Шашылыш кабар:

Зидан Катар курама командасын машыктырат

Июнь 3rd, 2018 | by Канай Анаркулов
Зидан Катар курама командасын машыктырат
Дүйнө кабарлары
0

Жакында эле кызматынан кеткен «Реал Мадрид» клубунун башкы машыктыруучусу, француз футбол адиси Зинедин Зидан эми Катар курама командасын 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына даярдайт. Бул тууралуу Египеттик ишкерНагиб Савирис билдирди.

Белгилүү ишкер  өзүнүн Твиттер баракчасына “Зинедин Зидан Катар курама командасын 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына даярдайт. Анын айлыгы жылына 50 миллион евро катарында белгиленди. Ал эми келишим 4 жылга эсептелген” деп жазган.

Айта кетсек, 2016-жылы 4-январда француз адиси “Реалдын” башкы машыктыруучусу аталган. Анын жетекчилиги астында команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун,бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache