Шашылыш кабар:

Министр: «Энактус» жаштардын тажрыйба алуусуна чоң мүмкүнчүлүк берет

Министр: «Энактус» жаштардын тажрыйба алуусуна чоң мүмкүнчүлүк берет
Экономика
0

Студенттерди ишкердикке багыттаган «Энактус Кыргызстан» улуттук сынагы жыйынтыкталды.  Ага Кыргызстандын ЖОЖдорунан  жалпы  24 команда катышты. 

Бул 3-долбоорубуз. «Шырдак пазл» деп аталат. Мында биз Нарын районунун Таш-Башат айылын алганбыз. Ал жерде 2841 адам жашайт. Ошонун 237си гана иштейт. Калганы жумуш менен камсыз болгон эмес. Анын ичинен 993ү аялдар. Энактустун алкагында биз дагы ушундай жумушсуз адамдарга жардам бергибиз келди. Бул жерде аялдар чогулуп  улуттук буюм-тайымдарды жасап чыгышат. Ошентип биз аз да болсо жумуш орундарын түзүп жатабыз.

Бул Нарын Мамлекеттик Университетинин экинчи курсунун студенти Венера Нурдинова. «Энактус Кыргызстан» улуттук сынагына эки жылдан бери катышып келет. Бул жылы Нарын студенттери үч стартап долбоорду алып келишти. Алардын дээрлик баардыгы аймактагы жумушсуздукту жоюуга  багытталган. Себеби тоолуу аймакта жергиликтүү эл азыраак мал күткөнү менен аялдардын арасында жумушсуздук көп.

Ал эми Ала-Тоо университетинин студенттери быйыл «Карагат» жана «Кызылча» долбоорлорун таймашка алып келишкен. Эки башка аймактагы бул долбоорго каражат бөлүнүп, бир канча үй-бүлө карагат жана кызылчалуу болушту. Эми аны багып, натыйжалуу түшүм алуу боюнча жергиликтүү жашоочуларга маалыматтар берилип жатат. Бул ыкма эстафета ирээтинде улантуу студенттердин негизги планы экенин «Энактус Ала-Тоо» командасынын капитаны Абай Дамиров бизге айтып берди.

«Кызылча» долбоорубуздун алкагында Чоң -Кемин айыл өкмөтүндө  20 үй-бүлөгө жардам берип, 12 га отургуздук. Ага 7 млн сом каражат жумшадык. Мындан башка «Карагат» долбоорубузду Нарында «Элим барсыңбы?» Коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте алты үй-бүлөгө каражат сатып бердик. Азыр карагатты өстүрүп, мол түшүм алуунун жолдорун тренингде айтып берип жатабыз.

Быйылкы жылы «Энактус Кыргызстан» Улуттук сынагына республика боюнча Жогорку окуу жайларынан 33 студенттик команда катышты. Сынактын алкагында идеялар долбоор ирээтинде бышыкталып, ишке ашырууга көмөк көрсөтүлүп жатканын Энактус Кыргызстан уюмунун мүдүрү Гулбарчын Сүйүнова айтты.

Бүгүнкү иш чарага 33 студенттик команда катышып жатат. Кыргызстандын алты аймагынан келишти. Негизи биздин уюм жалаң гана студенттик командалар менен иштейбиз. Бирок университеттин админстрациянын жардамы менен долбоорлорду андан ары өнүктүрүп, иштеп кетишине жардам беребиз.  

Улуттук сынакта биринчиликти Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин студенттери багындырса, экинчи жана үчүнчү орунду Ала-Тоо жана Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академия алган.

Эми биринчи орунга жеткен команда АКШда өтө турган бүткүл дүйнөлүк сынакка өз долбоорун алып барышат. Бул өз кезегинде студенттердин тажрыйба алмашуусуна чоң түрткү берип жатканын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева  айтып берди.

-Энактус татыктуу иш менен камсыз кылып, ишкердикти жүргүзүү үчүн кесиптик жөндөмдөргө ээ болгон жаштардын катарын көбөйткөнгө чоң салым кошуп жатат. Улуттук экономикабыздын өнүгүшүнө дагы  эбегейсиз салымы бар деп айта алам. Ааламдашуу шартында жаштардын тажрыйба алмашып, такшалуусуна эң чоң мүмкүнчүлүк.

Эскерте кетсек, студенттер арасындагы ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган Энактус долбооруна жыл сайын  дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн студенттер өз долбоорлорун сунуштап келет. Ага 70 миң студент катышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache