бер” дейт. Ал эми Исламда баары Аллахтыкы, Анын буйругу болбосо кумурсканын да буту сынбайт. Ар бир несени Жараткандын ыраазычылыгы үчүн жасоого буюрат.

Исламда диний ыйык согуш деген нерсе жок…

Батыштын тарыхын карай турган болсок, кресттүүлөрдүн чабуулу деген сыяктуу протестанттар менен католиктердин ортосунда кандуу согуш жүргөн. Андан 30-40 млн адам кырылган. Бул Батыш дүйнөсүндө ыйык согуш деген ат менен алып барылган. Дал ошол ыйык согуштун же кресттүүлөрдүн чабуулунун түшүнүгүнөн улам “жихад” маселесин куралдуу согуш деген түшүнүк келип калды. Албетте, куралдуу согуш аталган сөздүн маанисинде бар, бирок адамдын ичине караталыган чоң жихад түбөлүктүү нерсе, ал адам өлгөнчө уланат. Кичине жихаддын ичиндеги куралдуу согуш болсо белгилүү мезгилде шарттарга жараша болот. Мисалы, өлкөгө сырттан душмандар чыбуул коюп келген учурда, башка топтор кыйынчылык тартып, зулумга учурап жаткан учурда же болбосо адамдын жашоо эркиндигине коркунуч туулуп жаткан учурларда душмандын чабуулана айрым учурда курал менен да каршы чыгууга туура келет. Бул шарттуу түрдө, айрым учурда боло турган согуш. Буларды бөлүп кароо зарыл. Исламда диний ыйык согуш деген нерсе жок.

Жихаддын да талаптары бар…

Анткени террористтик топтор же жеке адамдарды коркутуп бейкүнөө жарандардын канын төккөн абалдар дүйнөнүн ар кандай жеринде диндеги жана динсиз адамдарда да болуп келген. Ислам террроризми деген сөз таңууланып, ылайыксыз айтылган. Анткени Ислам тарыхын карасак, Пайгамбарыбыздын (сав) доорунда шартка байланыштуу айрым согуштар болгон. Шартка байланыштуу дегенде ошол доордо мусулмандарды жашатпай алардын ишеним, жашоо эркиндигин жок кылуу аракеттер болгондуктан, экинчиден, аларды өз жеринен бейкүнөө сүрүп чыгып, журт которууга мажбур кылуу менен гана токтолбостон кеткен соң өмүр бою тапкан тергенин, мал-мүлкүн талап алган бутпарастар болгон. Мусулмандарды жок кылуу боюнча аракеттер болгондуктан эң акырында Куранда айтылгандай, мусулмандар зулумга, басынтууга жолуккандыктан Кудай согуш ачкандарга жооп кайтарууга уруксат берген. Демек Пайгамбарыбыздын (сав) өмүрүн карай турган болсок, анын басып өткөн жолунда жетимишке чукул ар кандай куралдуу жана башка күрөштөр болгон. Алардын ичинде өлгөн адамдардын саны 4 жүзгө жетпейт. Бул мусулман жана мусулман эместердин жалпы саны. Андан сырткары, кичине жихадда да талаптары бар болчу. Алсак, жаш балдарды, аялдарды, карыларды, диний адамдарды өлтүрүүгө тыюу салынган. Жаныбарлырды өлтүрүүгө, бактарды кыюуга, үйлөрдү бузууга мүмкүн эмес эле. Күрөштөр 10 түрдүү эреженин негизинде жүргөндүктөн кан төгүү аз болгон. Бул жерде бир гана коргонуу маселеси бар эле. Ислам тарыхында терроризм, башкалардын канын төгүү деген нерсе болгон эмес. Азыркы заманда мусулмандар жашаган аймакта согуштун өртү көп тутанып, террористтик аракеттер башка элдерге караганда көбүрөөк болуп жатат. Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Ислам дини башкалардын канын төгүүгө, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө уруксат берген эмес.

Коомдогу жаатташуунун алдын алуу үчүн сабырдуулук, толерантуулук керек…

Экстремизм болбогон уюмдар жашыруун адабият колдонбойт, иш-аракеттерин жашыруун өткөрбөйт. Кайсыл бир уюмдун экстремисттик экенинен шектенсе, дин аалымдарынын сурап билсе болот. Мамлекетте дин эркиндиги болгону үчүн динди тандоого мүмкүнчүлүк алышат. Адам өз каалоосу, эрки менен дин тутунат, аны мамлекет да колдоп берүүдө. Мусулман катары кыргыздын улуттук-салт санаа, баалуулуктарын колдойбуз. Мусулмандын кийими деген нерсе жок, улуттун гана кийимдери болот. Коомдогу жаатташуунун алдын алуу үчүн сабырдуулук, кеңпейилдүүлүк, толерантуулук керек. Башка улуттун кийимин кийсе да элге жамандык кылбаганы негизги нерсе. Америкалышып, европалашып жактан кыздарга унчукпай эле оронгон кыздардын киймине асылуу сабырсыздыктын белгиси. 1945-жылы Янонияда атомдук жардыруудан улам 240 миң адам өлсө, Алла элчисинин (сав) пайгамбарлык милдетин аткарган 23 жылдын ичинде төрт жүзгө жакын киши каза болгон. Бул жерден терроризмдин түбү кайда жатканын, бейкүнөө адамдарды өлтүрүү деген нерсен кайдан келгенин көрсөк болот. Улуу аалым Ф.Гүлендин “Террорист мусулман болбойт, мусулман терррорист болбойт” деген теориясы бар. Демек, терроризм, экстремизмди Ислам динине, мусулмандарга жабыштыруунун кереги жок. Туура эмес түшүнүктөр Исламга таңууланып келди. Куран жана хадистерден алып айтканда Исламдын терроризмге тиешеси жок.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache