Шашылыш кабар:

Дүйшөбаев: Шадиевди чыгаргандар жооп бериши керек

Дүйшөбаев: Шадиевди чыгаргандар жооп бериши керек
Күн чекит
0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевге издөө жарыялады. Атайын кызмат билдиргендей Шадиев Кыргызстандын чек арасын Баткен облусу аркылуу мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстан аркылуу Орусияга андан ары Нью-Йоркко кеткен. Шадиевдин сыртка чыгып кетиши жана анын айланасындагы кайчы пикирлер боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев менен маектештик.

Марал: Атайын кызматтын маалыматында Аскарбек Шадиев Баткен облусу аркылуу Тажикстанга өтүп Орусияга андан ары АКШнын Нью-Йорк шаарына кеткен экен. Шадиевдин чек араны ушундай мыйзамсыз жол менен кесип өткөндүгү боюнча УКМКнын расмий маалыматына ынандыңызбы?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Мен буга ынанган жокмун. Биринчиден Аскарбек Шадиевге иш козголгондо эле ал чек арадан мыйзамсыз өтүп, чет мамлекетке качып кеткендиги тууралуу эл арасында да, укук коргоо органдарынын арасында да кеңири сөз болгон. Мени таң калтырганы тиешелүү күч органдары ушуга чейин «Шадиев кеткен жок. Кыргызстанда эле жүрөт, күнөөсү болсо жоопко тартылат» деп элди жооткотуп келди. Эми бир ай өткөндөн кийин ал өлкөдөн чыгып кеткенин моюнга алууга мажбур болушту. Албетте бул факты боюнча абдан тыкыр кызматтык иликтөө жүргүзүлүшү керек. Мындай коррупционерлерди чыгарган кызматкерлерге катуу чара көрүлүшү керек деп ойлойм.

Марал: Аскарбек Шадиев жөн киши эмес да. Ири ишкер, бийлик менен иштешип келген чиновник. «Анын Кыргызстандан чыгып кетишине учурдагы бийлик жол ачып берди» деген сөздөр канчалык чындыкка жакын?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Мунун баары тыкыр иликтенип анан айтылса туура болот го деп ойлойм. Экинчиден бул тууралуу элдин арасында да көп сөз болуп жатканы белгилүү. Анткени учурунда «коррупцияга» айыпталган депутат болобу, мамлекеттик кызматкер болобу дароо камакка алынып, жоопко тартылган. Арасында Ахматбек Келдибеков, Канатбек Исаев, Карганбек Самаковдор бар. А эмне үчүн Аскарбек Шадиевге, мурунку премьер-министр Сапар Исаковго, Бажынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовго «коррупция» деген эң оор берене менен күнөө коюп жатат дагы камакка алышпайт. Ошондуктан коомчулукта коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жатат деген сөздү айтууга негиз бар деп эсептейм.

Марал: УКМКнын маалыматында Шадиев Нью-Йоркто экен. Эми Аскарбек Шадиевди өлкөгө алып келүүгө мамлекеттин кудурети жетеби?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Эгерде азыркы бийлик бул ишке чындап белсене киришсе сөзсүз алып келсе болот. Мисалы коррупцияга айыпталган Бекбосун Кыдыкбаев деген аксакалды Америкадан кармап алып келишкен. Эмне үчүн  Аскарбек Шадиевди да алып келгенге болбосун. Эгерде катуу киришсе алып келүүгө мүмкүн.

Марал: Сиз «Шадиевдин сыртка чыгып кетишине күнөөлү адамдар жооп бериши керек» деп жатасыз. Жоопкер тараптар кимдер болушу керек?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Биринчиден Шадиевдин иши боюнча текшерүү иштерин жүргүзгөн ыкчам кызматкерлер жана тергөөчүлөр. Мындайча айтканда Улуттук коопсуздук комитети. Менин оюмча УКМКнын жаңы жетекчиси белсене киришип, президент койгон талаптарды аткарууга аракет кылып жатат. Бул жагынан аларга күнөө коё албайм.

Марал: Шадиевдин ишинде саясий соодалашуунун эпикини билинген жокпу?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Андай дагы болушу мүмкүн. Андыктан анын бардыгы текшерилиши керек. Эгерде Сооронбай Жээнбеков өзү айткандай тууганына дагы карабай, ээлеген кызматына дагы карабай баардыгы мыйзамдын алдында жооп бере турган болсо анда кандай гана адам болбосун жооп бериши керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache