Шашылыш кабар:

Орозова: “Бурулайдын окуясы, мыйзамдар иштебей жатканын ачыктап койду”

Июнь 4th, 2018 | by Канай Анаркулов
Орозова: “Бурулайдын окуясы, мыйзамдар иштебей жатканын ачыктап койду”
Күн Чабыт
0

Ала качуунун артынан милициянын мекемесинде каза болгон  Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча мамлекет башындагылар кайрылуу жасабаганы же кандайдыр пикирин билдирбегени коомчулукта сындалып жатат. Мындай жан кейиткен окуя милициянын мекемесинде болуп жатса да президент же өкмөт башчы реакция кылбай,  көз жумган селкинин жакындарына көңүл айтып да коюшкан жок дегендер социалдык тармактарды каптады. Мына ушул теманын айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова менен маектештик.

Бул маселеге олуттуу көңүл бурулбай жатканы коомчулукта сынга алынып жатат. Сиздин оюңузча бийлик башындагылардан кандай реакция болушу керек?

Өтө өкүнүчтүү окуя болду. Кызыбыз 18 жаштан ашканы менен бала бойдон эле. Мамлекет ар бир баланы өз камкордугуна алышы керек. Кайдыгерлик болгон жок. Биз парламент депутаттары, аялдар форумунун ичинде карап чыктык. Алдыда да бул маселени көтөрүп чыгайын деп жатабыз. Ал эми президент, өкмөт, депутаттар эле эмес ар бир адамдын жүрөгүнө бул окуя  катуу тийди. Ошондуктан коомчулук жапырт көтөрүлүп, сын-пикирлер көбөйүп жатат. Бийлик башындагылар ачык айтып чыпаса да, өздөрүнүн аппараттарына тиешелүү тапшырмаларды бергендир. Ошол эле Ички иштер министри ишти жеке көзөмөлүнө албадыбы.

Жарандардын коопсуздугун камсыздай турган милиция бөлүмүндө адам өмүрү кыйылып жатканы коомчулукту нес кылып койду. Бул милициянын чабалдыгынан кабар береби?

Чындыгында укук коргоо органдарынын шалаакылыгы болду. Биздин мыйзамда кыз ала качуу кылмыш деп жазылган. Милиция кызматкерлери болсо, ошол кылмышкерди кармап, аны алып келгенде текшербей туруп кыз менен бир бөлмөдө калтырып койгон. Бул Ички иштер министрлигиндеги реформа алсыз болуп жатканын дагы бир жолу ачыктап койду. Мен ошол реформаны көрө албай жатам. Себеби жакында эле Баткенде милициянын мекемесинен 50 метр аралыкта жайгашкан үй-бүлөнү бычакап кетишкени да эске түшту. Мен милиция жаман дебейм. Алар бизге керек. Бирок, чыныгы милиция, тандоодон өткөн, кыраакы, кесипкөй адистер керек. Бул окуяга тиешеси бар укук коргоо органдары жазасын алышы керек.

БУУ, ЮНИСЕФ, «Human rights watch» эл аралык уюмдары баш болуп бул маслени көтөрүп жатышат. Негизи бизде кыз ала качууга мыйзам менен тыюу салынбады беле. Бирок, ал дагы эле токтобой, аягы мына өлүм менен аяктагандары да болууда. Биз мындан кандай сабак алып, эмне кылышыбыз керек?

Кыз ала качууга мыйзам менен тыюу салынгандан бери андай көрүнүштөр азайды. Бирок токтогон жок. Бул биз аракет кылып жатканыбыз менен акыркы натыйжасы жакшы болбой жатканынан кабар берет. Мына ушул натыйжасын карап, башкача айтканда мыйзамды кабыл алып эле койбой аны иштетишибиз керек. Адамдардын аң сезимин, идеалогиясын өзгөртүүгө басым жасап, балким эң зарыл деген мыйзамдарды мектептен да окутуп башташ керек.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache