Шашылыш кабар:

Субанбеков: Жунушалиев Бурулайдын өлүмү боюнча ишти аягына чыгарат

Июнь 4th, 2018 | by Бахар Хакимова
Субанбеков: Жунушалиев Бурулайдын өлүмү боюнча ишти аягына чыгарат
Күн чекит
0

19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын окуясы президентке жетти. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, жаш кыздын өлүмүнө жол бергендерди катуу жазалоону тапшырды. Ал арада Ички иштер министрлигинин ички кызматтык иликтөөсү аягына чыгып, баш-аягы 23 милиция жазаланганы белгилүү болду. Бурулайдын бейажал өлүмү Кыргызстанда гана эмес дүйнөлүк Массалык маалымат каражаттарынын талкуусуна түштү. Коомчулук милициянын шалаакылыгына нааразы болуп жатышат. Ушул теманын айланасында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Бакирдин Субанбековго суроо узаттык.

Марал: Сиздин оюңузда, 19 жаштагы кызды ала качуунун себебинен, болгондо да милиция бөлүмүндө каза болушунда милициянын түздөн түз кандай күнөөсү бар? Алар кандай реакция кылышы керек эле?

Бакирдин Субанбеков: Бул жерде милициянын түздөн-түз күнөөсү бар. Бири кармап келди, экинчиси ошол жерде териштирип жатты. Кармалып келген баланын чөнтөк башын карап, абдан кылдат мамиле кылыш керек эле. Мен кирип чыгайын десе эле кое бербеш керек болчу. Ошондуктан бул жерде милиция кызматкерлеринин иш аракети туура эмес болуп калды.

Марал: Бул жерде шалаакылык эле болдубу же атайын эрежелер менен кармашы керек беле?

Бакирдин Субандбеков: Шалаакылык эле болуп калды. Эгерде учурунда карап, тинтип жакшы текшерсе баланын жанында бычак бар экени билинмек да. Негизи милиция кызматкерлери ар бир жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизгенде дыкат тинтүү жүргүзөт. А булар шалаакылык кылды, ошонун негизинде ушундай жаман окуя болуп кетти.

Марал: Бул окуя жалпы кыргыз милициясына көлөкө түшүрө алабы?

Бакирдин Субандбеков: Кыргызда айтылгандай “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей эле милициянын баары эле мындай шалаакы эмес. Арасында өз ишин мыкты аткарбагандардын айынан жарандарыбыз ушундай жаман абалга туш болуп калып жатат.

Марал: ИИМ Кашкарбек Жунушалиев кыздын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара колдонулуп, анын ичинен айрымдары жумуштан алынаарын айтып жатат. Президент дагы катуу жаза көрүүнү тапшырды. Бирок маселе кызматтан алуу менен эле чечилеби?

Бакирдин Субандбеков: Кызматтан алуу менен эле чектелбеш керек. Айрымдары жоопко да тартылышы керек. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тажрыйбалуу жетекчи. Башка милицияга сабак болушу үчүн колдон келген чараны көрөт деп ишенем. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы күч кызматкерлерине бул окуяга карата катуу жаза көрүүнү тапшырды.

Марал: Бул маселеге коомчулук катуу реакция кылып, социалдык тармактарда нааразылык билдиршип, өз алдынча кечирим сурашып айгай салып жатышат. Ошондон кийин гана бийлик реакция кылды. Бирок кеч эмеспи, мисалы эмне себептен ошол эле парламентте каралган жок?

Бакирдин Субандбеков: Жок эми, бул ишти күч органдары карап жаткандан кийин бардык эле органдар аралаша бергени болбойт. Муну ИИМ өз көзөмөлүнө алды. Министрликтин тийиштүү мыйзамдары бар, ички текшерүү кызматы бар, алардын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен чара көрүлөт деген ойдомун.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache